00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Энергетики, сахар, железная дорога: семь вопросов о будущем экономики Кыргызстана
12:05
159 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ЖРТга даярдаган акысыз тиркеме иштелип чыкты
15:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кош стандарттар: эмне үчүн келинге жана күйөө балага мамиле ар башка?

Кош стандарттар: эмне үчүн келинге жана күйөө балага мамиле ар башка?
Жазылуу
Коноктор
Гүлзат Исабекова, психолог
Кыргыз коомунда келин менен күйөө балага карата коюлган талаптардын айырмасы көп кездешет. Келин жаңы үй-бүлөгө келген күндөн тартып анын жүрүм-турумуна жана үй жумуштарын аткаруусуна көңүл бурулуп, андан кайын журтуна ылайыкташуусу күтүлөт. Ал эми кыздын үйүнө келген күйөө бала көбүнчө өзгөчө сый-урматка ээ болуп, конок катары кабыл алынат. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда психолог Гүлзат Исабекова сөз кылды.
Анын айтымында, келин менен күйөө балага карата мамиленин айырмачылыгы коомдо калыптанып калган гендердик стереотиптерге, патриархалдык түшүнүктөргө жана муундан муунга өтүп келе жаткан тарбияга байланыштуу. Келинге ашыкча талаптарды коюу, анын ар бир кадамын көзөмөлдөө жана өз каалоолорун экинчи орунга жылдырууга мажбурлоо аялдын психологиялык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
“Үй-бүлөдө келиндин жеке чек араларын урматтоо, анын пикирин эске алуу жана жубайлардын ортосунда өз ара колдоо болушу маанилүү. Келин жаңы үй-бүлөгө келгенде андан бат эле көнүп кетүүнү талап кылбашыбыз керек. Ар бир адамдын психотипи ар башка. Кээ бирлери бат аралашып, жаңы шарттарга тез көнүп кетсе, башкаларына көбүрөөк убакыт талап кылынат. Андыктан жаңы келген келинди кошунанын же тааныштардын келинине салыштырбастан, анын мүнөзүнө, психотипине жараша жаңы чөйрөгө тезирээк көнүп кетишине жардам берүү зарыл. Ошондой эле жаңы келген келиндин турмуштук тажрыйбасы аз экенин, ал дагы сиздин балаңыздай эле жаш экенин түшүнүү керек. Кээ бир кайын энелер “Мен көргөн кыйынчылыкты ал да көрсүн” деген түшүнүк менен катаал мамиле кылышат.
Кыз төркүнүнө барганда күйөө баласын сыйлап узатышат. Ал эми келин кайын журтуна барса, сөзсүз түрдө жөн отурбастан, үй иштерине аралашып, жардам берүүгө тийиш деген түшүнүк бар. Кыз тарап күйөө баласы конокко келгенде ага белек-бечкегин берип, куру кол жөнөтпөйт. Бул биздин коомдо кыз тарап эки үй-бүлөнүн ынтымакта жашап кетишине көбүрөөк аракет кыларын көрсөтөт”,-деди Исабекова.
Психолог кош стандарттарды азайтуу үчүн уул-кыздарды тең укуктуулук жана өз ара сый-урмат принциптеринин негизинде тарбиялоо зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, келин да, күйөө бала да өзүнүн көз карашы, мүнөзү жана жеке чек аралары бар инсан. Ошондуктан үй-бүлөдө адамды жынысына же статусуна карап эмес, инсан катары баалоо керектигин адис кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0