https://sputnik.kg/20260607/1101759423.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Беларусь менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист... 07.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-07T15:00+0600
2026-06-07T15:00+0600
2026-06-07T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/07/1101759256_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bb4ac3acf8e0c629381580efe987d8cd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Беларусь менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Кыргызстан жана Беларустун өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, тараптар үрөндөрдү өндүрүү тармагында биргелешип иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту. Акунбеков эки өлкө айыл чарба тармагында буга чейин да тыгыз кызматташып келе жатканына токтолду. Анын ичинде Беларусь тракторлору дыйкандар арасында кеңири колдонулуп, өзүнүн ишенимдүүлүгү менен таанымал экенин белгиледи. Андыктан тараптар келечекте трактор өндүрүшү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады. Акунбеков ошондой эле Беларусь тараптын сүт азыктары рынокто кеңири таралганын айтты.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо жана орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган "Электрондук кезек" мамлекеттик санариптик тутуму mektep.edu.gov.kg порталынан balalyk.edu.gov.kg порталына көчүрүлдү. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын бирдиктүү санариптик платформага топтоп, ата-энелер үчүн кызматтарды пайдаланууну жеңилдетүүгө багытталган. Эми баланы бала бакчага каттоо, кезекке туруу, орундардын кыймылын көзөмөлдөө жана башка кызматтарды balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу алуу мүмкүн. "Буга чейин mektep.edu.gov.kg порталында катталган бардык арыздар жана кезек боюнча маалыматтар толугу менен сакталган жана жаңы платформага автоматтык түрдө өткөрүлдү. Кезекте турган балдардын катталган маалыматтары өзгөрүүсүз калат", - деп айтылат маалыматта. Эми ата-энелер балдарын balalyk.edu.gov.kg порталы, андан тышкары "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат.
Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, долбоор президенттин турукташтыруу фондунан каржыланууда. Башкы планга ылайык, спорт комплекси жалпы аянты 1433 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат болот. Анда 230 көрүүчүгө ылайыкталган күрөш жана бокс залдары, машыктыруучулардын кабинети, ошондой эле бардык шарттары каралган спортчулардын жатак бөлмөлөрү жайгашат. Учурда курулуш 45 пайызга бүткөрүлдү.
Европарламенттин депутаттары Зеленскийди орденден ажыратууну сунушташты. Маалыматка ылайык, польшалык евродепутат Анна Брылка Европарламенттин ондогон депутаттары Владимир Зеленский алган “Сиңирген эмгеги үчүн” орденди кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылышканын билдирди. Анын айтымында, депутаттар мындай демилгени Зеленскийдин акыркы чечимдерине байланыштуу көтөрүшүүдө. Бул аракеттерди УПАны даңазалоо катары баалап, мындай көрүнүштөр Европа баалуулуктарына туура келбей турганын белгилешкен. Брылка Зеленский аталган сыйлыкты Европа интеграциясына жана европалык баалуулуктарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн алганын эске салып, геноцид жана этностук "тазалоо" менен байланышкан тарыхый окуяларды актоо же даңазалоо бул баалуулуктарга каршы келерин билдирген.
Кыргызстан Беларусь менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууга макулдашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Кыргызстан жана Беларустун өкмөт башчыларынын жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, тараптар үрөндөрдү өндүрүү тармагында биргелешип иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту. Акунбеков эки өлкө айыл чарба тармагында буга чейин да тыгыз кызматташып келе жатканына токтолду. Анын ичинде Беларусь тракторлору дыйкандар арасында кеңири колдонулуп, өзүнүн ишенимдүүлүгү менен таанымал экенин белгиледи. Андыктан тараптар келечекте трактор өндүрүшү боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады. Акунбеков ошондой эле Беларусь тараптын сүт азыктары рынокто кеңири таралганын айтты.Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоо жана орундарды бөлүштүрүү үчүн колдонулган "Электрондук кезек" мамлекеттик санариптик тутуму mektep.edu.gov.kg порталынан balalyk.edu.gov.kg порталына көчүрүлдү. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын бирдиктүү санариптик платформага топтоп, ата-энелер үчүн кызматтарды пайдаланууну жеңилдетүүгө багытталган. Эми баланы бала бакчага каттоо, кезекке туруу, орундардын кыймылын көзөмөлдөө жана башка кызматтарды balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу алуу мүмкүн. "Буга чейин mektep.edu.gov.kg порталында катталган бардык арыздар жана кезек боюнча маалыматтар толугу менен сакталган жана жаңы платформага автоматтык түрдө өткөрүлдү. Кезекте турган балдардын катталган маалыматтары өзгөрүүсүз калат", - деп айтылат маалыматта. Эми ата-энелер балдарын balalyk.edu.gov.kg порталы, андан тышкары "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат.Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш иштери "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп, долбоор президенттин турукташтыруу фондунан каржыланууда. Башкы планга ылайык, спорт комплекси жалпы аянты 1433 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат болот. Анда 230 көрүүчүгө ылайыкталган күрөш жана бокс залдары, машыктыруучулардын кабинети, ошондой эле бардык шарттары каралган спортчулардын жатак бөлмөлөрү жайгашат. Учурда курулуш 45 пайызга бүткөрүлдү.Европарламенттин депутаттары Зеленскийди орденден ажыратууну сунушташты. Маалыматка ылайык, польшалык евродепутат Анна Брылка Европарламенттин ондогон депутаттары Владимир Зеленский алган “Сиңирген эмгеги үчүн” орденди кайтарып алуу өтүнүчү менен кайрылышканын билдирди. Анын айтымында, депутаттар мындай демилгени Зеленскийдин акыркы чечимдерине байланыштуу көтөрүшүүдө. Бул аракеттерди УПАны даңазалоо катары баалап, мындай көрүнүштөр Европа баалуулуктарына туура келбей турганын белгилешкен. Брылка Зеленский аталган сыйлыкты Европа интеграциясына жана европалык баалуулуктарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн алганын эске салып, геноцид жана этностук "тазалоо" менен байланышкан тарыхый окуяларды актоо же даңазалоо бул баалуулуктарга каршы келерин билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/07/1101759256_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e44389c9b11f5c826799f83fc2a85748.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио