Жапаровдун ант берүү аземин түз эфирде көрсөтүшөт. Журналисттер чакырылган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын офицерлери. Архив
Улуттук гвардиянын офицерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инаугурацияга жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери жана чет элдик ЖМК өкүлдөрү конок катары гана чакырылары айтылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Садыр Жапаровдун инаугурациясы мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлө тургандыктан журналисттердин катышуусуз өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда эпидемиологиялык кырдаалдан улам ушундай чечим кабыл алынгандыгы айтылган.
"Президенттин кызматка киришүү аземи республикалык телеканалдардан түз көрсөтүлөт. Иш-чарага негизинен катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат. Эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу максатында журналисттерди аккредитациялоо жүргүзүлгөн жок, анткени иш-чараны түз эфирде чагылдыруу үчүн бардыгы жеткиликтүү болот", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Инаугурацияга жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери жана чет элдик ЖМК өкүлдөрү конок катары гана чакырылары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй автоунаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0