https://sputnik.kg/20261025/1104506142.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда 1 560 чакырым жолго асфальт төшөлдүТрамп Иранга жаңы чабуул коюлушу ыктымалдыгын айттыЖапаров Чаткалдын тургундарынын суроолоруна жооп берди 25.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-25T15:00+0600
2026-10-25T15:00+0600
2026-10-25T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104505976_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e56c236eb86b49e99a97cd6e32f6163e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанда 1 560 чакырым жолго асфальт төшөлдүТрамп Иранга жаңы чабуул коюлушу ыктымалдыгын айттыЖапаров Чаткалдын тургундарынын суроолоруна жооп берди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. Жашоочулар транспорттук каттамдар, жолдордун абалы, турак жай менен камсыздоо, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана жумуш орундарын түзүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле мүлктүк талаш-тартыштарга, кылмыш иштерин иликтөөгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды социалдык жактан колдоого байланыштуу кайрылуулар айтылды. Президент тиешелүү ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына транспорттук каттамдарды уюштуруу, жол инфраструктурасын жакшыртуу, турак жай куруу жана суу менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү чечүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. Инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
2026-жылдын тогуз айында республика боюнча 1 560 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы 802, 2025-жылы 1 545 чакырым жол курулган эле. "Өлкөдө аймактарды байланыштырып, жол жүрүүнү ыңгайлуу кылган долбоорлор ишке ашууда. Алардын катарына Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Сафаровка – Барпы жолдору жана Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу кирет", — деди өкмөт башчы. Маалыматка караганда, учурда Кыргызстандагы автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң чакырымга жакын.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды Буга Иран дипөкүлчүлүктөрүнүн соцтармактарда Самаркандды перс цивилизациясынын бир бөлүгү деп атаган билдирүүсү себеп болгон. Өзбекстан тарап Ирандан бул билдирүүлөрдү өчүрүүнү жана келечекте мындай көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды. Коңшу республиканын ТИМи Иран менен мамилелерди жогору баалай турганын, бирок өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын бир тараптуу чечмелөөгө каршы экенин белгиледи.
Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын коло медалы үчүн күрөшөт Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалында кыргызстандык балбан түркиялык атаандашына 0:6 эсебинде утулду. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Буга чейин ал 77 килограммга чейинки салмакта күрөшүп келген. Коло байге үчүн беттеш 25-октябрда өтөт. Атаандашы азырынча аныктала элек.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен келишим түзүлбөсө, "Эпикалык каардануу" аттуу операцияны кайра жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн билдирди. Бул тууралуу РИА новости жазды. "Биз дагы бир чакан "Эпикалык каардануу" операциясын жүргүзүшүбүз мүмкүн. Же алар АКШ менен келишим түзүүгө макул болушат", — деген Трамп Флоридадагы тарапташтары менен жолукканда. Ал Ирандын бийлиги келишим түзүүгө макул болушу керектигин белгиледи. Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Тегеран да сокку урган. 5-майда АКШнын администрациясы "Эпикалык каардануу" операциясы аяктаганын билдирген. Бирок кийинчерээк тараптар кайрадан бири-бирине чабуул койгон. Учурда кармаш жөнгө салына элек.
Быйыл Кыргызстанда 1 560 чакырым жолго асфальт төшөлдүТрамп Иранга жаңы чабуул коюлушу ыктымалдыгын айттыЖапаров Чаткалдын тургундарынын суроолоруна жооп берди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. Жашоочулар транспорттук каттамдар, жолдордун абалы, турак жай менен камсыздоо, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана жумуш орундарын түзүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле мүлктүк талаш-тартыштарга, кылмыш иштерин иликтөөгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарды социалдык жактан колдоого байланыштуу кайрылуулар айтылды. Президент тиешелүү ведомстволорго жана жергиликтүү бийлик органдарына транспорттук каттамдарды уюштуруу, жол инфраструктурасын жакшыртуу, турак жай куруу жана суу менен камсыздоодогу көйгөйлөрдү чечүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. Инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2026-жылдын тогуз айында республика боюнча 1 560 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы 802, 2025-жылы 1 545 чакырым жол курулган эле. "Өлкөдө аймактарды байланыштырып, жол жүрүүнү ыңгайлуу кылган долбоорлор ишке ашууда. Алардын катарына Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Сафаровка – Барпы жолдору жана Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу кирет", — деди өкмөт башчы. Маалыматка караганда, учурда Кыргызстандагы автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң чакырымга жакын. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды Буга Иран дипөкүлчүлүктөрүнүн соцтармактарда Самаркандды перс цивилизациясынын бир бөлүгү деп атаган билдирүүсү себеп болгон. Өзбекстан тарап Ирандан бул билдирүүлөрдү өчүрүүнү жана келечекте мындай көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды. Коңшу республиканын ТИМи Иран менен мамилелерди жогору баалай турганын, бирок өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын бир тараптуу чечмелөөгө каршы экенин белгиледи. Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын коло медалы үчүн күрөшөт Астанада өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалында кыргызстандык балбан түркиялык атаандашына 0:6 эсебинде утулду. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 82 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Буга чейин ал 77 килограммга чейинки салмакта күрөшүп келген. Коло байге үчүн беттеш 25-октябрда өтөт. Атаандашы азырынча аныктала элек. АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен келишим түзүлбөсө, "Эпикалык каардануу" аттуу операцияны кайра жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн билдирди. Бул тууралуу РИА новости жазды. "Биз дагы бир чакан "Эпикалык каардануу" операциясын жүргүзүшүбүз мүмкүн. Же алар АКШ менен келишим түзүүгө макул болушат", — деген Трамп Флоридадагы тарапташтары менен жолукканда. Ал Ирандын бийлиги келишим түзүүгө макул болушу керектигин белгиледи. Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Буга жооп катары Тегеран да сокку урган. 5-майда АКШнын администрациясы "Эпикалык каардануу" операциясы аяктаганын билдирген. Бирок кийинчерээк тараптар кайрадан бири-бирине чабуул койгон. Учурда кармаш жөнгө салына элек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104505976_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3d4f8ae30067414c3403f31d59767d17.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио