00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Боронов Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышып, көмүр келе электигин сындады

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПодготовка к отопительному-зимнему периоду ТЭЦ в Бишкеке
Подготовка к отопительному-зимнему периоду ТЭЦ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыдагы сезонго өтүү үчүн борбор калаанын ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Анын көбү жергиликтүү өндүрүштөн, калганы сырттан алынып келинет.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан. Ал калкты, анын ичинде социалдык жана башка объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу — өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экендигин белгилеген.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын маалыматы боюнча, алдыдагы сезонго өтүү үчүн борбор калаанын ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи сырттан ташып келиниши керек. Кара-Кече көмүрүн жеткирүү иштери план боюнча аткарылып жатса, импорт отуну боюнча тендер жүрүп жатат.

Боронов импорттолуучу көмүрдү  ташып келүү боюнча тармактык мамлекеттик органдардын ишин сынга алган.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды.
Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан.
Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан.
1/2
Бишкек ЖЭБине барган премьер-министр Кубатбек Боронов көмүрдү сырттан ташып келүүгө катышкан мамлекеттик органдарды сынга алды.
2/2
Өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышкан.

"Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүп, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек эле. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечүүбүз зарыл. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууга энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу", — деп Боронов тийиштүү жетекчилерге катуу эскертүү берген.

Премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасы, диспетчердик пункту жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшүн көргөн.

Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда

Белгилүү болгондой, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатат.

"Оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүнө эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көңүл буруу керек. Кыш мезгилинде энергетикалык тутумга көп күч келерин эске алып, андан туруктуу өтүүнү камсыздоо үчүн белгиленген иштер дыкат жүзөгө ашырылууга тийиш", — деген өкмөт башчы.

Премьер-министр алдыдагы жылуулук сезонуна өтүүдө бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0