00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Маршрутка сүзгөн келиндин жолдошу: кызым эмчек издеп жатат

© AFP / ARMEND NIMANI Проблема миграции в Европе
Проблема миграции в Европе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-февралда Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда Элебесов көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан ак түстөгү кичи автобус эне-баланы сүзүп кетип, апасы ошол жерден көз жуумп, наристе аман калган.

Каргашалуу кырсыктан эмчектеги наристе энесинен гана эмес, бир бутунан да ажырады. Чүрпөнүн учурдагы абалынан кабар алганча Sputnik Кыргызстан агенттиги каза болгон келиндин жолдошу менен да байланышты.

Ажалга аз калганда…

34 жаштагы Жазгүл Өмүрбекова ал күнү 1 жаш 8 айлык кызы Жумайымды көтөрүп алып жолдун аркы өйүзүнө өтөм деп турганда аны ак түстөгү кичи автобустун айдоочусу сүзгөн. Үрөй учурган окуя видеокөзөмөлгө түшүп калган. Ымыркай аман калганы эменен энеси ошол жерден мүрт кеткен. 

Эмчек издеген наристе

Эки жашка чыга элек Жумайым катуу жаракат алгандыктан дарыгерлер анын бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбековдун айтымында, учурда наристенин абалы туруктуу. 

© Фото / предоставлено Жыргалом ЧотоновымМаршрутка сүзүп кеткен келин жолдошу Жыргал жана 1,8 жаштагы кызы Жумайым менен
Жазгул Омурбекова погибшая в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка сүзүп кеткен келин жолдошу Жыргал жана 1,8 жаштагы кызы Жумайым менен

"Кыз бизге 9-февраль күнү түшөөрү менен операция жасалды. Анын бутун сактап калууга аракет кылдык, бирок бир буту үзүлүп, сөөктөрү бырчаланып кетиптир. Операцияны кийин протез салууга ылайыктап жасадык. Бирок протез салынаар-салынбасын азыр так айта албайбыз. Ымыркай азыр реанимациядан палатага которулду", — деди Өмүрбеков.

Келиндин жолдошу Жыргал Чотоновдун учурда бир буту үйдө болсо, бир буту ооруканада. Жалгыз кызынын тезирээк сакайып кетишин Кудайдан тилеп отурган чагы.

Детская больница в Париже - Sputnik Кыргызстан
Өлүм менен 28 саат алышкан бөбөк. Арсландын эмнеден чарчаганы аныктала элек
"Келинчегимди туулган жери Аксы районуна коюп келдик. Кудай боору ооруганбы, кызым жок дегенде аман калыптыр. Жалгыз балабыз болчу. Аны азыр өзүмдүн 56 жаштагы апам кароодо. Ага болбой "апалап" энесинин эмчегин издеп ыйлап жатат. Мени болсо тааныбай койду. Байкушум, бир буту жок, апасыз калганын азыр түшүнө да элек…", — деп жашыды Жыргал.

Чотонов Бишкекте батирде турат, үй-бүлөсүн тигүү цехинде иштеп бакчу.

"Бишкекке Баткенден 2005-жылдары эле келгенбиз. Ортодо үч жыл жубайым экөөбүз тең Россияга барып иштеп келдик. Кызым ошол жактан төрөлгөн. Жазгүл болсо бала менен үйдө эле болчу. Бир жакка бараарда мага айтып койчу, ал күнү сыртка чыгарын кеп деле кылган эмес. Кырсык экен, аны арабыздан алып кетти, кызым экөөбүз жалгыз калдык", — деди Чотонов.

Кырсыктын күнөөкөрү

Обильный снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
60ка чыкмак... "Тазалыктагы" унаа коюп кеткен аял иш издеп Миң-Куштан келген
Ал ортодо Бишкек милициясы эне-баланы коюп кеткен айдоочу камакка алынганын кабарлады. Маалыматка ылайык, айдоочуга 281-берененин экинчи бөлүгү (жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу) боюнча айып тагылган. Ал эми кыздын атасы Жыргал Чотонов учурда кырсыктын күнөөкөрү тарабынан материалдык жардам берилип жатканын кошумчалады.

Ылайым энени баладан, баланы энеден ажыратпасын. Бирок бул дүйнөдө баланы аябаган канкор да аялдар бар экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0