https://sputnik.kg/20180901/belgiluu-adamdar-okuuchu-kezinde-kandaj-ehle-1040883716.html
Эл көрө элек сүрөттөр! Атактуу адамдар мектеп курагында кандай эле?
Эл көрө элек сүрөттөр! Атактуу адамдар мектеп курагында кандай эле?
Sputnik Кыргызстан
Мектептеги кез, балалык, өспүрүм курак адам баласынын эң бир бактылуу ирмемдеринен экенин талашсыз болсо керек. 01.09.2018, Sputnik Кыргызстан
2018-09-01T14:47+0600
2018-09-01T14:47+0600
2021-12-16T14:02+0600
https://sputnik.kg/img/104088/32/1040883254_0:48:664:423_1920x0_80_0_0_7ab8900d6363322aa852cbf3c3919a5d.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2018
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104088/32/1040883254_0:16:700:456_1920x0_80_0_0_ecb15908ed7a0528763e7715550713dd.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
мультимедиа, сүрөт, кыргызстан, коом, жаңылыктар
мультимедиа, сүрөт, кыргызстан, коом, жаңылыктар
Эл көрө элек сүрөттөр! Атактуу адамдар мектеп курагында кандай эле? 14:47 01.09.2018 (Жаңыртылды: 14:02 16.12.2021 )
Мектептеги кез, балалык, өспүрүм курак адам баласынын эң бир бактылуу ирмемдеринен экенин талашсыз болсо керек.
Сооронбай Жээнбеков, Дастан Жумабеков, Аида Салянова, Аида Исмаилова, Нурзат Токтосунова, Манас Ниязов аттуу белгилүү адамдар окуучу кезинде кандай эле? 1-cентябрь Билим күнүн утурлай Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги белгилүү адамдардын окуучулук кезиндеги сүрөттөрүн сунуштайт.
© Фото / из личного архива Аиды Саляновой Бешиктеги баланын бек болорун ким билсин... Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Нарындагы Чкалов мектебин бүтүргөн.
Бешиктеги баланын бек болорун ким билсин... Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Нарындагы Чкалов мектебин бүтүргөн.
© Фото / из личного архива Сооронбая Жээнбекова Өлкөнүн биринчи адамы! Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылындагы мектептен билим алган.
Өлкөнүн биринчи адамы! Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылындагы мектептен билим алган.
© Фото / из личного архива АидыИсмаиловой Азыр бул тестиер кыз Жогорку Кеңеште отурат. Эл өкүлү Аида Исмаилова борбордогу №62 мектепти аяктаган.
Азыр бул тестиер кыз Жогорку Кеңеште отурат. Эл өкүлү Аида Исмаилова борбордогу №62 мектепти аяктаган.
© Фото / из личного архива Нурзат Токтосуновой Бир карап тааный аласызбы? Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова Ысык-Көл облусундагы Ичке-Суу орто мектебинде билим алган.
Бир карап тааный аласызбы? Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова Ысык-Көл облусундагы Ичке-Суу орто мектебинде билим алган.
© Фото / из личного архива Дастана Джумабекова Ошол кезде эле чыкыйта костюмду кийип... Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков (солдо) Таластагы Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектепте билим алган.
Ошол кезде эле чыкыйта костюмду кийип... Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков (солдо) Таластагы Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектепте билим алган.
© Фото / их личного архива Гульнары Тойгонбаевой КР Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева Аксы районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы 36-орто мектепте окуган.
КР Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева Аксы районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы 36-орто мектепте окуган.
© Фото / из личного архива Алмамбета Шыкмаматова Мектеп босогосун жаңы аттаган кез. Депутат Алмамбет Шыкмаматов Жумгал районунун Кызарт айылындагы Жаңы-Арык орто мектебинде билим алган.
Мектеп босогосун жаңы аттаган кез. Депутат Алмамбет Шыкмаматов Жумгал районунун Кызарт айылындагы Жаңы-Арык орто мектебинде билим алган.
© Фото / предоставлено Мирбеком Атабековым Мирбек Атабековду кандай куракта болбосун "жымыңдаган" көздөрүнөн таанууга болот. Ырчы Таласта, андан соң Бишкекте окуган.
Мирбек Атабековду кандай куракта болбосун "жымыңдаган" көздөрүнөн таанууга болот. Ырчы Таласта, андан соң Бишкекте окуган.
© Фото / из личного архива Аиды Касымалиевой Кезинде журналист катары таанылып, учурда депутаттыкты аркалаган Аида Касымалиева Ошто алгач мектепте, андан соң гимназияда окуган.
Кезинде журналист катары таанылып, учурда депутаттыкты аркалаган Аида Касымалиева Ошто алгач мектепте, андан соң гимназияда окуган.
© Фото / Назира Айтбекова Сүйлөсө тилинен чаң чыккан алып баруучу Назира Айтбекова. Ал Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы №4 гимназия-мектебин бүтүргөн.
Сүйлөсө тилинен чаң чыккан алып баруучу Назира Айтбекова. Ал Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы №4 гимназия-мектебин бүтүргөн.
© из личного архива Данияра Тербишалиева Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев Ысык-Көлдө, андан соң Бишкектин №60 мектебинде окуган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев Ысык-Көлдө, андан соң Бишкектин №60 мектебинде окуган.
© Фото / из личного архива Манаса Ниязова Сүрүн кара! Учурдун эң мыкты көк бөрү оюнчусу Манас Ниязов (оңдо) Оштогу Курманжан Датка орто мектебин аяктаган.
Сүрүн кара! Учурдун эң мыкты көк бөрү оюнчусу Манас Ниязов (оңдо) Оштогу Курманжан Датка орто мектебин аяктаган.
© из личного архива Ирины Карамушкиной Депутат Ирина Карамушкина Фрунзедеги №26 мектебин бүтүргөн.
Депутат Ирина Карамушкина Фрунзедеги №26 мектебин бүтүргөн.
© из семейного архива Айчурек Иманалиевой КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева (оңдо) Таластын Калба айылындагы орто мектепте окуган.
КРдин эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева (оңдо) Таластын Калба айылындагы орто мектепте окуган.
© из личного архива Равшана Жээнбекова Кыязы "мен айтайынбы?" дегендай кол көтөрүп жатат го. ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Талас облусунун Манас районундагы Үсөнбаев атындагы мектепти бүтүргөн.
Кыязы "мен айтайынбы?" дегендай кол көтөрүп жатат го. ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Талас облусунун Манас районундагы Үсөнбаев атындагы мектепти бүтүргөн.
© Фото / личный архив Курмангазы Азыкбаева Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Нарында окуган
Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Нарында окуган
© Фото / Аскат Сулайманов Милиционердин ролун катыра ойногон актер Аскат Сулайманов (ортодо). Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы №4 гимназия-мектебин бүтүргөн.
Милиционердин ролун катыра ойногон актер Аскат Сулайманов (ортодо). Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы №4 гимназия-мектебин бүтүргөн.