Көйкөлө баскан, гүл кармаган, килемде тер төккөн Айсулуу. Балбан кыз 25ке чыкты
Көйкөлө баскан, гүл кармаган, килемде тер төккөн Айсулуу. Балбан кыз 25ке чыкты
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн дүйнө элине таанымал балбан кыз Айсулуу Тыныбекова өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлүп... 04.05.2018, Sputnik Кыргызстан
Бүгүн дүйнө элине таанымал балбан кыз Айсулуу Тыныбекова өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында чоңойгон.
Айсулуу Тыныбекова эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кыз-келиндер арасындагы күрөштөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Жайкы Олимпиада оюндарында эки ирет күчүн сынаган (Лондон-2012, Рио-Де-Жанейро-2016).
Айсулуу Тыныбекова 2014-жылы Инчхондогу Азия оюндарында 55 килограмм салмак ченинде коло медалга татыган. Алтынды япониялык Саори Йошида алса, күмүштү монголиялык Бямбасурэна Сундев тагынган. Дагы бир коло байге Чжун Хуйчунга буюрган.
Балбан кыз 2017-жылы Парижде өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган. Ал муну менен эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде байгени камсыздады.