Логопед Жаркынбаева: аттуу-баштуу эле адамдар майып балдарын таштап кетишет

© Фото / Азат АкаевСокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда логопед болуп иштеген Жылдыз Жаркынбаева
Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда логопед болуп иштеген Жылдыз Жаркынбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каарман экинчи баласы тубаса майып болуп төрөлгөндөн кийин логопед кесибин тандаган

Жылдыз Жаркынбаева Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда логопед болуп иштейт. 39 жаштагы маектешибиз эки баланын энеси. Кесиби боюнча тилчи болгон Жаркынбаеванын экинчи баласы майып болуп төрөлгөн. Уулунун колу-буту иштебейт, жакшы сүйлөй албайт. Мындан улам логопед кесиби боюнча экинчи жогорку билимин алууну чечкен. Жаркынбаева менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомдогу абалы тууралуу баарлаштык.

— Жылдыз айым, өзүңүздүн негизги кесибиңиз башка экен…

Многодетная мать одиночка Алмакан Туратова - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз бой эне Туратова: вагондогу турмуш, чарчаткан 13 чакырым, онтоткон оору
— Өзүм жогоркуу окуу жайдын чыгыш таануу факультетин бүтүргөм. Кесибим — япон тили боюнча филолог. Мектепте англис тилинен сабак берип, эл аралык уюмдарда иштеп көрдүм. Анан ошол кезде экинчи балам төрөлдү. Бирок турмуш деген сен күтпөгөндөй болот экен. Балам тубаса оорукчан. Алгач үйдө өзүм карайм деп аракет кылдым. Тогуз жыл иштебей уулум менен отурдум. Баламды башында бул борборго таштаганымда аябай жанында калгым келген. Себеби жөрмөлөп, бир аз басып калган балам ал жерде аябай жүдөп, чүнчүп кетти. Кандай болсо да уулумдун жанында болушум керек деген чечимге келдим. Ага жакындан жардам берүү үчүн логопед кесиби боюнча экинчи билим алдым. Азыр Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунда иштейм. Балам да ошол жерде.

© Фото / Азат АкаевКесиби боюнча тилчи болгон Жаркынбаеванын экинчи баласы майып болуп төрөлгөн. Уулунун колу-буту иштебейт, жакшы сүйлөй албайт. Мындан улам логопед кесиби боюнча экинчи жогорку билимин алууну чечкен
Логопед в центре реабилитации детей инвалидов Жылдыз Жаркынбаева - Sputnik Кыргызстан
Кесиби боюнча тилчи болгон Жаркынбаеванын экинчи баласы майып болуп төрөлгөн. Уулунун колу-буту иштебейт, жакшы сүйлөй албайт. Мындан улам логопед кесиби боюнча экинчи жогорку билимин алууну чечкен

— Такыр эле башка тармакта экинчи билим алуу кыйын болгон жокпу?

— Албетте, жашың өйдөлөгөндө экинчи билим алуу оңой эмес. Бирок мен үчүн баламдын жанында болуу, анын оорусун жакындан билип түшүнүү баарынан маанилүү болчу. Ошондуктан баш-отум менен берилип окудум. Экинчи билимди жалаң гана келишимдик негизде алат экенсиң. Айлыгым аз болуп, анын үстүнө эки балалуу жалгыз бой эне болгондугумдан каражат тарабы гана кыйнабаса, жакшы билим алдым деп ойлойм.

— Бул борбордо кандай балдар дарыланышат?

Тикмечи жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалим, алып баруучу, тикмечи. Майыптыкка моюн сунбаган КР жарандары
— Реабилитациялык борбор болгондуктан башкы максатыбыз — балдарды коомго кошуу. Колу-буту иштебеген, бирок акылы жайында, же болбосо кыймыл-аракети жайында, бирок акыл-эси кем балдар келет. Аябай оор акыбалда сүйлөй албаган, ажатканага барууну билбеген, колуна тийгендин баарын жеген балдар бар. Биздин милдетибиз — аларды ушул абалдан чыгарып, коомдун туруктуу мүчөсү кылуу. Аларга түшүнүү менен мамиле жасап, дарылоо зарыл. Себеби биздин коомдо алардын жашоосу оор экендиги белгилүү. Кароосуз калып, ташталган балдар да көп. Жогорку кызматтарда иштеген, элге таанымал эле адамдар өздөрүн жаап-жашырып балдарын таштап кетишет. Ата-энеси байбы же кедейби, баары бир бул балдар жанды кейитет. Мисалы, бала оор акыбалда болуп, операция жасоо зарыл болуп калса ата-энесине чалабыз. Бирок алар ачык эле бара албайбыз деп айтышат. Анан өзүбүз барып, баары бүткөнчө башында турабыз.

— Кароосуз калган балдардын кийинки акыбалы кандай болот?

— Негизи эле ташталган балдардын турмушу оор. Биздин борборго кирээриң менен эле аларга өзгөчө көңүл буруу керек экендиги байкалат. Келген адамга "апа" же "ата" деп жабыша калышат. Алар бойго жеткенче ошол жерден эч жакка чыкпай жашашат. Бизде негизи 16 жашка чейин калса болот деп айтылат. Бирок жашы 20дан өтүп калгандар да бар. Бизден чыккандан кийин акыл-эси жетишпеген балдарды алып кете турган жакындары жок болсо, психиатриялык ооруканаларга жөнөтүлөт. Бирок биздин борбордогу балдар андай ооруканадагылардан айырмаланат, ошон үчүн ал жакка барганда аябай кыйналышат. Себеби биз балдарга эч качан ийне сайбайбыз. Аябай болбой баратса дары беришибиз мүмкүн.

— Биздин коомдо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мамиле кандай?

Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кендирбаева: 9 тойго барган ата-эне баласына 9 мүнөт көңүл бөлбөйт
— Көйгөй көп. Бала оорукчан болуп төрөлгөндө эле түшүнбөстүктөр келип чыгат. Баланын айынан кээ-бир үй-бүлөлөр ажырашууга чейин жетет. Ал эми кээ бир үй-бүлөлөр оорукчан баланы ашыкча коргоп, анын көзүн карап жатып өзүмчүл, адамдарга аралаша албагыдай кылып тарбиялап коюшат. Ошондой эле биздин коомдо "эл баламды оорукчан дейт" деп өзүнчө бөлүп чоңойткон жаман адат бар. Андай балдардын адамдарга аралашуусу кыйын болот. Мисалы мен деле "балаңды мүмкүнчүлүгү чектелгендердин ооруканасына алып барбайсыңбы" деп айткандарды аябай жаман көрчүмүн. Балдарды "сен оорулуусуң" деп камап салган өтө туура эмес. Колдон келишинче аларды коомго аралаштыруу керек. Эгерде буту-колу иштебеген балдардын инфекциялык оорусу жок болс,о аларды атайын ооруканаларга бербеш керек. Кадимкидей эле бала бакчаларга берүү туура. Мисалы, бизде акыл-эси жайында, сүйлөй алган, бирок майып балдар бар. Биз аларды айла жок акыл-эси начар балдарга кошобуз. Сыныктан башканын баары жугат дегендей, алар да убакыт өткөн сайын башкаларды туурап кыйкыра башташат.

© Фото / Азат АкаевЖылдыз Жаркынбаева: бизге көп адистер келе бербейт. Бул чындык. Себеби айлык акы аз. Мен мисалы, 9 миң сом алам. Ал эми жумуш оор, ар бир баланын өзүн менен иштешүү керек
Логопед в центре реабилитации детей инвалидов Жылдыз Жаркынбаева - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жаркынбаева: бизге көп адистер келе бербейт. Бул чындык. Себеби айлык акы аз. Мен мисалы, 9 миң сом алам. Ал эми жумуш оор, ар бир баланын өзүн менен иштешүү керек

— Бул көйгөйдү кантип чечсе болот?

— Негизи мамлекет ошол балдарга өзүнчө бала бакча ачып, тарбиячыларды дайындаса, алар кадимкидей коомго кошулмак. Өз тамагын өздөрү тапканга кудурети жетмек. Андай бала бакчаларга колдон келишинче оорукчан балдары бар ата-энелерди жумушка алуу керек. Себеби алар көйгөйдү жакшы билгендиктен балдарга жакын болушат. Жумушум бүтсө үйүмө кетсем деген ойдон алыс болуп, балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө ынтызар болушмак. Мамлекет да майып балдарга төлөнчү жөлөк пулдун ордуна ал жерде иштеген ата-энеге айлык төлөмөк. Бул эки тарап үчүн да жакшы нерсе. Бизде акыл-эси жайында болгон, математиканы жакшы билген, мыкты сүрөт тарткан, жада калса ашпозчулукка окуган балдар бар. Алардын эч кимге зыяны жок. Бирок аларды башка оорукчандарга кошуп, жоготуп жатабыз. Биз айтып жаткан бала бакчаларга оорусу жеңилирээк балдар алынмак. Азыр бизде алар үчүн атайын мектептер бар. Бирок алардын баасы өтө кымбат.

— Мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар ата-энелерге кандай кеңеш берет элеңиз?

Сокулукта жыгач цехин иштеткен майыптар: буйрутма көп болсо жакшы болот эле - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта жыгач цехин иштеткен майыптар кантип жан багат? Иш учурундагы видео
— Мен өзүмдү эле мисал кылсам болот. Балам оорукчан болуп төрөлгөндө психологиялык жактан аябай жүдөгөм. "Эмне үчүн менин балам оорукчан төрөлдү" деген суроо мээмди жечү. Башка балдарды көрүп ичиң күйөт. Мындай абалдан араң чыктым. Азыр ошол убакта психологго барбаганыма абдан өкүнөм. Ошондуктан ата-энелер сөзсүз түрдө психологдон жардам алышы керек. Себеби, кээ бири жакшылыктан үмүт үзбөй аракет кылса, кээ бири өз өмүрүнө кол салып жибергенге чейин барат.

— Ушундай реабилитациялык борборлордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешчү адистердин саны жетиштүү элеби?

— Бизге көп адистер келе бербейт. Бул чындык. Себеби айлык акы аз. Мен мисалы, 9 миң сом алам. Ал эми жумуш оор, ар бир баланын өзүн менен иштешүү керек. Бул тармактагы адистерге социалдык жеңилдетүүлөр каралган эмес. Ушул жерде иштеп жүрүп ден соолугунан ажырагандар бар. Себеби, ар дайым балдарды көтөрүп жүрөсүң. Балдар кол салган учурлар да болот. Мугалимдер моралдык жактан жабыркашат. Аларга эс алуу мүмкүнчүлүгү түзүп берилсе жакшы болмок. Ошондой эле азыр мамлекет күч органдарына, милиция кызматкерлерине көптөгөн батир берип жатпайбы. Бизге да ошондой мүмкүнчүлүктөр берилсе бул тармакта иштеген сапаттуу, мыкты кадрлардын саны көбөймөк. Себеби, балдар менен иштешүүнү жакшы билген күчтүү логопед, психолог же мугалимдер жетишсиз. Азыр жөн гана жумушка келип, эптеп убакыт өткөрүп айлык үчүн иштегендер да көп. Алар балдарга керектүү нерсени бере алышпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0