Ар жума сайын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы ачык маалыматтарды карап, Бишкек менен Ош шаарларындагы турак жайлардын ижара акысына байкоо жүргүзөт.
Бишкекте эмереги жок бир бөлмөлүү батирдин ижарасы 8 миңден 12 миң сомго чейин, ал эми эмереги менен 10 миңден 20 миң сомго чейин болууда. Үйдүн жасалгасына, жайгашкан жерине карап баасы кымбаттай берет. Эки бөлмөлүү батирди ижарага алуу бул жумада 12-21 миң сомго айланды. Үч бөлмөлүүлөрдү 15 миңден 40 миң сомго чейин чейин тапса болот.
Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз
Ош шаарында арзаныраак, эмереги жок бир бөлмөлүү батирди 7 миң сомго, эмереги менен 9-16 миң сомго ала аласыз. Эки бөлмөлүүлөр 5 миңден башталып, 20 миң сомго барып такалат. Ал эми үч бөлмөлүү батирдин наркы 7 миңден 30 миң сомго чейин жетет.