https://sputnik.kg/20261111/1104834076.html
ЖРТга даярдаган акысыз тиркеме иштелип чыкты
ЖРТга даярдаган акысыз тиркеме иштелип чыкты
Sputnik Кыргызстан
ЖРТга акысыз даярдоочу тиркеме иштелип чыгып, бир катар программалар даярдалууда. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Билим берүүнү баалоо жана окутуу... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T15:04+0600
2026-11-11T15:04+0600
2026-11-11T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104833906_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_49500ab7a4e6472df05ade150e94808a.jpg
ЖРТга даярдаган акысыз тиркеме иштелип чыкты
Sputnik Кыргызстан
ЖРТга акысыз даярдоочу тиркеме иштелип чыгып, бир катар программалар даярдалууда. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Анын айтымында, абитуриенттерди ЖРТга даярдоону 11-класстан гана эмес, башталгыч класстардан тартып баштоо зарыл. Бул багытта акысыз программалар иштелип чыккан. Ошондой эле жакынкы күндөрү “Сынак ЖРТ” аттуу акысыз тиркеме ишке кирет. Ал ар бир тапшырманы жасалма интеллекттин жардамы менен талдоого негизделген платформа болот.
“Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн өткөрүлүп келе жатканына 25 жыл болду. Ушуга байланыштуу “Тең мүмкүнчүлүк-тең келечек” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдүк. Анын алкагында абитуриенттерди тестирлөөгө даярдоо маселелери жана атайын программалар талкууланды.
Мектеп программасы ЖРТнын тапшырмаларына толук шайкеш келет. Анткени билим берүү системасы окуучуларды тест тапшырууга гана даярдабастан, алардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана алган билимин турмушта колдоно билүүсүн да камсыз кылышы керек. Ошондой эле ЖРТнын жыйынтыктарын талдоо аркылуу окуучулар кыйналган темаларды аныктоого, билим берүүдөгү кемчиликтерди табууга жана окутуу усулдарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Ар кандай ийримдерге же атайын репетиторлорго баруу ЖРТдан сөзсүз түрдө жогорку балл алууну камсыз кылбайт. Биздин акысыз программаларыбыздан пайдаланып, сынамык тесттерден өтүп, өз алдынча даярдануу менен эле жакшы көрсөткүчтөргө жеткен абитуриенттерибиз бар. 2025-жылы Агартуу министрлиги тарабынан ЖРТнын чыныгы тапшырмаларынын негизинде түзүлгөн “Булак” акысыз тиркемеси ишке киргизилген. Мындан тышкары, ЖРТнын 25 жылдыгына карата өзүбүздүн “Сынак ЖРТ”кошумча платформабызды жакында ишке киргизебиз. Бул тиркеме ар бир тапшырманы жасалма интеллекттин жардамы менен талдап, түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет”,- деди Батракеева.
Адис ата-энелерге жана абитуриенттерге кайрылып, ЖРТнын жыйынтыгы баланын билим деңгээлине түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Ошондой эле тестирлөөнү лотерея же кокустук катары кабыл албоого чакырды.
ЖРТга акысыз даярдоочу тиркеме иштелип чыгып, бир катар программалар даярдалууда. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.Анын айтымында, абитуриенттерди ЖРТга даярдоону 11-класстан гана эмес, башталгыч класстардан тартып баштоо зарыл. Бул багытта акысыз программалар иштелип чыккан. Ошондой эле жакынкы күндөрү “Сынак ЖРТ” аттуу акысыз тиркеме ишке кирет. Ал ар бир тапшырманы жасалма интеллекттин жардамы менен талдоого негизделген платформа болот.“Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн өткөрүлүп келе жатканына 25 жыл болду. Ушуга байланыштуу “Тең мүмкүнчүлүк-тең келечек” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдүк. Анын алкагында абитуриенттерди тестирлөөгө даярдоо маселелери жана атайын программалар талкууланды.Мектеп программасы ЖРТнын тапшырмаларына толук шайкеш келет. Анткени билим берүү системасы окуучуларды тест тапшырууга гана даярдабастан, алардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана алган билимин турмушта колдоно билүүсүн да камсыз кылышы керек. Ошондой эле ЖРТнын жыйынтыктарын талдоо аркылуу окуучулар кыйналган темаларды аныктоого, билим берүүдөгү кемчиликтерди табууга жана окутуу усулдарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар. Ар кандай ийримдерге же атайын репетиторлорго баруу ЖРТдан сөзсүз түрдө жогорку балл алууну камсыз кылбайт. Биздин акысыз программаларыбыздан пайдаланып, сынамык тесттерден өтүп, өз алдынча даярдануу менен эле жакшы көрсөткүчтөргө жеткен абитуриенттерибиз бар. 2025-жылы Агартуу министрлиги тарабынан ЖРТнын чыныгы тапшырмаларынын негизинде түзүлгөн “Булак” акысыз тиркемеси ишке киргизилген. Мындан тышкары, ЖРТнын 25 жылдыгына карата өзүбүздүн “Сынак ЖРТ”кошумча платформабызды жакында ишке киргизебиз. Бул тиркеме ар бир тапшырманы жасалма интеллекттин жардамы менен талдап, түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет”,- деди Батракеева.Адис ата-энелерге жана абитуриенттерге кайрылып, ЖРТнын жыйынтыгы баланын билим деңгээлине түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Ошондой эле тестирлөөнү лотерея же кокустук катары кабыл албоого чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104833906_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f0310579adda9e3b65c4b4010a9a3859.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
ЖРТга даярдаган акысыз тиркеме иштелип чыкты
15:04 11.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 11.11.2026) Коноктор
Чынара Батракеева, Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору