https://sputnik.kg/20261111/1104844045.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш суу объекттерин, анын ичинде көлдөрдү жана суу сактагычтарды коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды. Бул тууралуу... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T19:00+0600
2026-11-11T19:00+0600
2026-11-11T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104843878_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4d7169e558754c8d00b30863c7b80bcc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш суу объекттерин, анын ичинде көлдөрдү жана суу сактагычтарды коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Бүгүн жыйында баяндама жасаган депутат Максат Алымбековдун айтымында, документ суу экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү, чарбалык ишмердиктин терс таасирин алдын алуу максатында иштелип чыккан. Долбоор Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек сыяктуу көлдөрдү, Токтогул, Орто-Токой, Киров жана башка суу сактагычтарды, алардын жээктерин жана суу коргоо зоналарын коргоону камтыйт.
Бишкекте сасык тумоо күч алып, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын сегиз бөлүмүндө кошумча 300, ал эми Шаардык балдар тез жардам ооруканасында 50 орун даярдалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Өкмөт башчынын орун басары Улан Маматканов эки ооруканага барып, бейтаптардын саны көбөйгөн учурда аларды кабыл алууга даярдыгын текшерди. Ал Саламаттык сактоо министрлигине бейтаптарды өз убагында кабыл алып, ооруканага жаткырууну, дары-дармектердин жетиштүү запасын жана медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоону тапшырды.
Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде ЖККунун башкы катчысы Таалатбеком Масадыков менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости билдирди.Ага Путиндин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков катышты.Россиянын лидери Москва катчылыктын ишине, анын ичинде уюштуруу маселелерин чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөрүн билдирди. Масадыков Путинге кабыл алганы үчүн ыраазылыгын билдирип, Россия төрагалык кылган 2026-жылы ЖККУ тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, РФтин төрагалыгы алкагында коюлган негизги максаттар толугу менен ишке ашты.
Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушуу жабык өтүп, 1,5 саатка жакын созулду. Бардык делегациялар жолугушуу өткөн жерден полиция автоунааларынын коштоосунда чыгып кетишти.Украина маселесин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский диалогдун чоо-жайы азырынча ачыкталбай турганын билдирди. Ошол эле учурда ал талкуунун жыйынтыгы боюнча жаңжал аяктагандан кийин континенттеги коопсуздук системасы тууралуу маселени күн тартибине коюу туура болгонун айтты.Анын пикиринде, Украинадагы каатчылык Европадагы азыркы коопсуздук тутуму начар иштеп жатканын ачык көрсөттү.Ошондой эле россиялык делегациянын башчысы сүйлөшүүлөргө европалыктардын катышуу ыктымалдыгы тууралуу пикирин билдирди. Сүйлөшүүлөрдө Украинанын атынан Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, президенттин аппаратынын жетекчиси Кирилл Буданов, депутаттар жана аскер жетекчилигинин өкүлдөрү катышты. АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алексус Гринкевич катышты.
Жогорку Кеңеш суу объекттерин, анын ичинде көлдөрдү жана суу сактагычтарды коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Бүгүн жыйында баяндама жасаган депутат Максат Алымбековдун айтымында, документ суу экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү, чарбалык ишмердиктин терс таасирин алдын алуу максатында иштелип чыккан. Долбоор Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек сыяктуу көлдөрдү, Токтогул, Орто-Токой, Киров жана башка суу сактагычтарды, алардын жээктерин жана суу коргоо зоналарын коргоону камтыйт.Бишкекте сасык тумоо күч алып, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын сегиз бөлүмүндө кошумча 300, ал эми Шаардык балдар тез жардам ооруканасында 50 орун даярдалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Өкмөт башчынын орун басары Улан Маматканов эки ооруканага барып, бейтаптардын саны көбөйгөн учурда аларды кабыл алууга даярдыгын текшерди. Ал Саламаттык сактоо министрлигине бейтаптарды өз убагында кабыл алып, ооруканага жаткырууну, дары-дармектердин жетиштүү запасын жана медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоону тапшырды.Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде ЖККунун башкы катчысы Таалатбеком Масадыков менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости билдирди.Ага Путиндин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков катышты.Россиянын лидери Москва катчылыктын ишине, анын ичинде уюштуруу маселелерин чечүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөрүн билдирди. Масадыков Путинге кабыл алганы үчүн ыраазылыгын билдирип, Россия төрагалык кылган 2026-жылы ЖККУ тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, РФтин төрагалыгы алкагында коюлган негизги максаттар толугу менен ишке ашты.Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү аяктады. Жолугушуу жабык өтүп, 1,5 саатка жакын созулду. Бардык делегациялар жолугушуу өткөн жерден полиция автоунааларынын коштоосунда чыгып кетишти.Украина маселесин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский диалогдун чоо-жайы азырынча ачыкталбай турганын билдирди. Ошол эле учурда ал талкуунун жыйынтыгы боюнча жаңжал аяктагандан кийин континенттеги коопсуздук системасы тууралуу маселени күн тартибине коюу туура болгонун айтты.Анын пикиринде, Украинадагы каатчылык Европадагы азыркы коопсуздук тутуму начар иштеп жатканын ачык көрсөттү.Ошондой эле россиялык делегациянын башчысы сүйлөшүүлөргө европалыктардын катышуу ыктымалдыгы тууралуу пикирин билдирди. Сүйлөшүүлөрдө Украинанын атынан Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, президенттин аппаратынын жетекчиси Кирилл Буданов, депутаттар жана аскер жетекчилигинин өкүлдөрү катышты. АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Алексус Гринкевич катышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104843878_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a93ec227452ee5df0519df0c05bd481d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио