https://sputnik.kg/20260608/1101778873.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 61 миң жаран жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Бул тууралуу аталган министрликтин... 08.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-08T17:00+0600
2026-06-08T17:00+0600
2026-06-08T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101778707_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1441b200579e495e5fac4b21d03ba27e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 61 миң жаран жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди. Маалымдалгандай, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпы Кыргызстан боюнча 104 миңдей жаран жумушсуз.Учурда өлкөдө курулуштун темпи жогору болгондуктан, бул тармакта иштеген адистерге, жумушчуларга талап абдан жогору болуп жатат. Иш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча бүгүнкү күндө кеңейтилген программа даярдалып жатат”,- деди министр.Ал ошондой эле министрликтеги санариптештирүү иштерине токтолуп, өлкөдөгү шаарларда санариптик кызмат көрсөтүүлөр өнүгүп жатканын, бирок айыл жергесинде жарандар көбүнчө мекемелерге барып кызмат алып жатышкандыгын кошумчалады.
Кыргызстанда 20 миңге жакын чет элдик жарандын кыймылсыз мүлкү бар. Бул тууралуу Жер ресурстары агенттигинин төрагасынын орун басары Жакшылык Токтосунов парламентте билдирди. Ал былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч бир аз өскөнүн белгиледи. Жер кодексине ылайык, Кыргызстандагы турак жайларды чет өлкөлүк жарандар сатып ала алышат, бирок анын алдындагы жер тилкеси аларга 49 жылдык мөөнөткө гана ижарага берилет. "Эгер бул кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жараны сатып алса, жер тилкеси да анын менчигине өтөт", — деп түшүндүрдү Токтосунов. Буга чейин депутат Дастан Бекешев 2025-жылы жана быйылкы жылдын биринчи чейрегинде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда 2 408 кыймылсыз мүлк объектин сатып алганын билдирген. Алардын 1 238и — Россиянын жараны, 424ү — Казакстан, 311и — Кытай, 145и — Түркия жана 56сы — Германиянын жарандары.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын — атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Анын ордуна Алмаз Ажыгулов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Эске салсак, Шадыбеков бул кызматка 10-февралда дайындалган.
Батыш өлкөлөрү Украинадагы жеңилүүсүнүн ордун толтуруу үчүн Кубага чабуул жасап көрүшү мүмкүн, бирок бул алардын абалын ого бетер оорлоштурат. Бул тууралуу Миссури университетинин профессору Майкл Хадсон билдиргенин РИА Новости жазды. “Батыш өзүнүн көңүлүн көтөрүп, "жеңишке жеттик" деш үчүн Гавана же Каракас сыяктуу шаарларды бомбалап салышы мүмкүн. Бирок бул кадамы менен зор мамлекеттин кичинекей, бей-бечара өлкөгө күчү жеткенин дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтөт. Сырттан караганда бул Украина менен Ирандагы утулуштун өчүн алууга аракет кылгандай эле көрүнөт. Мунусу менен алар өз абалын ого бетер оорлоштуруп алышат”, — дейт эксперт. Профессордун пикиринде, Батыш өзүнүн эле кызыкчылыгы үчүн башка өлкөлөргө карата жүргүзгөн агрессивдүү, жырткычтык саясатынан баш тартышы керек.“Же силер бул дүйнөдө өз ара мамиле түзүүнүн башка жолун табасыңар, же ушундай кырдаалдарга кайра-кайра туш боло бересиңер”, — деп кошумчалады эксперт.
Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 61 миң жаран жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Канат Сагынбаев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди. Маалымдалгандай, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жалпы Кыргызстан боюнча 104 миңдей жаран жумушсуз.Учурда өлкөдө курулуштун темпи жогору болгондуктан, бул тармакта иштеген адистерге, жумушчуларга талап абдан жогору болуп жатат. Иш менен камсыз кылуу жана эмгек рыногун өнүктүрүү боюнча бүгүнкү күндө кеңейтилген программа даярдалып жатат”,- деди министр.Ал ошондой эле министрликтеги санариптештирүү иштерине токтолуп, өлкөдөгү шаарларда санариптик кызмат көрсөтүүлөр өнүгүп жатканын, бирок айыл жергесинде жарандар көбүнчө мекемелерге барып кызмат алып жатышкандыгын кошумчалады.Кыргызстанда 20 миңге жакын чет элдик жарандын кыймылсыз мүлкү бар. Бул тууралуу Жер ресурстары агенттигинин төрагасынын орун басары Жакшылык Токтосунов парламентте билдирди. Ал былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч бир аз өскөнүн белгиледи. Жер кодексине ылайык, Кыргызстандагы турак жайларды чет өлкөлүк жарандар сатып ала алышат, бирок анын алдындагы жер тилкеси аларга 49 жылдык мөөнөткө гана ижарага берилет. "Эгер бул кыймылсыз мүлктү кийин Кыргызстандын жараны сатып алса, жер тилкеси да анын менчигине өтөт", — деп түшүндүрдү Токтосунов. Буга чейин депутат Дастан Бекешев 2025-жылы жана быйылкы жылдын биринчи чейрегинде чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда 2 408 кыймылсыз мүлк объектин сатып алганын билдирген. Алардын 1 238и — Россиянын жараны, 424ү — Казакстан, 311и — Кытай, 145и — Түркия жана 56сы — Германиянын жарандары. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын — атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Анын ордуна Алмаз Ажыгулов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Эске салсак, Шадыбеков бул кызматка 10-февралда дайындалган.Батыш өлкөлөрү Украинадагы жеңилүүсүнүн ордун толтуруу үчүн Кубага чабуул жасап көрүшү мүмкүн, бирок бул алардын абалын ого бетер оорлоштурат. Бул тууралуу Миссури университетинин профессору Майкл Хадсон билдиргенин РИА Новости жазды. “Батыш өзүнүн көңүлүн көтөрүп, "жеңишке жеттик" деш үчүн Гавана же Каракас сыяктуу шаарларды бомбалап салышы мүмкүн. Бирок бул кадамы менен зор мамлекеттин кичинекей, бей-бечара өлкөгө күчү жеткенин дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтөт. Сырттан караганда бул Украина менен Ирандагы утулуштун өчүн алууга аракет кылгандай эле көрүнөт. Мунусу менен алар өз абалын ого бетер оорлоштуруп алышат”, — дейт эксперт. Профессордун пикиринде, Батыш өзүнүн эле кызыкчылыгы үчүн башка өлкөлөргө карата жүргүзгөн агрессивдүү, жырткычтык саясатынан баш тартышы керек.“Же силер бул дүйнөдө өз ара мамиле түзүүнүн башка жолун табасыңар, же ушундай кырдаалдарга кайра-кайра туш боло бересиңер”, — деп кошумчалады эксперт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/08/1101778707_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f3c1e513ab28a0becc595a1364c9457c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио