Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарында бешинчи орунду ээлеп, кыргыз элин чоң кубанычка бөлөгөн.
— Балалыгыңыз тууралуу кеп салсаңыз?
— Түбүм Токтогул районунун Толук айылынан. Чүйгө ден соолугума байланыштуу көчүп келгенбиз. Ал кезде бейтапканалап көп жүрдүк. Панфилов айылындагы жатак мектепте окугам. Үйгө бир жумада бир келчүмүн. Башка балдардай эле тентек болсом керек. Классташ кыздардын чачын тарткылап, сагыз жабыштырып ыйлата берчүмүн.
Беш бир туугандын экинчисимин. Аман аттуу эгизим бар. Ал менден беш мүнөткө эрте төрөлгөн, үйдүн улуусу. Менден кийин эки карындашым жана иним бар.
— Бала кезде бейтапканада көп жүрдүм деп калдыңыз…
— Апам биринчи төрөтүндө эгиздерди көтөрүп кыйналып калган экен. Өзү бою кичине адам. Ушул киши балдарынын убайын көрүп, өмүрлүү болсо дейм… Тогуз жашыма чейин бутума жети жолу операция жасаттык. Ага чейин басчу эмесмин. Кудайга шүгүр, азыр эки бутум иштеп жүргөнүнө кубанам. Кудай да колдоду окшойт.
1-классты үйдөн апам окутту. Мени кийин кор болбосун дедиби, өзү окутуучу болбосо да мектептегилерден кеңеш сурап мага тамга таанытты. Ошол кезде эле 500гө чейин санаганды үйрөнүп, эсеп-кысапка тың болчумун. Мугалимдер да баа беришкен. 2-классымда жатак мектептке бардым. Көпчүлүк деген башка экен. Ошентип менин чыныгы окуучулук күндөрүм башталды.
— Спортко кантип келип калгансыз?
— Бишкектеги финансы техникумунда 2-курста окуп жүргөндө спорт залга бара баштадым. Бирок кесипкөй спортчу болом деп ойлогон эмесмин.
Ал кезде таяк менен жүрчүмүн. Окуудан чыгып троллейбусту күтүп отурсам бир карган киши келип, колдорумду кармап машыксаң болчудай экен деп залга алып барган. Биринчи эле 50 килограмм штанганы көтөрдүм. "Күч деген бар экен, дүйнө чемпиону болосуңбу?" деди. Сөзүнө маани деле берген жокмун. Машыгууга келип келбей, өзүмө ишенбей жүрдүм. Биринчи мелдеште 85 килограммды түрттүм. Пьедесталга тургузуп алтын медаль тагышканда жөн гана көңүлүмдү көтөрүп берип коюшту го дедим. Үйдөгүлөргө деле жар салган жокмун. Чогуу машыккан Данияр деген балдакчан бала бар эле, аны менен кечинде тамак жасап майрамдадык. Түгөйүм Эсен келип куттуктады.
Тер төккөн эмгегимдин акыбети кайтып, Паралимпиада оюндарына эки жолу катышкам (Лондон-2012, Бразилия-2016 — ред). 2016-жылы дүйнө кубогун утуп, былтыр жана быйыл күмүш медаль тагындым. Учурда Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык жүрүп жатат. Келекчектеги чоң максатым — Паралимпиада оюндарында алтын медаль тагынуу.
Машыктыруучум Аднан Жабраиловго терең ыраазычылыгымды билдирем. Он жылдан ашык убакыттан бери тарбиялоодо. Биз үчүн күйгөн, жан тарткан, стипендиябызды бөлдүртүп берген, машыгууларга жөнөткөн да ушул адам. Ачыгын айтканда, улуту чечен болсо да кыргыздан кем калбай намыс талашат. Аднан агай болбосо, бизге окшогондор катарда эле жүрө бермек. Учурда биз машыгып жаткан спорттун түрү боюнча дүйнөдө деңгээлибиз мыкты.
— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?
— Стипендия аз кезде түрктөрдүн ун чыгарган фирмасында каптарга мөөр басып иштечүмүн. Жетекчилигине абдан ыраазымын, мелдештерге кеткенде колдоп турушчу. Азыр ордума инимди киргизип койгом. Эки жыл мурун мамлекет тарабынан 45 миң сом стипендия бериле баштады. Анын жарымы колдоно турчу витаминдерден ашпайт. Бала-чака бой жетип калды, аларды тарбиялоо үчүн бар күчүмдү жумшашым керек.
— Канча балаңыз бар?
Кызым апасынын колунда, каникулда келип турат. Уулум мени менен. 14 жашта, түрктөрдүн "Сапат" билим берүү борборунда окуйт. Абдан зээндүү, акылы тунук бала. Түрк, англис тилдеринде мыкты сүйлөйт. Азыр Индияга физика сабагы боюнча сынакка барганы турат. Командасынын капитаны экен. Кийин президент болсо деп кыялданам. Футболду абдан жакшы билет.