00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Эл арасында, өнөр жолунда: Темирхан Кеңешбековдун чыгармачылыгы
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«В мире вырос запрос на справедливость» — экс-министр иностранных дел о победе кыргызской дипломатии
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
АТРдин алкагында аймактарды кантип өнүктүрөбүз?
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдар ичеги-карын инфекциялары, вирустук оорулар: алдын алуу, эмдөө жана ата-эненин жоопкерчилиги
21:05
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөргө көзөмөл кескин күчөтүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарында МИКтин батирлеринин ачкычын тапшыруу аземинде айтты. Мамлекет башчысы Караколдогу турак жайдын чатырынан суу агып жатканы тууралуу жакында болгон окуяга токтолуп, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштандыга толтурбоого чакырды. Жапаров мамлекет өзү 30 жылдан бери дээрлик эч нерсе курбаганын айтты. "Акыркы беш жылда гана жолдорду, көп кабаттуу турак үйлөрдү жана башка объектилерди өз күчүбүз менен активдүү кура баштадык. Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек", — деди өлкө башчы. Эскерте салсак, буга чейин катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы МИК курган үйлөрдү суу каптаган. Компания буга төрт үйдүн түтүктөрүнө таштанды толуп бүтөлүп калганы себеп болгонун билдирген.
Экономика жана коммерция министрлигинде Россия – БУУнун Өнуктуруу Программасынын Трасттык фондунун мониторингдик миссиясы, Россия өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, анда өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу багытындагы кызматташтыктын кадамдары аныкталды. Талкуунун алкагында 2025-2030-жылдарга карата региондордо өсүштүн таяныч чекиттерин калыптандыруу жана аймактарды пландоодо заманбап ыкмаларды киргизүү маселелери каралды. Кызматташтыктын алгачкы практикалык кадамы катары БУУ ӨП Кант шаары үчүн пилоттук мастер-пландарды иштеп чыгууга эксперттик колдоо көрсөтүүдө. Ушундай эле экономикалык активдүүлүктү стимулдаштыруу долбоору Өзгөн шаарында да улантылууда. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелер региондордо жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти кеңейтүүгө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилеп, долбоорлорду ишке ашырууну улантууну макулдашышты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкекте курулуп жаткан Алтай шаарчасынын курулушун текшергенин маалымат кызматы кабарлады. Иш сапардын жүрүшүндө министр курулуштун сапатын күчөтүүнү жана графиктин так аткарылышын күн сайын көзөмөлдөөнү тапшырды. Ошондой эле батирлерди сатуу курулушу активдүү жүрүп жаткан блоктордо гана жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Учурда объектиде дренаждык системаларды орнотуу иштери аяктап, пайдубалдарды бекемдөө иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, Алтай шаарчасы 234 гектар аянттагы ири долбоор болуп, анда беш кабаттуу 1 551 үй жана болжол менен 34 миң батир куруу пландалган. Долбоордун алкагында мектеп, бала бакча, оорукана жана башка социалдык объектилер да каралган.
Бишкек шаарындагы муниципалдык көрүстөндөрдө жубайынын жанынан жерди алдын ала брондоо ыктыярдуу болуп саналат. Мэрия белгилегендей, мындай укук никени тастыктаган документтери бар жарандарга берилет. Жалпы брондоо баасы болжол менен 150 миң 647 сомду түзөт. Анын ичинде жер тилкесин даярдоо, көрктөндүрүү жана 10 жылдык санитардык тейлөө чыгымдары камтылган. Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициенти 50 647 сом өлчөмүндө сунушталууда. Ал эми калган жарандар үчүн сөөк коюу тартиби өзгөрүүсүз калары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0