Бойго бүтпөй... Аялзатын бүк түшүргөн гинекологиялык 14 дарт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүОбследование на коронавирус жителей Владивостока
Обследование на коронавирус жителей Владивостока  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Тажрыйбалуу гинеколог-дарыгерлер Кыргызстанда гинекологиялык оорулардын ичинен биринчи орунда жыныстык жол аркылуу жуга турган инфекциялар турарын билдирди.
Адистер буга башаламан сексуалдык жашоо себеп экенин, мындай илдеттер аял-эркекти бирдей тукумсуздукка кептей турганын эскертишти.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргызстандык кыз-келиндер көбүрөөк жабыркаган гинекологиялык оорулар тууралуу билди. Арасында жыныстык катнашка тиешеси жок башка олуттуу дарттар бар.

Хламидиоз

Жеке клиникалардын биринде акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Спираль койдуруу рак оорусун чакырабы? Акушер-гинеколог менен маек

Хламидиоз инфекциясы аялдын жатынын жабыркатса, эркектин урук безин сезгентет. Аял ооруса күйөөсү, күйөөсү ооруса аялы дагы дарыланышы керек. Болбосо кайра эле бири-биринен жуктуруп алышат. Кош бойлуу аял хламидиоз менен ооруган учурда дарыланбаса, оору балага өтүшү мүмкүн. Хламидия ымыркайдын ичегисин, өпкөсүн, муундарын жана көздөрүн жабыркатат.

Ооруда жыныстык мүчөдөн жагымсыз жыты бар суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт, ичтин ылдый жагы ооруп, заара ушатканда ачышып кыйналат. Бул илдет өтүшүп, өнөкөткө айланып калганда тукумсуздукка чейин алып келиши ыктымал.

Сифилис

Сифилис — жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оору. Ал теринин былжырлуу катмарын, ички органдарды, сөөктү жана нерв системасын жабыркатат. Сифилисти козгоочулардын аты трепонема деп аталат. Жатын кынына түшкөн трепонема жараны пайда кылат. Аялга оору жыныстык катнаш аркылуу, ал эми энеден балага түйүлдүк кезинде же төрөт маалында, кээде эмчек эмизгенде жугушу мүмкүн.

Гонорея

Гонореяны кыргызча сүзөк деп дагы атат жүрүшөт. Бул оору жыныстык катнаштан сырткары оорулуу адам колдонгон сүлгү, дене жышыгыч жана башка көп колдонгон буюмдардан жугат. Илдетти гонококк микробу пайда кылат.
Балага сүннөт жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн
Гонорея эркектерде аялдарга караганда көбүрөөк кездешет. Ооруда жатын моюнчасында жана заара чыгаруучу органдардан сары былжырлуу ириң агып, кычыштырып, ичтин асты оорутат. Гонококк бара-бара жатындан жатын түтүкчөлөрүнө өтүп, аны сезгентип, шишитип, түтүкчөнү бүтөп, тукумсуздукка алып келет. Жатындын жана анын түтүкчөсүнүн былжыр чели сезгенгендиктен аялдын бели жана ичинин төмөн жагы ооруйт. Андан ары сезгенүү процесси энелик безге өтүп, бойго бүтүрүүгө кыйынчылыктарды жаратат.
Гонорея өнөкөт түрүнө өткөндө суукка урунганда, өтө чарчаганда, этек кир келгенден кийин кайталап кармап турат. Сүзөк кээде ичегини, көздү жана кекиртектин былжырын да сезгентет.

Герпес

Ооруда жыныс органынын сыртына жана былжырына исиркектер чыгып, катып кургап калат. Дарыгерлер жараны кетирип бергени менен вирус адамдын организминде өмүр бою сакталат. Мындай оорулуулар төшөктөгү өнөктөштөрүнө ооруну жуктуруу коркунучу бар. Адистер ошол себептен ар ким менен эле жыныстык катнашка барбоого чакырып, оорудан сактоочу каражаттарды колдонууну сунуштайт.

Трихомониаз

Бул дарт Кыргызстанда аябай кеңири тараган. Аны менен аял да, эркек да ооруйт. Жыныстык мүчөдөн сары көбүктөнгөн суюктук чыгып, кычыштырып, заара кылууда оорутат. 
Иммунитет түшкөндө, гормоналдык бузулууларга учураганда жана жыныс мүчөсүнүн ичиндеги микрофлоралар бузулганда трихомониаз оорусунун өсүшүнө же пайда болушуна шарт түзүлөт.

Гарднереллез

Бул дарт эркектерден жугат, бирок аялдар жабыр тартат. Аз сандагы гарднерел ар бир дени сак аялдын жыныстык органындагы микрофлорада болот. Бирок гарднерел менен лактобактериялардын катнашы бузулганда оорунун белгилери сезилет. Ал негизинен жыныстык жол менен жугат. Илдет кош бойлуулук мезгилинде кесепетин тийгизет.

Кандидоз (молочница)

Беременная женщина. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
ВИЧ жугузуп алган келин: толгоом бышып турса да доктурлар албай кыйналдым

Адамдын организминде боло турчу кандидоз грибогу башка бактерияларга кошулуп көбөйүп кеткенде молочница оорусу пайда болот. Бул илдет гормоналдык дары-дармектерди көп колдонгондо, иммунитет төмөндөгөндө, кант диабетине тушукканда, стресстин кесепетинен жана жыныстык жол аркылуу жуккан оорулардан улам жаралат.

Оору процессинде жыныстык мүчөдөн быштак сымал жагымсыз жыты бар суюктук бөлүнөт да ыңгайсыздык жаратат. Айрым учурларда аялдардын дене табы көтөрүлөт. Аталган илдеттен убагында арылуу керек. Эгер айым кош бойлуу кезинде аталган илдет менен ооруп дарыланбай жүрө берсе, ал энеден балага өтөт.
Бул оору көбүнчө жаш кыздарда кездешет.

Вульвовагинит

Негизинен вульвовагинит менен өспүрүм курактагы кыздар көбүрөөк ооруйт. Илдетти ичеги таякчалары, гельминтоз (острица), экссудативдүү диатез, инфекция шарттайт.
Оору козголгондо кычышуу жаралат да ириң сымал суюктук бөлүнүп чыга баштайт. Гигиенаны жакшы сактап, жыныс органдарын таза кармоо кажет. Аталган ооруга чалдыгып калган учурда өз алдынча дарыланбастан, сөзсүз түрдө гинекологго кайрылуу зарыл. Дарыгер гана так диагноз коюп, дарылануу ыкмаларын сунуштай алат.

Цистит

Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта!

Эгер цистит болбойм десеңиз эң негизгиси бутуңузду жана белиңизди жылуу кармаңыз. Цистит жаңы башталганда табарсык тез толуп, бир күндө 10дон кем эмес жолу заара ушатууга туура келет. Заара тамчылап чыгып, сыздатып оорутат. Кээде заара менен ириң аралаш кан чыгып, дене ысыйт, оору табарсык туштан белге берилет.

Цистит күз, кыш, жаз мезгилинде көп кармайт, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгенишинен улам өнөкөт дартка чалдыктырат. Өз убагында дарыгерге кайрылуу оорудан тез сакайтат.

Миома

Миома — жатын булчуңдарынын залалдуу эмес шишик түрүндө пайда болгон оорусу. Жатынга, таманга суук тийгенде, бойдон алдырганда, гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болгондо, туура эмес тамактанганда, жыныстык жашоодон канааттанбаганда пайда болот.
Миома болгондо жатындан чыккан суюктук кан түрүндө келе баштайт, ал эми айыз маалында каны токтобой узак убакыт келет. Жамбаш сөөк, бел, бут ооруксунат, ичеги менен табарсык кысылат.
Миомада мончого түшүп, күнгө кактанууга болбойт. Ысык шишиктин чоңоюп кетишин өбөлгөлөйт.

Киста

Киста — ичи сары суу сымал суюктукка толгон шишик. Ал миомадан айырмаланып жатында эмес, жумурткада пайда болот. Аялдарда киста көбүнчө гормоналдык бузулууга учураганда, айыз эрте жашында келгенде, бойдон алдырууда, жасалма жол менен бойдон түшүргөндө, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болот.

Эндометриоз

Кескин дем алба, туура ыйына көр! Бала кантип төрөлөт. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2019
Кескин дем алба, туура ыйына көр! Бала кантип төрөлөт. Видео

Бул инфекциялык ооруларга кирбейт. Эндометриоздо жатындын былжырлуу катмарындагы клеткалардын (эндометрийлердин) жатындан тышкары башка органдарга да көчүп өсүп кетүүсү. Тагыраагы, клеткалар эн бездерге, жатын түтүкчөсүнө, жатын моюнчасына, жадагалса жыныс кынынын оозу менен көтөн чучуктун ортосуна, ичегиге, табарсыкка, киндикке жана башка жактарга өсүп кетет. Оорунун так себеби жок. Бирок бойдон алдыруу, төрөт учурундагы жаракаттарды, стресс, туура эмес тамактанууларды бирден бир себеп катары айтып жүрүшөт.

Ооруда этек кир келерде жана келип жатканда ич менен бел ооруйт, этек кир узакка созулуп, кан көп келет, кээде коюуланып, бойго бүтпөй, жыныстык катнаш учурунда ооруксунтат.
Бул ооруга кээде сексуалдык жашоо менен жашабаган кыздар дагы кабылып калышы мүмкүн.

Жатын моюнчасынын эрозиясы

Жатын моюнчасынын эрозиясы — аялдын жыныс мүчөсүндөгү жатын моюнчасынын былжыр челинин жаракатка кабылуусу. Эрозия жатын моюнчасында челди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Жыныстык катнаш учурунда оорутат жана кан аралаш суюктук бөлүнүп чыгат. Жара ачык кызыл түстө жана тегерек формада болот.
Ситуация с мигрантами в Мексике - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2019
Талгактан улам кээде бойдон алдырышат. Гинеколог менен маек
Бул ооруга ар кандай курактагы кыз-келиндер, аялдар чалдыгышы мүмкүн. Адатта төрөт учурунда жыныс мүчөсү жаракатка кабылган же бир нече жолу боюнан алдырган аялдарда көп кездешет. Эрозиянын пайда болуусунун себептери — инфекция, жыныстык катнашка эртелеп баруу, жатын моюнчасынын сезгенүүсү, организмдеги гормоналдык бузулуу, иммунитеттин түшүшү, жыныстык катнаш учурундагы этиятсыздык жана башкалар.
Жатын моюнчасынын эрозиясын аныктоо кыйынчылык деле туудурбайт, дарыгердин бир текшерүүсү жетиштүү. Эрозияны текшерүү үчүн гинеколог жатындан мазок (жука челден былжырды сүртүп алуу) тапшырууну сурайт. Андан соң кольпоскопия жана видеокольпоскопия аспаптарынын жардамы менен карап чыгат.
Жатын моюнчасынын эрозиясы белги бербей, оорутпай жүрө бериши мүмкүн. Бирок биринчи кезекте ооруга кабылган аял сырттагы инфецияларга туруштук бере албайт, төрөбөй калышы мүмкүн. Андан да кооптуу нерсе — өтүшүп кеткенде жатындын залалдуу шишигине (ракка) алып келет.

Жатын моюнчасынын рагы

Онкологдор менен гинекологдор бул оору жашарып баратканын айтышууда. Жатын моюнчасынын рагы паппилома вирусу аркылуу пайда болот. Оору жыныстык катнашта, төшөктө өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштырган учурда жаралат.
Эссен университеттик клиникасында иштеген кыргызстандык хирург Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2021
Дүйнөдөгү күчтүү профессорлор менен иштеген хирург. Германиядагы Шайбеков менен маек
Биринчи баскычта жатын моюнчасынын ичиндеги былжыр чел жаралана баштайт. Экинчи баскычта шишик жатындын айланасына тарайт. Үчүнчү баскычта шишик сөөккө чейин жетет. Төртүнчү баскычта жатын моюнчасынан шишиги чоңоюп, табарсык менен көтөн чучукту тиреп, без жана кан аркылуу башка органдарга таасирин тийгизет.
Оорунун биринчи, экинчи баскычында операция жасоого толук мүмкүн. 3-4 баскычында химия жана нур терапиясы сунушталат.

Кулак кагыш

Адистер төшөк маселесинде этият болуп, сактануучу каражаттарды колдонууну сунуштайт. Сексуалдук катнаш аркылуу жуга турчу оорулар жыныс органдарын жабыркатуу менен тукумсуздукка кептейт. Ошондой эле пландалбаган кош бойлуулукту алдын алып, абортко баруудан алыс болууга чакырышат. Анткени бойдон алдыруу бүтүндөй организм үчүн стресс, толгон-токой ооруну чакырары талашсыз. Жеке гигиенаны сактап, таза жүрүүгө, туура тамактанып, спорт менен алектенип, жылуу кийинип жүрүүгө кеңеш берилди. Гинекологго жарым жылда же бир жылда бир барып туруу керек. 
Жаңылыктар түрмөгү
0