https://sputnik.kg/20260608/1101764491.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча видеоконференция байланыш форматында жолугушуу өткөрүлдү... 08.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-08T08:59+0600
2026-06-08T08:59+0600
2026-06-08T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101764325_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7524be122e1471e28772995cf630f45c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча видеоконференция байланыш форматында жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Сауд Аравиянын делегациясын тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Мохаммед Аль-Шаммари жетектеди. Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов “Жаш кадрлар мектеби” долбоорунун катышуучулары менен жолукту. Улан Маматканов катышуучуларды куттуктап жатып, учурда Кыргызстан масштабдуу трансформациянын жана динамикалык өнүгүүнүн мезгилин башынан кечирип жатканын белгиледи. "Акыркы жылдары Кыргызстан тездик менен өзгөрүп, өнүгүп, жаңы доорго кадам таштоодо. Өлкө боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып, өнүгүүнүн жана жаратмандыктын жаңы темпи сезилип жатат. Биз жаңы Кыргызстанды куруу доорунда жашап жатабыз", - деп белгиледи ал. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жаш адистерди даярдоо боюнча долбоордун маанисине токтолуп, президент мамлекеттик башкаруу системасына келечек муундун жаш жана кесипкөй адистерин тартууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. "Мамлекеттик башкаруу бул бирдиктүү механизм. Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинети ар башка институттар, бирок алардын максаты бир: мамлекеттин өнүгүүсү жана элдин бакубаттуулугу үчүн. Бардык мамлекеттик институттардын биргелешкен жана координацияланган иши гана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздайт", - деп белгиледи ал. Жолугушууда жаштардын потенциалын, санариптик технологияларды өнүктүрүү, өлкөнүн келечектеги таланттуу резервин даярдоо маселелери талкууланды.
Бишкектеги Киев көчөсү 10 күндөн кийин реконструкцияга жабылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. “Көчө толугу менен жабылбайт, өтмөктөр алмаштырылат. Айрым кесилиштер ачык бойдон калат. Жылуулук тармактарынын өтмөктөрүн жаңылоо пландалууда”, — деди ал. Буга чейин мэрия Киев көчөсү Бейшеналиевадан Абдрахмановго чейин реконструкцияланарын билдирген. Долбоордун жалпы баасы 5,5 миллион долларды түзүп, 2028-жылга чейин созулат. Анын алкагында реконструкциядан кийин жолдун эки тилкеси коомдук транспорт үчүн бөлүнөрү, ал эми үчүнчү тилке менен жеңил унаалар жүрө турганы айтылган. Ошондой эле жолдун бир тарабындагы тротуар велосипедчилер үчүн болсо, экинчи тарабы жөө жүргөндөр үчүн каралган.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы жеңилүүсүнүн ордун толтуруу үчүн Кубага чабуул жасап көрүшү мүмкүн, бирок бул алардын абалын ого бетер оорлоштурат. Бул тууралуу Миссури университетинин профессору Майкл Хадсон билдиргенин РИА Новости жазды. “Батыш өзүнүн көңүлүн көтөрүп, "жеңишке жеттик" деш үчүн Гавана же Каракас сыяктуу шаарларды бомбалап салышы мүмкүн. Бирок бул кадамы
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук маселелер боюнча видеоконференция байланыш форматында жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Сауд Аравиянын делегациясын тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча жардамчысы Мохаммед Аль-Шаммари жетектеди. Тараптар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги тууралуу пикир алмашышты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов “Жаш кадрлар мектеби” долбоорунун катышуучулары менен жолукту. Улан Маматканов катышуучуларды куттуктап жатып, учурда Кыргызстан масштабдуу трансформациянын жана динамикалык өнүгүүнүн мезгилин башынан кечирип жатканын белгиледи. "Акыркы жылдары Кыргызстан тездик менен өзгөрүп, өнүгүп, жаңы доорго кадам таштоодо. Өлкө боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып, өнүгүүнүн жана жаратмандыктын жаңы темпи сезилип жатат. Биз жаңы Кыргызстанды куруу доорунда жашап жатабыз", - деп белгиледи ал. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жаш адистерди даярдоо боюнча долбоордун маанисине токтолуп, президент мамлекеттик башкаруу системасына келечек муундун жаш жана кесипкөй адистерин тартууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты. "Мамлекеттик башкаруу бул бирдиктүү механизм. Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинети ар башка институттар, бирок алардын максаты бир: мамлекеттин өнүгүүсү жана элдин бакубаттуулугу үчүн. Бардык мамлекеттик институттардын биргелешкен жана координацияланган иши гана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздайт", - деп белгиледи ал. Жолугушууда жаштардын потенциалын, санариптик технологияларды өнүктүрүү, өлкөнүн келечектеги таланттуу резервин даярдоо маселелери талкууланды.Бишкектеги Киев көчөсү 10 күндөн кийин реконструкцияга жабылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. “Көчө толугу менен жабылбайт, өтмөктөр алмаштырылат. Айрым кесилиштер ачык бойдон калат. Жылуулук тармактарынын өтмөктөрүн жаңылоо пландалууда”, — деди ал. Буга чейин мэрия Киев көчөсү Бейшеналиевадан Абдрахмановго чейин реконструкцияланарын билдирген. Долбоордун жалпы баасы 5,5 миллион долларды түзүп, 2028-жылга чейин созулат. Анын алкагында реконструкциядан кийин жолдун эки тилкеси коомдук транспорт үчүн бөлүнөрү, ал эми үчүнчү тилке менен жеңил унаалар жүрө турганы айтылган. Ошондой эле жолдун бир тарабындагы тротуар велосипедчилер үчүн болсо, экинчи тарабы жөө жүргөндөр үчүн каралган.Батыш өлкөлөрү Украинадагы жеңилүүсүнүн ордун толтуруу үчүн Кубага чабуул жасап көрүшү мүмкүн, бирок бул алардын абалын ого бетер оорлоштурат. Бул тууралуу Миссури университетинин профессору Майкл Хадсон билдиргенин РИА Новости жазды. “Батыш өзүнүн көңүлүн көтөрүп, "жеңишке жеттик" деш үчүн Гавана же Каракас сыяктуу шаарларды бомбалап салышы мүмкүн. Бирок бул кадамы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101764325_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_82ada7d419af2d31270e3045c9f6f53f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио