https://sputnik.kg/20260607/1101755650.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине... 07.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-07T08:59+0600
2026-06-07T08:59+0600
2026-06-07T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/07/1101755484_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a1d6638de3ce4b526e84570181a9da5d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды. Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлкө президенти Садыр Жапаровдун энергетика тармагына болгон өзгөчө көз карашы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоого, ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын белгилеп, президенттин саясатын ишке ашыруу жана элди үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн министрлер кабинети бир катар багыттар боюнча тынымсыз иштерди алып барып жатканын билдирди.
Кыргызстанда жакын арада локороботторду өндүрүү ишке киргизилет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башчысы Артем Новиков билдирди. Ал бул долбоор Россиянын "Проктех" ишканасы жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы менен биргеликте ишке ашырыла турганын белгиледи. "Бул темир жол тармагына учкучсуз системаларды киргизүүгө жана темир жол транспорту тармагындагы компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", — деди Новиков.Локороботтор ири ишканаларда, кампаларда жана карьерлерде колдонулат. Алар аралыктан башкарылып, кадимки тепловоздорду алмаштырат. Ошондой эле жолдун татаал тилкелеринде оор локомотивдерди жылдыруу үчүн автономиялуу тартипте иштей алышат.
Технологиялык лидерлик акырындык менен Батыштан БРИКС өлкөлөрүнө өтүп жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, тарыхта Батыш өлкөлөрү технологиялык өнүгүүнүн негизги булагы катары каралып келген.“Бирок азыр олуттуу өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Акыркы 25 жылда БРИКС өлкөлөрү жогорку технологиялуу экспорттун көлөмүн кыйла көбөйттү. Азыр алардын үлүшү дүйнөлүк жеткирүүлөрдүн үчтөн биринен ашты. Бул дүйнөдөгү технологиялык лидерликтин өзгөрүп жатканын көрсөтөт”, — деди Россия лидери. Ошондой эле ал БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк ИДПдагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча үлүшү болжол менен 40 пайызды түзөрүн, ал эми G7 өлкөлөрүнүн үлүшү 29%дан аз экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды. Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлкө президенти Садыр Жапаровдун энергетика тармагына болгон өзгөчө көз карашы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоого, ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын белгилеп, президенттин саясатын ишке ашыруу жана элди үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн министрлер кабинети бир катар багыттар боюнча тынымсыз иштерди алып барып жатканын билдирди. Кыргызстанда жакын арада локороботторду өндүрүү ишке киргизилет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башчысы Артем Новиков билдирди. Ал бул долбоор Россиянын "Проктех" ишканасы жана "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы менен биргеликте ишке ашырыла турганын белгиледи. "Бул темир жол тармагына учкучсуз системаларды киргизүүгө жана темир жол транспорту тармагындагы компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет", — деди Новиков.Локороботтор ири ишканаларда, кампаларда жана карьерлерде колдонулат. Алар аралыктан башкарылып, кадимки тепловоздорду алмаштырат. Ошондой эле жолдун татаал тилкелеринде оор локомотивдерди жылдыруу үчүн автономиялуу тартипте иштей алышат.Технологиялык лидерлик акырындык менен Батыштан БРИКС өлкөлөрүнө өтүп жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, тарыхта Батыш өлкөлөрү технологиялык өнүгүүнүн негизги булагы катары каралып келген.“Бирок азыр олуттуу өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Акыркы 25 жылда БРИКС өлкөлөрү жогорку технологиялуу экспорттун көлөмүн кыйла көбөйттү. Азыр алардын үлүшү дүйнөлүк жеткирүүлөрдүн үчтөн биринен ашты. Бул дүйнөдөгү технологиялык лидерликтин өзгөрүп жатканын көрсөтөт”, — деди Россия лидери. Ошондой эле ал БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк ИДПдагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча үлүшү болжол менен 40 пайызды түзөрүн, ал эми G7 өлкөлөрүнүн үлүшү 29%дан аз экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/07/1101755484_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bc4cfbbf474f58ecd614d65cefe65a80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
08:59 07.06.2026 (Жаңыртылды: 09:16 07.06.2026) Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине 40тан ашуун атайын техниканын ачкычын тапшырды. Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков өлкө президенти Садыр Жапаровдун энергетика тармагына болгон өзгөчө көз карашы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоого, ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталганын белгилеп, президенттин саясатын ишке ашыруу жана элди үзгүлтүксүз жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн министрлер кабинети бир катар багыттар боюнча тынымсыз иштерди алып барып жатканын билдирди.