https://sputnik.kg/20261111/1104839518.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылуудан адамдар каза болуп, жаракат алганына байланыштуу Түркиянын... 11.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-11T17:00+0600
2026-11-11T17:00+0600
2026-11-11T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104839352_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b37916cf10a26287ab8a3ae20da546f4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылуудан адамдар каза болуп, жаракат алганына байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана боордош түрк элине көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.Эске салсак, 9-ноябрда Измирдин Алиага районундагы HABAŞ металлургиялык заводунда жарылуу болуп, андан соң өрт чыккан. Каргашадан кеминде 17 жумушчу каза таап, 13 адам жаракат алган. Алдын ала маалымат боюнча, жарылуу заводдо буу казанын алмаштыруу учурунда көпүрөлүү кран кулап, металл эритүүчү мешке түшкөндүктөн келип чыккан. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Амур Айба Медер президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, ал арызын бүгүн берген. Буга чейин президент болуу ниетин сегиз киши билдирген. Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт. Ачык маалымат булактарда Айба Амур тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ал Бишкек шаарында жайгашкан, тазаланган мунай заттарды жана алардан брикеттерин өндүрүү менен алектенген "БОйл" жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) жетекчиси жана уюштуруучусу болуп саналат. Ошондой эле туристтик кызматтарды көрсөткөн "Жети Жылдыз" ЖЧКсынын жетекчиси катары катталган.
Жалал-Абадда жүк ташууга багытталган жаңы аэропорт 2027-жылдын күз айларында ачылат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидиновдун айтымында, жаңы аба майданынын жанынан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өтөт. Ошондуктан аэропорт негизинен аба аркылуу жүк ташууга багытталат.Аэропортто 3 600 метрдик учуп-конуу тилкеси, эки учак жүрүүчү жол, төрт учакка ылайыкталган токтотмо жана 12 миң чарчы метрлик терминал курулат. Ал Airbus A319, A320, A321 жана Boeing 737 учактарын, анын ичинде жүк ташуучу лайнерлерди кабыл алууга ылайыкташат. Долбоор алгач 50–60 миллион долларга бааланган, бирок алдын ала эсеп боюнча курулушту 40 миллион долларга бүтүрүү пландалууда. Аэропорт ишке киргенде алгач ички каттамдар, анын ичинде "Манас" эл аралык аэропортуна каттамдар ачылып, кийин чет элдик авиакомпаниялар тартылат.
Европа Биримдигине жаңыдан кошулган кандай гана мамлекет болобсун 15 жылдык "сыноо мөөнөтүндө" болот. Еврокомиссиянын мындай шарт-талабы боюнча Sputnik Ближнее зарубежье жазды."15 жыл ичинде "негизги демократиялык баалуулуктарды же ак дил менен кызматташуу принцибин" бузган өлкөнү дароо эле добуш берүү укугунан же жалпы казынадан берилчү акчадан ажыратып коюшу мүмкүн. Мындай чечимди кабыл алуу үчүн бардык мамлекеттердин бир добуштан колдоосу талап кылынбайт. Ал эми "ак ниет кызматташуу принцибин" аларкаалагандай кылып, өз кызыкчылыгына жараша ылайыкташтырып, жасап-түзөп алышат", — деп жазды аталган канал.Брюссель жакынкы күндөрү бул талапты так расмийлештирет жана ал кескин ультиматум түрүндө болору айтылууда.
Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо болгон жарылуудан адамдар каза болуп, жаракат алганына байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана боордош түрк элине көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.Эске салсак, 9-ноябрда Измирдин Алиага районундагы HABAŞ металлургиялык заводунда жарылуу болуп, андан соң өрт чыккан. Каргашадан кеминде 17 жумушчу каза таап, 13 адам жаракат алган. Алдын ала маалымат боюнча, жарылуу заводдо буу казанын алмаштыруу учурунда көпүрөлүү кран кулап, металл эритүүчү мешке түшкөндүктөн келип чыккан. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.Амур Айба Медер президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, ал арызын бүгүн берген. Буга чейин президент болуу ниетин сегиз киши билдирген. Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 13-ноябрда аяктайт. Ачык маалымат булактарда Айба Амур тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ал Бишкек шаарында жайгашкан, тазаланган мунай заттарды жана алардан брикеттерин өндүрүү менен алектенген "БОйл" жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) жетекчиси жана уюштуруучусу болуп саналат. Ошондой эле туристтик кызматтарды көрсөткөн "Жети Жылдыз" ЖЧКсынын жетекчиси катары катталган.Жалал-Абадда жүк ташууга багытталган жаңы аэропорт 2027-жылдын күз айларында ачылат. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидиновдун айтымында, жаңы аба майданынын жанынан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өтөт. Ошондуктан аэропорт негизинен аба аркылуу жүк ташууга багытталат.Аэропортто 3 600 метрдик учуп-конуу тилкеси, эки учак жүрүүчү жол, төрт учакка ылайыкталган токтотмо жана 12 миң чарчы метрлик терминал курулат. Ал Airbus A319, A320, A321 жана Boeing 737 учактарын, анын ичинде жүк ташуучу лайнерлерди кабыл алууга ылайыкташат. Долбоор алгач 50–60 миллион долларга бааланган, бирок алдын ала эсеп боюнча курулушту 40 миллион долларга бүтүрүү пландалууда. Аэропорт ишке киргенде алгач ички каттамдар, анын ичинде "Манас" эл аралык аэропортуна каттамдар ачылып, кийин чет элдик авиакомпаниялар тартылат.Европа Биримдигине жаңыдан кошулган кандай гана мамлекет болобсун 15 жылдык "сыноо мөөнөтүндө" болот. Еврокомиссиянын мындай шарт-талабы боюнча Sputnik Ближнее зарубежье жазды."15 жыл ичинде "негизги демократиялык баалуулуктарды же ак дил менен кызматташуу принцибин" бузган өлкөнү дароо эле добуш берүү укугунан же жалпы казынадан берилчү акчадан ажыратып коюшу мүмкүн. Мындай чечимди кабыл алуу үчүн бардык мамлекеттердин бир добуштан колдоосу талап кылынбайт. Ал эми "ак ниет кызматташуу принцибин" аларкаалагандай кылып, өз кызыкчылыгына жараша ылайыкташтырып, жасап-түзөп алышат", — деп жазды аталган канал.Брюссель жакынкы күндөрү бул талапты так расмийлештирет жана ал кескин ультиматум түрүндө болору айтылууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0b/1104839352_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1a0f38edd5902170d9e7ae0552a28a41.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио