00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Тамеки тартуу онкологиялык оорулардын тобокелдигин канча эсеге жогорулатат? Дарыгер-онколог менен маек
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:06
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. “Урматтуу финансы жана экономика кызматкерлери! Министрлер кабинетинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Финансы-экономика тармагынын кызматкерлери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп саналат жана мамлекеттик реформаларды ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган маанилүү демилгелерди иштеп чыгууга түздөн-түз катышып келишет. Сиздердин кесипкөйлүк, ишке берилгендик жана ак ниет эмгегиңиздер мамлекеттин каржылык туруктуулугу чыңдалып, экономикалык өсүштүн жогорку темпи камсыздалып, бизнести өнүктүрүүгө жана калктын бакубатчылыгына жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөнүн финансы-экономикалык системасы жогорку туруктуулукту, динамикалуу өнүгүүнү жана ишенимдүү өсүштү көрсөтүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун (ПЭЭФ) алкагында Россиянын бир нече аймагынын жетекчилери менен онго жакын жемиштүү жолугушууларды өткөргөнүн өкмөттөн кабарлашты. Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов менен жолугушууда минкаб төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосунда союздаштык, стратегиялык өнөктөштүктүн деминде кызматташууну улантууну белгилеген. Мындан тышкары, Амангелдиев "Россиянын экспорттук борбору" акционердик коомунун башкы директору Вероника Никишина менен жолуккан. Тараптар соода-экономикалык жана транспорт, медицина тармагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча иштерди сүйлөшкөн. Амангелдиев форумдун жүрүшүндө Кыргызстан былтыркы форумда берген убадасын аткарып, биринчи жолу форумда өзүнүн Улуттук стенди менен тааныштыргандыгын, бул республиканын соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн ачык көрсөткөнүн билдирген.
Сел кесепеттерин жоюу иштеринен кийин Баетов – Макмал унаа жолу кайрадан ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-июнда катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Талаа районундагы Баетов – Макмал унаа жолунун 14-16-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолго зыян келтирген. "Учурда жеринде жолду калыбына келтирүү жана сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле суунун агымын туура багыттоо жана буруу иштери аткарылууда. Учурда унаа кыймылы үчүн жол эки тараптуу ачык", - деп айтылат маалыматта.
Арменияда парламенттик шайлоо өтүп жатканын РИА Новости билдирди. Өлкө боюнча 2005 шайлоо тилкеси ачылган. Жалпы 16 партия жана эки саясий блок катышууда. Армениянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2,5 миллион жаран добуш берүү укугуна ээ. Парламенттик шайлоо пропорциялык шайлоо системасы боюнча өтүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0