00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
2 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
370 миң долларлык долбоор: Кыргызстанда агроазык-түлүк паркы түзүлөт
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз көчмөн маданиятынын башка көчмөн элдердин маданиятынан айырмачылыгы
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
ЖРТга даярдаган акысыз тиркеме иштелип чыкты
21:08
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн кыска убакыттын ичинде 60 миң кол топтоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, кечээ кечке маал президенттикке талапкерлигин көрсөтүп арыз берген Садыр Жапаров каттоого зарыл болгон 30 миң колдун чегинен ийгиликтүү өттү. Жалпысынан аны учурдагы мезгилге карата 60 миң шайлоочу колдоп добуш берген. Бүгүнкү күнгө карата БШКга жалпысынан 7 талапкерден арыз түшкөн. Белгилей кетсек, талапкерлерди көрсөтүү өнөктүгү 13-ноябрга чейин уланат. Ал эми Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Шайлоочулардын колдорун ”Түндүк” санариптик платформасы аркылуу электрондук түрдө же салттуу кагаз жүзүндө чогултууга болот.
Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдардын чукул кызматтарынын ишин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 11-ноябрда парламенттин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Комиссия түзүү демилгесин депутат Улукбек Ормонов жана "Эл үмүтү – Ата-Журт" депутаттык тобу көтөргөн. Комиссиянын курамына депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Чолпон Эсенаманова, Айгүл Карабекова, Улукбек Ормонов, Медина Кайрылбекова, Улукбек Карыбек уулу, Гүлшаркан Култаева, Махабат Мавлянова жана Табылды Муратбеков кирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) уюштуруу жана өткөрүү иштерине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Депутаттын айтымында, ЖРТны көп жылдан бери мамлекеттик эмес уюм – Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору өткөрүп келет. Ушуга байланыштуу ал борбордун ишин мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөө, жооптуу мекемелердин милдеттерин тактоо жана тестирлөөдөн түшкөн каражаттардын пайдаланылышынын ачык-айкындуулугу боюнча маселелерди көтөрдү.Ошондой эле быйыл сертификаттарда жана тесттик тапшырмаларда каталар кеткенин, абитуриенттер менен ата-энелерге маалымат жеткирүү жетишсиз болгонун белгиледи. Талиева тесттик материалдарды даярдоого көзөмөлдү күчөтүп, тапшырмалар мектеп программасына шайкеш болушу керектигин айтты. Ал ЖРТ өткөрүү системасын өркүндөтүү үчүн "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Өлкөгө декабрь айында Канададан төртүнчү Dash Q400 учагы алып келинет. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов "Ачык кабинет" долбоорунда билдирди.Анын айтымында, учактын болжолдуу баасы 10 миллион долларды түзөт. Ал өлкө ичиндеги каттамдарда колдонулат. Мындан тышкары, келерки жылдын май айында эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн дагы эки Airbus A321 учагы жеткирилет. Ошондой эле мындай үлгүдөгү дагы сегиз учак сатып алуу пландалууда.Белгилей кетсек, учактарды мамлекеттик Asman Airlines компаниясы сатып алууда. Буга чейин Кыргызстанга үч Dash Q400 учагы жеткирилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0