Возобновление работы в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан

"Манас" аэропортунда изделип жаткан бомба. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
5-февралда саат 15:09дө аэропортко бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери эл аралык "Манас" аэропортунан бомба издеп жатышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге УКМК менен ИИМдин кызматкерлери тезинен чыгып кетишкен. Учурда шек жаратуучу кандайдыр бир заттарды издөө аракеттери жүрүп жатат.

Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары аэропорттогу элди коопсуз жайга чыгарып жатышканы тууралуу жазышты.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
18:26 05.02.2019
Возобновление работы в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
18:18 05.02.2019

"Манас" аэропортуна бараткан жолдо бир аз автотыгын бар.

18:13 05.02.2019

Жүргүнчүлөрдүн видеосу

18:03 05.02.2019

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Манас" аэропортунан бомба тапкан жок. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Учурда "телефон террористи" табуу аракеттери көрүлүп жатат.

Бомба тууралуу маалымат келери менен аэропорттун бардык имараттары, учактар жана аймак толугу менен тинтилип чыкты. Саат 17:40тан тарта аэропорт кадимки тартибинде иштей баштаган.

17:57 05.02.2019

Москва жана Новосибирск багыты боюнча каттамдарга каттоо жүрүп жатат.

Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
17:55 05.02.2019

"Манас" аэропортунун алдындагы учурда абал ушундай. 

17:52 05.02.2019

Рейстен калып калбайлы деген жүргүнчүлөр шашып-бушуп аэропорттун имаратына кирип жатышат.

17:48 05.02.2019

Эл аралык "Манас" аэропорту саат 17:40та ишин жандантты.

17:42 05.02.2019

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, тосмо алынып жүргүнчүлөрдү имаратка киргизип башташты.

17:31 05.02.2019

Эл аралык "Манас" аэропортунун медайымдары жүргүнчүлөргө жардам берүү үчүн сыртка чыгышты

Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
17:18 05.02.2019

Милиция кызматкерлери сыртта туруп үшүп калгандар болсо кирип жылынуу үчүн автобус айдап келишти.

17:15 05.02.2019

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, аэропорттон чыгарылган кишилерге суу берилип жатат.

Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
16:59 05.02.2019

Жүргүнчүлөрдүн бири Кубан Сарыгүчүков Новосибирскиге саат алтыда учуп кетмектигин кабарчыбызга билдирди.

Ал аэропорттун ичине киргенге үлгүргөн эмес. Милиция кызматкерлери сырттан тосуп турушкан.

Учурда ал каттамы эмне болоруна кабатырланып жатканын айтты.

 

16:42 05.02.2019
Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
16:39 05.02.2019
16:34 05.02.2019

Жеринен тартылган сүрөттөр

Сообщение о взрывном устройстве в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
16:29 05.02.2019

Кабарчыбыздин жеринен билдиришинче, "Хижины Дяди Тома" эс алуу борборунан аэропортко чейинки жол милиция кызматкерлери тарабынан тосулган. Аэропортко барчу жолдо автотыгын пайда болду. 

16:25 05.02.2019
16:20 05.02.2019
16:15 05.02.2019

"Манас" аэропортуна учуп келип жаткан каттамдар кармалган жок. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан маалымдашты.

Расписание боюнча саат 17:05те учак учат

Ал ошондой эле бомба тууралуу билдирүү расписание боюнча учактар учуп, же коно турган учурга туура келбегенин кошумчалады.

15:57 05.02.2019
15:56 05.02.2019
15:54 05.02.2019

Ал ортодо социалдык тармактын колдонуучулары коопсуз жайга чыгарылган жүргүнчүлөрдүн сүрөттөрүн жарыялап жатышат.

15:52 05.02.2019

Эл аралык "Манас" аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова бомба туруалуу билдирүү саат 14:41де келип түшкөнүн айтып, жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылганын билдирди.

Учурда укук коргоо органдары тийиштүү иштерди аткарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0