https://sputnik.kg/20260607/1101761258.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө кайберендерге аңчылык кылган браконьерлердин аракетине каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат... 07.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-07T16:59+0600
2026-06-07T16:59+0600
2026-06-07T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/07/1101761092_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8c065b15282afa3d7d6e0d011a6ac3f8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө кайберендерге аңчылык кылган браконьерлердин аракетине каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, мындан ары күтүүсүз текшерүүлөр, купуя келген маалыматтар аркылуу браконьерлерди колго түшүрүү ыкмалары дайыма жүрүп турат. "Жакында эле Суусамырда окуя катталды. Ал эми аркар-кулжанын айып пулу 1 млн 500 миң сом, ак илбирсти атса 2 млн сом. Ар бир жаныбардын, канаттуунун убалы, ага жараша салынчу айып пулу каралган", - деди ал. Ошондой эле Дайырбек Орунбеков Ала-Арча паркында тартылган кийиктердин видеосун жарыялап, алар жайбаракат, кишиден коркпой, оттоп жүргөнүн көрсөттү.
Бишкектеги Киев көчөсү 10 күндөн кийин реконструкцияга жабылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. “Көчө толугу менен жабылбайт, өтмөктөр алмаштырылат. Айрым кесилиштер ачык бойдон калат. Жылуулук тармактарынын өтмөктөрүн жаңылоо пландалууда”, — деди ал.
7-июндан 8-июнга чейин күндүн ысышына жана нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Мындан улам ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы жарандарды бул күндөрү селден улам коопсуздук эрежелерин так сактап, тоого, тоолуу аймактарга, кооптуу жерлерге барбай турууну эскертти. Кокустан кырсык болсо, 112 номерине байланышууну айтышты. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик жана жарандык коргонуу кызматтары арыктарды, сел өтүүчү каналдарды тазалап, жээктерин бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Эске салсак, кечээ кечинде Ысык-Көлдүн Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда сел жүрүп, анын кесепетинен бир адам каза болду.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы маанилүү окуя, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн ишениминен жана эл аралык аренадагы бийик аброюнан кабар берет. Мындай пикирин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын шайланышын өзгөчө белгилеп өткүм келем, ошондой эле Зимбабвени да жеңиши менен куттуктайм. Достук мамиледеги бул өлкөлөргө БУУнун Коопсуздук кеңешинде ийгиликтүү ишмердүүлүктү каалайбыз", — деген Захарова билдирүүсүндө. Ошондой эле ал Австрия менен Португалиянын шайланышы боюнча пикирин билдирип, бул мамлекеттер кеңеште БУУнун принциптерин толугу менен сактаарына ишеним арткан. Захарова Россия өз кезегинде чыр-чатактарды ыкчам жана натыйжалуу чечүү, ошондой эле БУУнун дүйнөлүк иштердеги борбордук координациялоочу ролун калыбына келтирүү кызыкчылыктарынын негизинде Коопсуздук кеңештин бардык мүчөлөрү менен кызматташууга даяр экенин кошумчалаган.
Өлкөдө кайберендерге аңчылык кылган браконьерлердин аракетине каршы чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, мындан ары күтүүсүз текшерүүлөр, купуя келген маалыматтар аркылуу браконьерлерди колго түшүрүү ыкмалары дайыма жүрүп турат. "Жакында эле Суусамырда окуя катталды. Ал эми аркар-кулжанын айып пулу 1 млн 500 миң сом, ак илбирсти атса 2 млн сом. Ар бир жаныбардын, канаттуунун убалы, ага жараша салынчу айып пулу каралган", - деди ал. Ошондой эле Дайырбек Орунбеков Ала-Арча паркында тартылган кийиктердин видеосун жарыялап, алар жайбаракат, кишиден коркпой, оттоп жүргөнүн көрсөттү.Бишкектеги Киев көчөсү 10 күндөн кийин реконструкцияга жабылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди. “Көчө толугу менен жабылбайт, өтмөктөр алмаштырылат. Айрым кесилиштер ачык бойдон калат. Жылуулук тармактарынын өтмөктөрүн жаңылоо пландалууда”, — деди ал.7-июндан 8-июнга чейин күндүн ысышына жана нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады. Мындан улам ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы жарандарды бул күндөрү селден улам коопсуздук эрежелерин так сактап, тоого, тоолуу аймактарга, кооптуу жерлерге барбай турууну эскертти. Кокустан кырсык болсо, 112 номерине байланышууну айтышты. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик жана жарандык коргонуу кызматтары арыктарды, сел өтүүчү каналдарды тазалап, жээктерин бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Эске салсак, кечээ кечинде Ысык-Көлдүн Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда сел жүрүп, анын кесепетинен бир адам каза болду.Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы маанилүү окуя, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн ишениминен жана эл аралык аренадагы бийик аброюнан кабар берет. Мындай пикирин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. "Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын шайланышын өзгөчө белгилеп өткүм келем, ошондой эле Зимбабвени да жеңиши менен куттуктайм. Достук мамиледеги бул өлкөлөргө БУУнун Коопсуздук кеңешинде ийгиликтүү ишмердүүлүктү каалайбыз", — деген Захарова билдирүүсүндө. Ошондой эле ал Австрия менен Португалиянын шайланышы боюнча пикирин билдирип, бул мамлекеттер кеңеште БУУнун принциптерин толугу менен сактаарына ишеним арткан. Захарова Россия өз кезегинде чыр-чатактарды ыкчам жана натыйжалуу чечүү, ошондой эле БУУнун дүйнөлүк иштердеги борбордук координациялоочу ролун калыбына келтирүү кызыкчылыктарынын негизинде Коопсуздук кеңештин бардык мүчөлөрү менен кызматташууга даяр экенин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/07/1101761092_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_63abfc502623867ec14b74041fc8b50e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио