https://sputnik.kg/20260608/1101781258.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кутман кеч ардактуу угармандар! Жаңылыктар түрмөгүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...УКМК төрагасынын... 08.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-08T19:00+0600
2026-06-08T19:00+0600
2026-06-08T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101781092_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f03c562ec392cf9c44f93769c086c085.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кутман кеч ардактуу угармандар! Жаңылыктар түрмөгүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...УКМК төрагасынын киберкоопсуздукту тескеген орун басары алмашты Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат: долбоор 20 млн сомду түзөтСаясатчы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты. Алдыда кененирээк токтолобуз.Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын айтымында, маркум бүгүн көчөдө баратып, абалы начарлап кеткен. Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Эмгек жолун заводдо токарь болуп баштап, комсомолдо иштеп, кийин ички иштер органдарында ар кандай кызматтарды аркалаган.Ал парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты болгон. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бир нече күн ЖК төрагалыгын аркалаган. Андан тышкары, башкы прокурор, ИИМ башчысы болуп да эмгектенген. Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын — атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Анын ордуна Алмаз Ажыгулов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Эске салсак, Шадыбеков бул кызматка 10-февралда дайындалган.
Сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты 9-июндан 12-июнга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, бул күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Белгилей кетсек, май айынын соңунан бери өлкө боюнча жер-жерлерде кыян жүрүүдө. Айрым аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ысык-Көл районунда 5-июндагы селдин кесепетинен 18 жаштагы улан менен 15 жаштагы мектеп окуучусу каза тапты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кыргызстандын Кызыл китебин жаңыртуу иштерин баштайт. Долбоордун жалпы наркы 20 млн 729 миң сомду түзүп, 24 айга созулат. Илимпоздор өлкө боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, сейрек жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын абалын иликтешет. Жыйналган маалыматтардын негизинде Кызыл китепке киргизиле турган же чыгарылуучу түрлөр аныкталат. Ошондой эле долбоордун алкагында Кызыл китептин электрондук версиясы түзүлүп, ал мамлекеттик системаларга интеграцияланат жана жаңыланып турат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жаңыланган басылма кагаз түрүндө да чыгарылат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 64 тыйынга юань 12 сом 89 тыйынга рубль 1 сом 18 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 9-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунуну айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Таласта +27...+32, Ысык-Көлдө +16...+21, ал эми Нарын регионунда +22...+27 градусту көрсөтөт. Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Аба ырайы эки калаада +34...+36 градус ысыйт.
Кутман кеч ардактуу угармандар! Жаңылыктар түрмөгүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардын кыскача мазмуну...УКМК төрагасынын киберкоопсуздукту тескеген орун басары алмашты Кыргызстандын Кызыл китеби жаңыланат: долбоор 20 млн сомду түзөтСаясатчы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты. Алдыда кененирээк токтолобуз.Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын айтымында, маркум бүгүн көчөдө баратып, абалы начарлап кеткен. Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Эмгек жолун заводдо токарь болуп баштап, комсомолдо иштеп, кийин ички иштер органдарында ар кандай кызматтарды аркалаган.Ал парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты болгон. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин бир нече күн ЖК төрагалыгын аркалаган. Андан тышкары, башкы прокурор, ИИМ башчысы болуп да эмгектенген. Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын — атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Анын ордуна Алмаз Ажыгулов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Эске салсак, Шадыбеков бул кызматка 10-февралда дайындалган.Сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты 9-июндан 12-июнга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, бул күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Белгилей кетсек, май айынын соңунан бери өлкө боюнча жер-жерлерде кыян жүрүүдө. Айрым аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ысык-Көл районунда 5-июндагы селдин кесепетинен 18 жаштагы улан менен 15 жаштагы мектеп окуучусу каза тапты. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кыргызстандын Кызыл китебин жаңыртуу иштерин баштайт. Долбоордун жалпы наркы 20 млн 729 миң сомду түзүп, 24 айга созулат. Илимпоздор өлкө боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, сейрек жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын абалын иликтешет. Жыйналган маалыматтардын негизинде Кызыл китепке киргизиле турган же чыгарылуучу түрлөр аныкталат. Ошондой эле долбоордун алкагында Кызыл китептин электрондук версиясы түзүлүп, ал мамлекеттик системаларга интеграцияланат жана жаңыланып турат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жаңыланган басылма кагаз түрүндө да чыгарылат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 64 тыйынга юань 12 сом 89 тыйынга рубль 1 сом 18 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ 9-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунуну айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Шейшемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Таласта +27...+32, Ысык-Көлдө +16...+21, ал эми Нарын регионунда +22...+27 градусту көрсөтөт. Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Аба ырайы эки калаада +34...+36 градус ысыйт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101781092_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bd4b926b4b2e72e1800720a6de839c48.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио