Sputnik Кыргызстан агенттиги быйыл жогорку окуу жайды бүтүрүп, келечекке карай аттанууга камынып жаткан Жакшылык Кадыров менен жолугуп, жашоосу, пландары жана коомчулуктун көзү азидерге болгон мамилеси тууралуу маектешти.
— Жакшылык, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?
— Мен 1996-жылы Ош шаарында төрөлүп, ушул жерде чоңойгом. Апам жана төрт карындашым бар. Майыптардын атайын мектеп-интернатын аяктадым. Андан соң жогорку окуу жайга тапшырып, азыр Юридикалык институттун 4-курсунда окуп жатам. Ушул жылы окуумду аяктайм.
— Канча жаштан тарат көрбөй калгансыз?
— Мен өзүм так билбейм, бирок жакындарымдын айтуусуна караганда көзүм бир жашыман баштап көрбөй калыптыр. Ага чейин баары жакшы эле болгон экен. Катуу оорудан эмес, дарыгерлердин туура эмес эмдегенинен же болбосо шалаакылыгынын айынан ушундай абалга туш келипмин.
— Угушумча азыр төрт карындашыңызды жалгыз карайт экенсиз?
— Өзүңөр батирде жашасаңар, андан сырткары, күнүмдүк турмушка, тамак-ашка каражат табуу кыйын эмеспи?
— Каражат жагынан, албетте, кыйынчылык тартабыз. Апам дайыма акча салганга аракет кылат. Бирок баары бир тартыш турмушта жашайбыз. Мисалы, батирге эле айына 6 миң сом төлөө керек. Мамлекет айына үч миң сом жардам берет. Ага кошумча өзүм да кол сунуп эле отура бербейин деп колдон келишинче иштеп, акча тапканга аракет кылам. Бир-эки теннис столум бар. Ошолорду ижарага берем. Кээде майда-чүйдө жумуштарды кылып калам. Мисалы, көчөдө муздак суу сатып акча тапкан күндөрүм болот. Акча жок деп эле отура бербей тиричилик кылып жүрөм.
— Билим алам деген ниет кичинекейиңизден эле бар беле? Окуу кыйынчылык жараткан жокпу?
— Жаштайыман эле окусам, татыктуу билим алсам деген тилегим чоң болчу. Мектепти аяктап жатканда алгач журналист болгум келген. Ушул кесипке өзгөчө шыгым бардай сезилчү. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу юристтикке окууга мажбур болдум. Төрт жылдан бери бул кесиптин жакшы экендигине көзүм жетти. Ал эми орто билимди мектеп-интернаттан алдым. Ал жер атайын бизге ылайыкташкандыктан окуу оңой эле болчу. Жогорку окуу жайда чынын айтсам, башында кыйынчылыктарга туш келдим. Биз негизи коомчулукка көп аралаша бербейбиз да. Ошондуктан башкаларга жат болуп, көпчүлүк бизге кандай мамиле кылуу керек экенин жакшы биле бербейт. Бирок кийинчээрек баарыбыз бири-бирибизге көнүшүп кеттик. Окуу жайдан татыктуу билим алгандан сырткары көптөгөн дос-курбу күттүм. Негизи эле өтө мыкты же жаман эмес, орто деңгээлде окудум деп айта алам.
— Быйыл бүтүрүүчү экенсиз, диплом алгандан кийин эмне жумуш кылгыңыз келет?
— Күнүмдүк турмушта адамдардын силерге болгон мамилеси кандай?
— Баарын бир тараптуу жакшы же жаман деп айта албайм. Жашоодо ар кандай адамдар кездешет. Алардын арасында көңүлүңдү аябай калтыргандар да бар. Көчөдө жүргөндө же болбосо коомдук транспортко түшкөндө бизге карата "өгөй" көз караш бар. Артыбыздан сүйлөгөндөр көп. Мурда мындай көрүнүштөр катуу тийсе, азыр көнүп деле калдым. Анан дагы, эң кызыгы жөн эле баратсаң колуңа акча карматкандар болот. Балким, жардам бергиси келип жаткандыр деп аларды деле туура түшүнүп коёбуз. Бирок аябай ыңгайсыз абалга туш болосуң. Биз деле кадимкидей эле адамбыз. Бизди көргөндө качпагыла же таң калбагыла. Мисалы, автобуста баратканда жаныңда отуруудан качышат. Мындай көрүнүштөр аябай капа кылат. Көзүбүз гана көрбөгөнү болбосо башкалардан айырмабыз деле жок. Коомчулук бизге түшүнүү менен мамиле кылса, майыптардын аларга аралашуусу, жашоодон өз ордун табуусу оңой болмок.
— Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
— Биздин кулагыбыз көздүн дагы функциясын аткаргандыктан, бош убакытымда аудио китептерди угам. Бул мен эң жакшы көргөн нерселердин бири. Андан сырткары, кичинекей карындашым менен ойногонду жактырам. Аны менен ойноо мен үчүн көптөгөн көйгөйлөрдүн дарысы десем болот.
— Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
— Ооба, бар. Буюрса эмдиги жылы баш кошобуз деп пландап жатабыз.