"Вега" компаниясы "Коопсуз шаар" долбоорунан канча пайда табат

Жазылуу
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып жаткан "Вега" компаниясы кеткен чыгымдарын жол эрежесин бузуудан түшкөн каражаттын бир бөлүгүнөн кайтарып алат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Россиялык "Вега" компаниясы жол эрежесин бузууга салынган ар бир айыптан 220 сомго чейин алат. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымат жыйында билдирди.

Бүгүн, 12-ноябрда, аталган комитет менен Россиянын "Концерн радиостроения "Вега" компаниясынын ортосунда "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду.

Шаршембиев ошондой эле эки лот болгонун жана анын ар биринде жеңүүчү төлөнгөн айып пулдун канчасын алары так жазылган.

"Айып пулдун көлөмү канча экенине карабай биринчи лот боюнча 211 сом, экинчисинен 220 сом алат", — деди ал.

"Концерн радиостроения "Вега" компаниясынын башкы директорунун орун басары Сергей Калмыков биринчи комплекс үй айдан кийин иштеп баштарын айтып, долбоор жарым жылдан кийин ишке кирерин белгиледи. Ал ошондой эле компания аталган долбоор менен беш жыл иштей турганын жана бул убакыт ичинде коротулган каражат акталат деп ишенип жатканын кошумчалады.

Конкурстун талабына ылайык, россиялык компания кепилдик катары Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин эсебине 246 миллион рубль (3 миллион доллардан ашык) которгон.

Проект безопасного города во Франции - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" долбоору кимге табышталды: тендердин жеңүүчүсү тууралуу 5 факты
"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн интернет-аукцион 23-августта өтүшү керек болчу, бирок мамлекеттик сатып алуулар системасында ката кетип, аукцион өтпөй калган.

4-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукцион өтүп, ага "Вега", "Альфа телеком" жана "Маалыматтык системанын коопсуздугу" компаниялары катышкан. Жыйынтыгы 21-сенбярь күнү чыгып, жеңүүчү деп Россиянын "Вега" ишканасы табылган

Тендердин баштапкы баасы 2,5 миллиард сом. Аукцион бул сумманы төмөндөтүш үчүн өткөрүлүп, ал эки лотко бөлүнгөн. Ар биринин баштапкы баасы 1 миллиард 276 миллион 353 миң 120 сом. Аукциондун натыйжасында эң аз сумма көрсөткөн "Концерн радиостроения "Вега" компаниясы жеңишке жетти. Ал биринчи лотко 1 миллиард 125 миллион 765 сом, экинчисине 1 миллиард 195 миллион 575 сом сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0