https://sputnik.kg/20261025/1104502649.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү талаптары катаалдайтАКШ Россия менен келишип алып, Украинага катуу сокку урдуЖапаров ноокастын суранычы менен донор болчу... 25.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-25T11:00+0600
2026-10-25T11:00+0600
2026-10-25T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104502483_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_791a8bcf2ea81ca609f13cd08ec02613.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү талаптары катаалдайтАКШ Россия менен келишип алып, Украинага катуу сокку урдуЖапаров ноокастын суранычы менен донор болчу инисин түрмөдөн бошотмой болду
Президент Садыр Жапаров экстремизм боюнча соттолуп абакта отурган кишиге оорулуу агасына донор боло турганы үчүн ага ырайым берүү маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тиешелүү тараптарга тапшырдыБул мамлекет башчы Жала-Абаддагы Аксы районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуп жатканда болду. Анда аксылык киши абактагы инисине ырайым берүүнү суранганып, жагдайын түшүндүргөн. Анын айтымында, иниси Россияда экстремизм боюнча негизсиз айыпталып, быйыл Кыргызстанга экстрадицияланган. Ал жети жыл жаза өтөгөн, дагы үч жылы калган. Абактагы иниси агасына бөйрөгүн берүүгө даяр экенин айткан. Жапаров арыз жазууну сунуштап, тиешелүү кызматкерлерге маселени бир айдын ичинде чечүүнү тапшырды. Ошондой эле бөйрөк алмаштыруу операциясынын чыгымын мамлекет төлөп берерин эске салды. Президенттин айтымында, өлкөдө 4,5 миңдей адам гемодиализ алат. Ар бирине мамлекет жылына 15 миң доллардай коротот, ал эми бөйрөк алмаштыруу жана бейтапты калыбына келтирүү 7,5–8 миң долларга түшөт. Жолугушууда айтылган маалымат боюнча, төрт жылда 105 кишинин бөйрөгү алмаштырылган.
1-ноябрдан тартып кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү талаптары катаалдайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өз алдынча саякаттагандар визаны алдын ала дипломатиялык өкүлчүлүк аркылуу алышы керек жана Египеттин коопсуздук органдарынын макулдугу болушу шарт. Ал эми туристтик компания аркылуу баргандарга 16-40 жаштагылар атасынын, энесинин, аялынын, күйөөсүнүн же баласынын коштоосунда саякаттоого тийиш; ар бир саякатчынын жанында кеминде 3 миң доллар, ал эми чогуу саякаттаган үй-бүлөнүн жанында кеминде 5 миң доллар накталай акча болушу керек; ТИМ авиабилет сатып алардан мурда жаңы талаптарды жана сапардын шарттарын тактоону сунуштайт.
КМ бүгүн, эртең — 24-25-октярбда өлкөнүн аймагында үшүк жүрөрүн айтып, дыйкандарга эскертти. Облустар боюнча абанын Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин; Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда -3…-5 градуска чейин; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. "Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", — деп Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин Гидрометеорологиялык кызматы эскертти.
АКШ Россия менен келишимге барып, Украинага жаңжал башталгандан берки эң оор сокку урду. Бул тууралуу New York Times гезити жазды. Басылманын маалыматына караганда, Америка администрациясынын тынчтык орнотууга багытталган аракеттери Киевдин үмүтүн таш каптырды. Ал эми кечээ The Independent басылмасы Трамп менен SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Украинанын Россия менен болгон жаңжалда жеңишке жетишин каалабайт деп жазып чыккан. Эске салсак, октябрь айынын башында Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, дизелдик отун боюнча макулдашкан. Бул үчүн АКШнын Каржы министрлиги 7-апрелге чейин күчүндө болгон санкциялардын айрымдарын жумшарткан. Ал эми Россия өкмөтү дизелди экспортоого салынган тыюуну жарым-жартылай алган. Трамп белгилегендей, бул келишим АКШга гана эмес, бүткүл дүйнөгө зарыл. Кийинчерээк америкалык лидер жаңы жарлыкка кол коюп, Москвага каршы жаңы санкциялар мыйзамында каралган россиялык чиновниктерге, банктарга жана уюмдарга каршы рестрикцияларды колдонуудан баш тартты. АКШнын бул кадамы Украинага катуу тийген.
Кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү талаптары катаалдайтАКШ Россия менен келишип алып, Украинага катуу сокку урдуЖапаров ноокастын суранычы менен донор болчу инисин түрмөдөн бошотмой болду Президент Садыр Жапаров экстремизм боюнча соттолуп абакта отурган кишиге оорулуу агасына донор боло турганы үчүн ага ырайым берүү маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тиешелүү тараптарга тапшырдыБул мамлекет башчы Жала-Абаддагы Аксы районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуп жатканда болду. Анда аксылык киши абактагы инисине ырайым берүүнү суранганып, жагдайын түшүндүргөн. Анын айтымында, иниси Россияда экстремизм боюнча негизсиз айыпталып, быйыл Кыргызстанга экстрадицияланган. Ал жети жыл жаза өтөгөн, дагы үч жылы калган. Абактагы иниси агасына бөйрөгүн берүүгө даяр экенин айткан. Жапаров арыз жазууну сунуштап, тиешелүү кызматкерлерге маселени бир айдын ичинде чечүүнү тапшырды. Ошондой эле бөйрөк алмаштыруу операциясынын чыгымын мамлекет төлөп берерин эске салды. Президенттин айтымында, өлкөдө 4,5 миңдей адам гемодиализ алат. Ар бирине мамлекет жылына 15 миң доллардай коротот, ал эми бөйрөк алмаштыруу жана бейтапты калыбына келтирүү 7,5–8 миң долларга түшөт. Жолугушууда айтылган маалымат боюнча, төрт жылда 105 кишинин бөйрөгү алмаштырылган. 1-ноябрдан тартып кыргызстандыктар үчүн Египетке кирүү талаптары катаалдайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өз алдынча саякаттагандар визаны алдын ала дипломатиялык өкүлчүлүк аркылуу алышы керек жана Египеттин коопсуздук органдарынын макулдугу болушу шарт. Ал эми туристтик компания аркылуу баргандарга 16-40 жаштагылар атасынын, энесинин, аялынын, күйөөсүнүн же баласынын коштоосунда саякаттоого тийиш; ар бир саякатчынын жанында кеминде 3 миң доллар, ал эми чогуу саякаттаган үй-бүлөнүн жанында кеминде 5 миң доллар накталай акча болушу керек; ТИМ авиабилет сатып алардан мурда жаңы талаптарды жана сапардын шарттарын тактоону сунуштайт. КМ бүгүн, эртең — 24-25-октярбда өлкөнүн аймагында үшүк жүрөрүн айтып, дыйкандарга эскертти. Облустар боюнча абанын Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градуска чейин; Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда -3…-5 градуска чейин; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. "Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу", — деп Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин Гидрометеорологиялык кызматы эскертти. АКШ Россия менен келишимге барып, Украинага жаңжал башталгандан берки эң оор сокку урду. Бул тууралуу New York Times гезити жазды. Басылманын маалыматына караганда, Америка администрациясынын тынчтык орнотууга багытталган аракеттери Киевдин үмүтүн таш каптырды. Ал эми кечээ The Independent басылмасы Трамп менен SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Украинанын Россия менен болгон жаңжалда жеңишке жетишин каалабайт деп жазып чыккан. Эске салсак, октябрь айынын башында Россия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүп, дизелдик отун боюнча макулдашкан. Бул үчүн АКШнын Каржы министрлиги 7-апрелге чейин күчүндө болгон санкциялардын айрымдарын жумшарткан. Ал эми Россия өкмөтү дизелди экспортоого салынган тыюуну жарым-жартылай алган. Трамп белгилегендей, бул келишим АКШга гана эмес, бүткүл дүйнөгө зарыл. Кийинчерээк америкалык лидер жаңы жарлыкка кол коюп, Москвага каршы жаңы санкциялар мыйзамында каралган россиялык чиновниктерге, банктарга жана уюмдарга каршы рестрикцияларды колдонуудан баш тартты. АКШнын бул кадамы Украинага катуу тийген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/19/1104502483_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_158dfb3721645af3bbbc7b4ba60f2601.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио