00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Тамеки тартуу онкологиялык оорулардын тобокелдигин канча эсеге жогорулатат? Дарыгер-онколог менен маек
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн 11 жаштагы футболчу Нурсейит Абдыев менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Нурсейит Бишкекте жашайт, №60 орто мектепте окуйт, "Дордой" клубунун балдар командасында машыгып, футбол менен активдүү алектенет. "Апасынын айтымында, Нурсейит бул жолугушууну үч жыл күткөн жана президент менен сүйлөшүп жатканда абдан толкунданып турду", — деп билдирди маалымат кызматы. Президент менен жолугууга анын апасы кошо келген. Президент жаш футболчуга белектерди тапшырып, окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунда жүргөн сел боюнча 7-июнга карата ыкчам маалымат менен бөлүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине жалпы 185 адам жана 14 инженердик техника тартылган. “Ал эми селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон жаранды издөө иши уланууда. Азырынча натыйжа боло элек, кошумча маалымат берилет”, — деп билдирди министрлик. Эске салсак, 5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел сууларына кошулуп, масса Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 92-чакырымын басып калган. Баткак Mercedes-Benz Sprinter, Ford Mondeo автоунааларын жана эки адамды басып калган. Куткаруу ишине жалпы 287 адам тартылып, саат 23:35те 18 жаштагы баланын сөөгү табылган. Экинчи кишини издеп жатышкан.
ЕАЭБде байланыштын сапатын кантип жакшыртууну көздөп жатышкандыгы тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана антимонополияны жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович айтып берди. Маалымат Петербург эл аралык экономикалык форуму алкагындагы Байланыш тармагындагы аймактык кызматташтык форумунда берди. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери роумингдеги байланыш тарифтерин өлкө ичиндеги бааларга болушунча жакындатуу, ал эми келечекте бирикменин ичинде роумингди толугу менен алып салуу милдетин коюшкан. Бул маселени 2028-жылдын 1-январына чейин чечүү пландалууда. "Максат — роумингди таптакыр жоюу жана бирикменин ичинде ары-бери каттаганда байланышка көп каражат кетпей турган системага өтүү", — деди Ермолович. Анын айтымында, Россия менен Беларустун ортосундагы роуминг кызматтарынын баасы мурдагыга салыштырмалуу 10 эседен да ашык арзандаган. Бирок аны менен катар эле бул жааттагы операторлордун кирешеси дээрлик 17 пайызга өскөн.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы жеңилүүсүнүн ордун толтуруу үчүн Кубага чабуул жасап көрүшү мүмкүн, бирок бул алардын абалын ого бетер оорлоштурат. Бул тууралуу Миссури университетинин профессору Майкл Хадсон билдиргенин РИА Новости жазды. “Батыш өзүнүн көңүлүн көтөрүп, "жеңишке жеттик" деш үчүн Гавана же Каракас сыяктуу шаарларды бомбалап салышы мүмкүн. Бирок бул кадамы менен зор мамлекеттин кичинекей, бей-бечара өлкөгө күчү жеткенин дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтөт. Сырттан караганда бул Украина менен Ирандагы утулуштун өчүн алууга аракет кылгандай эле көрүнөт. Мунусу менен алар өз абалын ого бетер оорлоштуруп алышат”, — дейт эксперт. Профессордун пикиринде, Батыш өзүнүн эле кызыкчылыгы үчүн башка өлкөлөргө карата жүргүзгөн агрессивдүү, жырткычтык саясатынан баш тартышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0