https://sputnik.kg/20260608/1101773236.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү француз актрисасы Одри Тоту Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. "Амели" тасмасы аркылуу дүйнөгө... 08.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-08T13:00+0600
2026-06-08T13:00+0600
2026-06-08T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101773069_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2879e7f8de40427c428ee60323858293.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү француз актрисасы Одри Тоту Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. "Амели" тасмасы аркылуу дүйнөгө таанылган актриса Бишкекте өтүп жаткан IV эл аралык кинофестивалга катышууда. Иш-чаранын ачылыш аземинде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев мамлекет кино тармагын колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, төрт жыл мурда киноөндүрүшүнө 80 миллион сом бөлүнсө, быйыл бул көрсөткүч 928 миллион сомго жеткен. Эл аралык кинофестиваль Бишкекте 7–12-июнь күндөрү өтөт. Программада дүйнөлүк премьералар, чет элдик тасмалар жана режиссёрлордун тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуулары камтылган.
Илбирс аткандарга 2 млн сом айып: Мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар күчөтүлүүдөКыргызстанда жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга карата ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.Учурда Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз аткандар үчүн төмөнкүдөй айып пулдар белгиленген: Илбирс үчүн — 2 миллион сом;Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен үчүн — 1 миллион 500 миң сом;Кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн үчүн — 50 миң сом.Министрлик жакында Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылыкка байланыштуу факт катталганын маалымдады. Анда кийиктин этин бышырып жаткан жеринен браконьер кармалып, учурда окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.Ведомство жарандарды жаратылышты коргоого, жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Ошондой эле мыйзамсыз аңчылык фактылары тууралуу маалыматка күбө болгон жарандар министрликтин 108 түз байланыш номерине жашыруун түрдө кабар бере алары белгиленди.
Филиппиндин Минданао аралынын жээгинде магнитудасы 8,1ге жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа – Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн кийинки эки сааттын ичинде кеминде 11 афтершок (майда силкинүүлөр) катталган. Жер титирөөнүн очогу 679 миң калкы бар Генерал-Сантос шаарынан 58 чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурда үч адам каза болгону маалымдалды. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттары бир нече имарат урап түшкөнүн жазышууда. Филиппиндин Жарандык авиация башкармалыгы "Генерал-Сантос" эл аралык аэропорту өз ишин убактылуу токтотконун маалымдады. Өлкөнүн президенти Фердинанд Маркос цунами коркунучу жарыяланганына байланыштуу Минданао аралынын тургундарын коопсуздук максатында бийик жерлерге көчүүгө чакырды.
Киев бийлиги Украинанын жаратылыш ресурстары боюнча Вашингтон менен түзүлгөн келишимди аткарууну создуктурууда. Бул тууралуу "Страна.ua" басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, макулдашуу ратификациялангандан бери бир жыл өтсө да, долбоорду ишке ашырууда эч кандай жылыш жок. Мунун негизги себептери катары төмөндөгүлөр аталууда: кен байлыктарды казып алуудагы кыйынчылыктар; долбоордун кирешелүүлүгүнө болгон күмөн саноолор; инвесторлордун Украинанын экономикасына акча салууга кызыкдар эместиги. Басылма аталган маселенин саясий жагына да токтолгон. Украина бийлиги бул келишим аркылуу АКШ президенти Дональд Трамптын тушунда Вашингтондун аскердик жана каржылык колдоосун сактап калууну көздөгөн.
Белгилүү француз актрисасы Одри Тоту Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. "Амели" тасмасы аркылуу дүйнөгө таанылган актриса Бишкекте өтүп жаткан IV эл аралык кинофестивалга катышууда. Иш-чаранын ачылыш аземинде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев мамлекет кино тармагын колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, төрт жыл мурда киноөндүрүшүнө 80 миллион сом бөлүнсө, быйыл бул көрсөткүч 928 миллион сомго жеткен. Эл аралык кинофестиваль Бишкекте 7–12-июнь күндөрү өтөт. Программада дүйнөлүк премьералар, чет элдик тасмалар жана режиссёрлордун тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуулары камтылган.Илбирс аткандарга 2 млн сом айып: Мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар күчөтүлүүдөКыргызстанда жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга карата ири өлчөмдөгү айып пулдар каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.Учурда Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз аткандар үчүн төмөнкүдөй айып пулдар белгиленген: Илбирс үчүн — 2 миллион сом;Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен үчүн — 1 миллион 500 миң сом;Кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн үчүн — 50 миң сом.Министрлик жакында Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз аңчылыкка байланыштуу факт катталганын маалымдады. Анда кийиктин этин бышырып жаткан жеринен браконьер кармалып, учурда окуя боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.Ведомство жарандарды жаратылышты коргоого, жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Ошондой эле мыйзамсыз аңчылык фактылары тууралуу маалыматка күбө болгон жарандар министрликтин 108 түз байланыш номерине жашыруун түрдө кабар бере алары белгиленди.Филиппиндин Минданао аралынын жээгинде магнитудасы 8,1ге жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа – Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдиргенин РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн кийинки эки сааттын ичинде кеминде 11 афтершок (майда силкинүүлөр) катталган. Жер титирөөнүн очогу 679 миң калкы бар Генерал-Сантос шаарынан 58 чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурда үч адам каза болгону маалымдалды. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттары бир нече имарат урап түшкөнүн жазышууда. Филиппиндин Жарандык авиация башкармалыгы "Генерал-Сантос" эл аралык аэропорту өз ишин убактылуу токтотконун маалымдады. Өлкөнүн президенти Фердинанд Маркос цунами коркунучу жарыяланганына байланыштуу Минданао аралынын тургундарын коопсуздук максатында бийик жерлерге көчүүгө чакырды. Киев бийлиги Украинанын жаратылыш ресурстары боюнча Вашингтон менен түзүлгөн келишимди аткарууну создуктурууда. Бул тууралуу "Страна.ua" басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, макулдашуу ратификациялангандан бери бир жыл өтсө да, долбоорду ишке ашырууда эч кандай жылыш жок. Мунун негизги себептери катары төмөндөгүлөр аталууда: кен байлыктарды казып алуудагы кыйынчылыктар; долбоордун кирешелүүлүгүнө болгон күмөн саноолор; инвесторлордун Украинанын экономикасына акча салууга кызыкдар эместиги. Басылма аталган маселенин саясий жагына да токтолгон. Украина бийлиги бул келишим аркылуу АКШ президенти Дональд Трамптын тушунда Вашингтондун аскердик жана каржылык колдоосун сактап калууну көздөгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101773069_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3cc9e6eb825e757258ded2d1c84a0b20.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио