https://sputnik.kg/20260608/1101768457.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан Асман Резиденс турак жай комплексинде жаңы курулган ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү... 08.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-08T11:00+0600
2026-06-08T11:00+0600
2026-06-08T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101768291_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_add96e23568203d638f2914bfb1236f6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан Асман Резиденс турак жай комплексинде жаңы курулган ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү. Салтанатка Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышып, жаңы конуш ээлерин куттуктады. Бул этапта беш кабаттуу беш блоктон турган үйлөр пайдаланууга берилип, жалпысынан 225 батир өз ээлерине тапшырылды. Алардын ичинен 50 батир бир бөлмөлүү, 125 батир эки бөлмөлүү жана 50 батир үч бөлмөлүү болуп саналат. Турак жай комплексинде жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган. Анда 830 чарчы метрлик балдар аянтчасы, 74 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле футбол талаасы жана спорт комплекси курулган. Мындан тышкары, аталган аймакта кошумча 1,95 гектар жер тилкесинде жаңы беш кабаттуу үйлөрдүн курулушу уланууда. Бул долбоор жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу багытындагы мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып жатат.
Окумуштуу Канат Абдрахматов Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунда эмне себептен көчкү түшүп, таш кулоолор болуп жатканын түшүндүрдү Улуттук илимдер академиясынын мурдагы башчысы курулуш учурунда тоо тектеринин “табигый эңкейиш бурчу” эске алынган эмес деп эсептейт. “Элестетиңиз, сиздин дачаңызга же корооңузга бир машине кум төгүштү. Эгер бул үйүндүнү дароо тегиздебей калтырып койсоңуз, ал убакыттын өтүшү менен формасын өзгөртүп, жантайыңкы боло баштайт. Кийинчерээк бул процесс токтойт. Кум үйүндүсүнүн жантайышы токтогондо пайда болгон бурч — “табигый эңкейиш бурчу” деп аталат. Эгерде кумдун ордуна бир машине шагыл алып келинсе, анда ал үйүндүнүн бурчу башкача — тигирээк болот”, — деп түшүндүрдү Абдрахматов социалдык тармактарда. Профессор тактап өткөндөй, дал ушул эңкейиш бурчу урандылардын, таш кулоолордун жана көчкүлөрдүн пайда болуу ыктымалдуулугун жогорулатат.
Ысык-Көлдө сел алып кеткен 15 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды Ысык-Көл районунда селден кийин дайынсыз болгон 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, окуучунун сөөгү Булан-Сөгөттү айылынан, сел алып келген ылай-топурактын арасынан табылган. Эске салсак, 5-июнда Балыкчы — Каракол унаа жолунда сел жүргөн. Кыяндын кесепетинен жер көчкү жүрүп, ылай эки жаранды басып калган. 18 жаштагы жигиттин сөөгү табылып, экинчисин издөө иштери жүрүп жаткан.
Арменияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды Шайлоого эки саясий блок жана 16 партия катышты. Акыркы маалыматтар боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын дээрлик 59 пайызы катышканын Sputnik Армения билдирди. Бүгүн күн бою оппозициялык “Армения”, “Күчтүү Армения” жана “Гүлдөгөн Армения” блокторунун лидерлери тарапташтары массалык түрдө кармалып жатканын жана шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар болгонун айтып жатышты. Ошондой эле алардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөнү кабарланды. Премьер-министр Никол Пашинян Армения “объективдүү түрдө Европа Биримдигине кирүүгө даяр эмес” экенин билдирди. Анын айтымында, өлкө реформаларды жүргүзүшү керек. Оппозициялык блоктордун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, шайлоо участкалары жабыларга жакын аскер кызматкерлери массалык түрдө добуш берүүгө алып келинген.
Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жайгашкан Асман Резиденс турак жай комплексинде жаңы курулган ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземи өттү. Салтанатка Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышып, жаңы конуш ээлерин куттуктады. Бул этапта беш кабаттуу беш блоктон турган үйлөр пайдаланууга берилип, жалпысынан 225 батир өз ээлерине тапшырылды. Алардын ичинен 50 батир бир бөлмөлүү, 125 батир эки бөлмөлүү жана 50 батир үч бөлмөлүү болуп саналат. Турак жай комплексинде жашоочулар үчүн бардык шарттар каралган. Анда 830 чарчы метрлик балдар аянтчасы, 74 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле футбол талаасы жана спорт комплекси курулган. Мындан тышкары, аталган аймакта кошумча 1,95 гектар жер тилкесинде жаңы беш кабаттуу үйлөрдүн курулушу уланууда. Бул долбоор жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу багытындагы мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылып жатат. Окумуштуу Канат Абдрахматов Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунда эмне себептен көчкү түшүп, таш кулоолор болуп жатканын түшүндүрдү Улуттук илимдер академиясынын мурдагы башчысы курулуш учурунда тоо тектеринин “табигый эңкейиш бурчу” эске алынган эмес деп эсептейт. “Элестетиңиз, сиздин дачаңызга же корооңузга бир машине кум төгүштү. Эгер бул үйүндүнү дароо тегиздебей калтырып койсоңуз, ал убакыттын өтүшү менен формасын өзгөртүп, жантайыңкы боло баштайт. Кийинчерээк бул процесс токтойт. Кум үйүндүсүнүн жантайышы токтогондо пайда болгон бурч — “табигый эңкейиш бурчу” деп аталат. Эгерде кумдун ордуна бир машине шагыл алып келинсе, анда ал үйүндүнүн бурчу башкача — тигирээк болот”, — деп түшүндүрдү Абдрахматов социалдык тармактарда. Профессор тактап өткөндөй, дал ушул эңкейиш бурчу урандылардын, таш кулоолордун жана көчкүлөрдүн пайда болуу ыктымалдуулугун жогорулатат.Ысык-Көлдө сел алып кеткен 15 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды Ысык-Көл районунда селден кийин дайынсыз болгон 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, окуучунун сөөгү Булан-Сөгөттү айылынан, сел алып келген ылай-топурактын арасынан табылган. Эске салсак, 5-июнда Балыкчы — Каракол унаа жолунда сел жүргөн. Кыяндын кесепетинен жер көчкү жүрүп, ылай эки жаранды басып калган. 18 жаштагы жигиттин сөөгү табылып, экинчисин издөө иштери жүрүп жаткан. Арменияда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды Шайлоого эки саясий блок жана 16 партия катышты. Акыркы маалыматтар боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын дээрлик 59 пайызы катышканын Sputnik Армения билдирди. Бүгүн күн бою оппозициялык “Армения”, “Күчтүү Армения” жана “Гүлдөгөн Армения” блокторунун лидерлери тарапташтары массалык түрдө кармалып жатканын жана шайлоо участкаларында мыйзам бузуулар болгонун айтып жатышты. Ошондой эле алардын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөнү кабарланды. Премьер-министр Никол Пашинян Армения “объективдүү түрдө Европа Биримдигине кирүүгө даяр эмес” экенин билдирди. Анын айтымында, өлкө реформаларды жүргүзүшү керек. Оппозициялык блоктордун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, шайлоо участкалары жабыларга жакын аскер кызматкерлери массалык түрдө добуш берүүгө алып келинген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101768291_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_278bfb6aa6bf3f9d67f7dabd552211d6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио