https://sputnik.kg/20261111/1104828197.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Амирдин өмүрү кыйылган Ала-Арчадагы каргашалуу окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T11:00+0600
2026-11-11T11:00+0600
2026-11-11T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104828031_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8ad74ca4ca3825c5246099caca1cd6fa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Амирдин өмүрү кыйылган Ала-Арчадагы каргашалуу окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. "Комиссия жакында ишинин жыйынтыгын чыгарат. Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы иштеп жатат. Алар бизге бардык маалыматтарды берет, мүмкүн парламентте угуу өткөрөбүз", — деди төрага.Эске салсак, 15 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арчадагы жарышка катыша албай калгандан кийин Адыгене капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон чалып билдирген баланы эки күн бою ондогон куткаруучулар, ыктыярчылар, дрон жана тик учак издеп, сөөгү жалама аскадан табылган. Буга чейин өкмөт башчы Адылбек Касымалиев окуянын бардык чоо-жайын тыкыр текшерүү тапшырмасын берген.Кечээ коомдук ишмер Ассоль Молдокматова окуя боюнча кайсы бир кызмат адамдары күнөөлүү экени аныкталса, жоопкерчиликке тартууну суранып, президентке кайрылуу жолдогон. Көп өтпөй ӨКМ жетекчисинин орун басары Алмазбек Асанов министрлик "моралдык жактан күнөөсүн сезерин" айткан.
Экс-депутат Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкер болуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.Маалыматка ылайык, ал арызын бүгүн берген. Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт. 42 жаштагы Калмаматов 2010–2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышкан.
ЕАЭБдин бардык аймагында жүргүнчүлөр үчүн ылдам жана жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамдарын өнүктүрүү пландалууда. ЕЭК коллегиясы мындай каттамдарды уюштуруу боюнча сунуштарды камтыган сунуштаманы кабыл алды. Бул транспорт системасын өнүктүрүүгө кошумча түрткү берип, элди ыңгайлуу жана тез жүрүүсүнө шарт түзмөкчү.Сунуштаманын кабыл алынышы ЕАЭБдин бирдиктүү, натыйжалуу транспорт мейкиндигин түзүүгө багытталган кезектеги кадам болду.Темир жол демекчи, мурдараак Кыргызстандын эки темир жол долбоору ЕАЭБдин артыкчылыктуу тизмесине кирген. Анда негизинен инфрраструктура маселеси каралган. ЕЭКтин интеграциялык долбоорлоруна Луговой — Балыкчы темир жол тилкесин электрлештирүү жана Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолунун курулушу кошулганын айтылган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визалык режимди жоюу жөнүндө мыйзамга кол койду.Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бирок бир жылдын ичинде визасыз жүрүү мөөнөтү жалпысынан 90 күндөн ашпоого тийиш.Белгилей кетсек, тиешелүү макулдашууга 11-майда Бишкек шаарында кол коюлган. Жогорку Кеңеш аны 15-октябрда ратификациялаган.
Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас европалыктар Россиянын коопсуздук боюнча айткандарына ишенип калбаса экен деп коркуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазат.Ошондой эле ал НАТОну Россияга эч качан коркунуч туудурбаган “коргонуу альянсы” деп атап, Москвага каршы санкциялар күчөтүлөрүн кошумчалады.Эске салсак, 10–11-ноябрда Абу-Даби шаарында Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү өтүүдө.
Амирдин өмүрү кыйылган Ала-Арчадагы каргашалуу окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. "Комиссия жакында ишинин жыйынтыгын чыгарат. Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы иштеп жатат. Алар бизге бардык маалыматтарды берет, мүмкүн парламентте угуу өткөрөбүз", — деди төрага.Эске салсак, 15 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арчадагы жарышка катыша албай калгандан кийин Адыгене капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон чалып билдирген баланы эки күн бою ондогон куткаруучулар, ыктыярчылар, дрон жана тик учак издеп, сөөгү жалама аскадан табылган. Буга чейин өкмөт башчы Адылбек Касымалиев окуянын бардык чоо-жайын тыкыр текшерүү тапшырмасын берген.Кечээ коомдук ишмер Ассоль Молдокматова окуя боюнча кайсы бир кызмат адамдары күнөөлүү экени аныкталса, жоопкерчиликке тартууну суранып, президентке кайрылуу жолдогон. Көп өтпөй ӨКМ жетекчисинин орун басары Алмазбек Асанов министрлик "моралдык жактан күнөөсүн сезерин" айткан.Экс-депутат Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкер болуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.Маалыматка ылайык, ал арызын бүгүн берген. Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт. 42 жаштагы Калмаматов 2010–2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышкан.ЕАЭБдин бардык аймагында жүргүнчүлөр үчүн ылдам жана жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамдарын өнүктүрүү пландалууда. ЕЭК коллегиясы мындай каттамдарды уюштуруу боюнча сунуштарды камтыган сунуштаманы кабыл алды. Бул транспорт системасын өнүктүрүүгө кошумча түрткү берип, элди ыңгайлуу жана тез жүрүүсүнө шарт түзмөкчү.Сунуштаманын кабыл алынышы ЕАЭБдин бирдиктүү, натыйжалуу транспорт мейкиндигин түзүүгө багытталган кезектеги кадам болду.Темир жол демекчи, мурдараак Кыргызстандын эки темир жол долбоору ЕАЭБдин артыкчылыктуу тизмесине кирген. Анда негизинен инфрраструктура маселеси каралган. ЕЭКтин интеграциялык долбоорлоруна Луговой — Балыкчы темир жол тилкесин электрлештирүү жана Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад темир жолунун курулушу кошулганын айтылган.Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визалык режимди жоюу жөнүндө мыйзамга кол койду.Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бирок бир жылдын ичинде визасыз жүрүү мөөнөтү жалпысынан 90 күндөн ашпоого тийиш.Белгилей кетсек, тиешелүү макулдашууга 11-майда Бишкек шаарында кол коюлган. Жогорку Кеңеш аны 15-октябрда ратификациялаган.Евробиримдиктин башкы дипломаты Кая Каллас европалыктар Россиянын коопсуздук боюнча айткандарына ишенип калбаса экен деп коркуп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазат.Ошондой эле ал НАТОну Россияга эч качан коркунуч туудурбаган “коргонуу альянсы” деп атап, Москвага каршы санкциялар күчөтүлөрүн кошумчалады.Эске салсак, 10–11-ноябрда Абу-Даби шаарында Россия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү өтүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104828031_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_92fccf762fc185bd8b581c29ca1603d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио