Спираль койдуруу рак оорусун чакырабы? Акушер-гинеколог менен маек

© SputnikЖеке клиникалардын биринде акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив
Жеке клиникалардын биринде акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Аида Арстанбекова борборубуздагы жеке клиникалардын биринде акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Ал бизге маек куруп жатып, гинекологиялык оорулардын түрлөрү, аны кантип дарылоо керектиги жана практикасында кездешкен түрдүү бейтаптар тууралуу айтып берди.
Учурда ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап, илдет өрчүшүп кеткенде гана дарыгерге кайрылганды адат кылып алган айымдарга нааразы болгон гинеколог кыз-келиндерди дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болууга чакырат.
— Учурда аялдар дарыгерге бир жери ооруп эле барбаса, көзөмөлдөн өтүп коюу дегенди унутуп баратабыз. Гинекологго баргандан корком, ошол үчүн барбайм дегендерге эмне айтар элеңиз?
— Ооба, бизде, кыргыздарда, ушундай көрүнүш көп кездешет. Өзгөчө кыз балдар гинекологго баргандан тартынышат. Эң жакшысы, ар алты ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруу керек. Бирок биз аялдарды жок дегенде жылына бир жолу адиске кайрылгыла деп айтып келебиз. Бул учурда көп дарттын алдын алганга мүмкүнчүлүк жаралат.
— Өспүрүм кыздар арасында сексуалдык сабатсыздыктын кесепетинен көп учурда мектеп же үй-бүлө деген тандоонун ортосунда калышууда. Буга кандай чара көрүлүш керек?
— Абдан жакшы суроо болду. Бул өспүрүм кыздар арасында кездешкен эң чоң маселе. Кыргыздын менталитетине жараша "кой, уят" деп бул тууралуу сөз кылбайбыз. Мектептен баштап эле өспүрүмдөрдүн гинекологу бул темада толук маалымат бериши керек. Алсак, 13-15 жаштагы кош бойлуу кыздын организми, албетте, бала көтөрүүгө даяр эмес. Бул учурда өзүнүн да, баланын да ден соолугу үчүн кооптуулук жаралат. Ден соолугу начар төрөлгөн балдардан кайра дени сак балдар жаралбайт.
© SputnikАида Арстанбекова: Өзгөчө кыз балдар гинекологго баргандан тартынышат. Эң жакшысы, ар алты ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруу керек.
Акушер-гинеколог Аида Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аида Арстанбекова: Өзгөчө кыз балдар гинекологго баргандан тартынышат. Эң жакшысы, ар алты ай сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруу керек.
— Гинекологиялык оорулар гигиенаны сактабагандан да пайда болот. Тазалык каражаттарын күнүгө колдонуу зыян эмеспи?
Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта!
— Кыздын тазалыгына төрөлгөндөн баштап эле көңүл буруу зарыл. Алсак, базардан сатып алынган памперстин ордуна илгери апаларыбыз пайдаланган чүпүрөк жалаяктарды колдонгон жакшы. Себеби дал ушул памперстин айынан түрдүү оорулар келип чыгууда. 40-50 жаштардагы аялдар ооруган крауроз, лейкоплакия деген илдеттер жаш кыздарда да кезигип жатат. Менин практикамда үч жашар кыз улуу аялдарда кездешчү дарт менен ооруп келген учур болгон. Ымыркайлардан сырткары аялдар жуунганда жаш балдарга арналган же кир самын колдонгону жакшы. Этек кири келип жаткан учурда көбүрөөк жуунуп турган жакшы. Себеби айыз каны микробдун көбөйүшү үчүн жагымдуу чөйрө. Ар кандай себептерден улам айрым кыз-келиндер жыпар жыттуу интим гелдерди пайдаланышат. Аларда кошулмалар көп, демек, зыяндуу. Ошол себептен колдонбой койгон эле оң. Андан тышкары, айымдар күнүгө колдонуучу чүпүрөкчөлөрдүн курамында синтетика көп болгондуктан, ал жерде аба алмашпай дымып туруп калат да, бактериялардын көбөйүшүнө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Колдон келсе азыраак колдонуу керек.
— Климакс тууралуу айтып берсеңиз. Ага организмди даярдаш керекпи?
— Климакс — бул аялдын жыныстык системасынын иштешинин төмөндөп барып токтошу. Бул учурда эстроген менен прогестерондун бөлүнүп чыгышы токтогондуктан, аялдын организминде өзгөрүүлөр жүрө баштайт. Бул илдет менен 46 жаштан өйдөкү айымдар оорушат. Демек, 45 жашка чейин аялдын этек кири келиши керек. Көбүнчө эрте климакс болуп калбаганга же анын жеңил өтүүсүнө аракет кылуу зарыл. Ошондуктан аялдын эч жери оорубаса дагы гинекологго кайрылып турганы жакшы. Ар кандай себептер менен бул ооруга эрте кабылган айымдар бар. Мисалы, жатынды алып салган учурда айыз токтойт. Айрым учурларда организмде өтө чоң бузулуу болгондо да 25 жашта эле климакска кабылган кыздар бар. Климакс табигый жол менен келсе жыныстык системанын иштешин кандайдыр бир медициналык ыкма менен узартуунун кажети жок.
© Фото / Улукбек АскарбековАида Арстанбекова: Айрым учурларда организмде өтө чоң бузулуу болгондо да 25 жашта эле климакска кабылган кыздар бар.
Акушер-гинеколог Аида Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аида Арстанбекова: Айрым учурларда организмде өтө чоң бузулуу болгондо да 25 жашта эле климакска кабылган кыздар бар.
— Климакстын кандай зыяндуу жактары бар?
— Ар бир аял өзүнчө индивидуалдуу адам болгондуктан ар кимисиники ар түрдүү болот. Кээ бир аялдарда аябай оор өтөт. Эски оорулары козголуп, кан басым оорусу башталышы мүмкүн. Айрымдарда эчтеке болбогондой тынч эле өтүп кетет. Ошондуктан кырк жаштан өткөн аялдар жыл сайын сөзсүз холестерин, кант диабетине жана канга жалпы анализ тапшырып турушу керек. Ушул моментте дартты туура аныктап, климакстын белгилерин кан басымдан айырмалоо бир аз татаалыраак. Ар бир дарыгер өз адистигине жараша ооруну издейт эмеспи, климакс убагында организмдеги болуп жаткан кубулушту аңдабай айрымдар терапевтке барса, ал кан басымдын дарысын берип коюшу мүмкүн. Абайлоо кажет, анткени аял кийин ошол дарыга өмүр бою көз каранды болуп калышы ыктымал, организм да көнүп калат. Негизи организмдеги толкун сыяктуу болуп жаткан акыбалды бир аз басаңдатып туруучу чөп дарылар деле бар.
— Климакска тушуккан аял эмнелерди эске алуусу керек?
Беременная женщина. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
ВИЧ жугузуп алган келин: толгоом бышып турса да доктурлар албай кыйналдым
— Климакска тушуккан аял "болду" деп отуруп албастан убагы менен гинекологго көрүнүп турушу зарыл. Бирок бул мезгилдин да пайдасы болот. Мисалга жатында миомасы барлардын миомасы өспөй калат. Ошондой эле жашы өтүп калган убакта ай сайын айыз көрбөй өзүн кароодо жеңил боло баштайт. Айрымдарда климакстан кийин айыз толук токтойт. Кээ бир аялдар бир жылда эки-үч жолу айызын көрүп калуусу мүмкүн. Ушул моментте аялдын репродукциялык функциясы толук иштеп турушу ыктымал. Ошол себептен да кошумча сактанып турушу зарыл.
— Айрым аялдар климаксты трагедия катары кабыл алат экен…
— Көбү "мен картайып жатам, толук кандуу аял болбойм калдым" деп трагедия катары кабылдайт. Бирок климакс болуу — нормалдуу эле табигый көрүнүш. Казакстанда организмди кечиктирип кандан калтыруу ыкмаларын колдонуп дарылашат экен. Менимче, бул туура эмес. Табигый жактан организм ушуну талап кылып жатабы, демек, токтотуу керек. Климаксты гормоналдык дарыларды ичип болтурбай айызды узартууга болот, бирок анын да зыяны бар. Мисалга организмде кичинекей эле көзгө көрүнбөгөн киста же залалсыз шишик бар болсо, аны өрчүтүп жибериши мүмкүн. Трагедиянын кереги жок. Болгону жылына бир жолу дарыгерге көрүнүп, медициналык кароодон өтүп туруу эле оң.
© SputnikАида Арстанбекова: Миомасы бар айымдар мончого түшүп, күнгө какталууга болбойт. Ысык миоманын өсүп кетишине өбөлгө болот.
Акушер-гинеколог Аида Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аида Арстанбекова: Миомасы бар айымдар мончого түшүп, күнгө какталууга болбойт. Ысык миоманын өсүп кетишине өбөлгө болот.
— Залалсыз шишик демекчи, миома тууралуу сөз болуп жатат да, ээ?
— Ооба, миома— бул булчуң тканынан пайда болгон залалсыз шишик. Айымдар миома десе эле "мен рак болуп ооруп калдым" деп ызы-чуу кылып башташат. Аталган илдет аялдын айызы келип жаткан учурда пайда болот. Миоманын башкы себебинин бири — гормоналдык өзгөрүү. Гормондон көз каранды. Ошол себептен ооруга эрте кабылган болсо 40-45 жашка чейин өсүп кетүү коркунучу бар. Ал учурда дарыгерлердин байкоосунда болуп туруу керек. Мончого түшүп, күнгө какталууга болбойт. Ысык миоманын өсүп кетишине өбөлгө болот. Бул ооруга жаш кыздар жана климакс курагындагы аялдар чалдыгышпайт.
— Спиралдын да зыяны бар деп айтышат?
Балага сүннөт жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Уролог: сүннөттөн жабыркаган баланын интимдик жашоосу трагедияга айланышы мүмкүн
— Көпчүлүк айымдар дарыгердин толук көзөмөлүнөн өтпөстөн эле спиралды салдырып кетишет. Негизинен спираль салдыруунун алдында толук көзөмөлдөн өтүү шарт. Аны койдургандан кийин рак болуп калдым деген учурлар болгон. Бул, албетте, спиралдын өзүнөн эмес. Ошол учурда суук тийген болсо, каны аз же миома, киста, эрозия сыяктуу оорулар менен ооруган учурда жатынга орнотулган жат нерсе жаман оору чакырышы мүмкүн. Андан тышкары, мөөнөтү бүткөндө алмаштырбаса же оорусу бар болсо, аялдын жатынына ал нерсе эт менен биригип өсүп кетет. Жатын моюнчасында жарасы бар, жыныстык органдары сезгенген келиндерге, төрөй элек айымдарга спираль койдурганга болбойт.
— Азыр жатын моюнчасынын рагы менен ооруган айымдар көп экени айтылат…
— Жатын моюнчасынын рагы суук тийгенден башталат. Статистика боюнча, Кыргызстан рак оорусу боюнча алдыңкы тизмелерде экен. Эң жаманы бул оору менен жабыркагандардын жашаруусу. Практикамда 16 жаштагы кыз жатын моюнчасынын рагына кабылып келген. Көргөн көзүбүзгө ишенбей жаман болгонбуз. Бирок анализ тастыктап берди. Учурда аялдар көп нерсеге маани бербейт, кайдыгер. Аларга өздөрүнүн ден соолугу баалуу болбой калды. Оорунун баары суук тийгенден башталат. Турмушка чыккандан кийин да кыз кездегидей суюктук келип турушу керек. Эгер өзгөрүүлөр болгон болсо дарыгерге кайрылуу керек. Гинекологго барбагандан улам оору өрчүп, моюнча желип баштайт. Ал бара-бара чоң жарага айланат. Дароо ал жерге түрдүү бактериялар чогулат дагы анан ракка өтүп кетет. Организмге жараша жадагалса 3-баскычтагы ракты толук айыктырса болот.
© SputnikАида Арстанбекова: Менструациянын кечигиши кыздардын ден соолугуна, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот.
Акушер-гинеколог Аида Арстанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аида Арстанбекова: Менструациянын кечигиши кыздардын ден соолугуна, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот.
— Жаш кыздардын негизги маселеси этек киринин циклинин бузулушу. Эмне кылуу керек?
— Айыз циклинин бузулушу гинекологиялык оорунун белгиси десек болот. Анын бир канча себептери бар. Алсак, аменореяда айыз таптакыр келбей калат. Кээде аз-аздан же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Аялдын ден соолугу, анын организминин иш-аракети тиричилик шартына, балачактан туура багуу, тарбиялоого байланыштуу. Айрыкча өздүк гигиенаны сактоо, организмди чыңдоо, туура тамактануу чоң мааниге ээ. Психологиялык жана физиологиялык абал да циклге таасирин тийгизет. Менструациянын кечигиши кыздардын ден соолугуна, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот. Сөзсүз түрдө кыздарга дарыгерге барып текшерүүдөн өтүүнү сунуштайм.
— Этек кири келип бүтө жаздап калганда кочкул күрөң өңдөгү суюктук келгенин айтып даттангандар болот. Бул нормалдуу көрүнүшпү?
— Ушул суроо менен жаш кыздар көп кайрылышат. Муну мен "шоколад" сыяктуу болуп келип жатабы деп сурайм. Бул көбүнчө гормоналдык бузулуунун белгилери. Өз алдынча интернеттин жардамы менен дарылоого аракет кылган болбойт. Дарыгер гана жардам бере алат.
— Төрөткө кандай даярдык көрүү керек. Кандай витаминдерди кабыл алууга кеңеш бересиз?
Эссен университеттик клиникасында иштеген кыргызстандык хирург Азим Шайбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2021
Дүйнөдөгү күчтүү профессорлор менен иштеген хирург. Германиядагы Шайбеков менен маек
— Алгач баланы пландоого жакшы көңүл бурулушу керек. Үч ай мурун аял организмин даярдап, керектүү витаминдерди ичүүсү зарыл. Болочоктогу эне фолий кычкылын жана темир кабыл алуусу керек. Түйүлдүк түйүлгөндөн кийин 12 жуманын ичинде эне каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүшү зарыл. Бул учурда көп оорунун алдын алууга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Өз учурунда көзөмөлгө албоодо түйүлдүк өспөй калуу, бойдон түшүп калуу, эрте жана ар түрдүү оорулар менен төрөлүп калуу маселелери жаралат. Ал эми кош бойлуу кездеги токсикоз табигый көрүнүш. Анын алдын алса болот. Баягы эле пландоо убагында организмди витаминге толтуруп, анан боюна бүтсө ал нерсе жеңил өтөт. Бирок токсикоз болуп жаткан учурда аны дарылоо же жеңилдетүү кыйын болуп калат. Ал эми балдардын ортосу эки жыл болгону жакшы. Бул аралыкта организм өз калыбына келип калат. Балалуу болордун алдында ата да, эне да толук медициналык текшерүүдөн өтүшү шарт.
Жаңылыктар түрмөгү
0