Ойго алып койчу 10 жер. 2020-жылы саякаттайм дегендерге сунушталган тизме
Ойго алып койчу 10 жер. 2020-жылы саякаттайм дегендерге сунушталган тизме
Sputnik Кыргызстан
Эгерде келерки жылы саякатка чыгам десеңиз, биз сунуштаган бул жерлерге да бир аз көз салып коюңуз. Балким, жолуңуз ушул аймактарга түшүп калаар. 17.11.2019, Sputnik Кыргызстан
Эгерде келерки жылы саякатка чыгам десеңиз, биз сунуштаган бул жерлерге да бир аз көз салып коюңуз. Балким, жолуңуз ушул аймактарга түшүп калаар.
Туристтик операторлор 2020-жылы кайсы өлкөлөргө барууга боло тургандыгын айтып беришти. Тизмеге 10 өлкө кирди. Кеп туристтер үчүн шарттарын жакшырткан же кандайдыр бир маанилүү иш-чаралар боло турган аймактар боюнча болмокчу.
Бутан — Гималайдагы көркү көз талдырган аймактардын бири. Аталган өлкөгө барган туристтин чөнтөгү калыңыраак болушу керек. Анткени менен көпкө чейин эсте кала турган саякат болот. Тоодогу жалгыз аяк жол менен көтөрүлүп, будда монастырларын көрүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Кол сунсаң жете тургандай булуттар, жашагыңды келтирген жапжашыл айлана сизди арбап алат.
Түндүк Македония менен Албаниянын чек арасындагы Охрид көлү. Балкандагы эң байыркы жана терең аймак. Отуруп алып алыска, алыска көп чаптырсаңыз өзүнчө бир керемет жай.
Түштүк Африкадагы Эсватини королдугунда дээрлик бардык аймагын адамдын буту баса элек коруктар бар. Хлан деп аталган жаратылыш паркында арстандар, кериктер, пилдер баштаган ири жаныбарлар жашайт.
Амстердам (Нидерланд) — Европага жол тартсаңыз сөзсүз бара кете турган шаар. Апрель, майда жолуңуз түшсө, андан да кызык болот. Себеби Король менен Бошотуу Күнүнө арналган майрамга туш болосуз. Баса, 2020-жылы "Евровидение" да ушул жерде өтөт.
Либериядагы Сапо деп аталган улуттук паркка барып келсеңиз, бир нече убакытка жеткен таасир аласыз. Батыш Африкадагы тропикалык ири токойлордун экинчиси. Шимпанзе, пил жана кериктер менен кошуна болуп жашап келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Марокконун борбору Марракеш кызыктуу шаар. Эмнегедир орто кылымдагы лабиринт курулуштарды эске салат. Саякаттап, бирок базарына кирбей келсеңиз, Мароккого бардым дебей эле коюңуз.