ЖАМК Кыргызстандын абактарында канча адам орозо кармап жатканын айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСледственный изолятор в Бишкеке
Следственный изолятор в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулмандардын ыйык Рамазан айы 6-майда башталды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын абактарындагы үч миң киши орозо кармап жатканын ведомстводон билдиришти.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
№3 түзөтүү колониясындагы соттолгондордон сейф жана телефондор табылды
Маалыматка караганда, ооз жапкандардын көбү Бишкектеги №1 тергөө абагы менен Москва районуна караштуу Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында.

Учурда Кыргызстандагы абактарда 8 миң адам кармалып турат. Ошондой эле ЖАМКнын 500 кызматкери да орозо тутууда.

Мусулмандардын Рамазан айы 6-майда башталып, бир айга созулат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги түзгөн 2019-жылдын Орозо календарын материалдан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0