00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

60ка чыкмак... "Тазалыктагы" унаа коюп кеткен аял иш издеп Миң-Куштан келген

Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын санитардык тазалоо боюнча улук мастери Нурлан Дөкөнов кырсык болгонго чейин бир саат эрте өзүнө тиешелүү аймактарын текшерип жүрүп, Айнура Султаналиеваны иштеп жаткан жеринен сүрөткө тартып кеткен.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын унаа коюп кеткен кызматкери Айнура Султаналиева 26-февралда 60 жашка чыкмак. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Тазалык" муниципалдык ишканасынын санитардык тазалоо боюнча улук мастери Нурлан Дөкөнов билдирди.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Бишкектеги Байтик баатыр менен Түштүк магистралдын кесилишинде көчө шыпырып жүргөн аялды унаа коюп кетип, ал ооруканага жетпей жан берген

© Фото / пресс-служба МП "Тазалык""Тазалык" ишканасынын унаа коюп кеткен кызматкери Айнура Султаналиева
Смертельный автонаезд на сотрудницу МП Тазалык - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" ишканасынын унаа коюп кеткен кызматкери Айнура Султаналиева

Дөкөнов кырсык болгонго чейин бир саат эрте өзүнө тиешелүү аймактарын текшерип жүрүп, Айнура Султаналиеваны иштеп жаткан жеринен сүрөткө тартып алган.

"Мен эртең менен дайыма өзүмө тиешелүү объектилерди текшерип чыгам. Бүгүн да 6:30дарда кыдырып жүрүп Айнура эжеге жолугуп калдым. Байтик баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишин шыпырып жүрүптүр. "Күн жылыганга кумдар чыгып калыптыр, ошол кумду шыпырып, бүгүн бүтүрүп коем" деп адатынча берилип иштеп кетти. Бир жарым сааттан кийин телефонума чалышып эжени унаа сүзүп кеткенин кабарлашты. Барсак, Тез жардамга салып, бирок унаа жыла элек экен. Беш мүнөткө жетпей анын үзүлүп калганын айтышты", — Дөкөнов.

Ишкана кызматкеринин айтымында, Султаналиева "Тазалыкта" Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылынан келип иштеп жаткан.

Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта Nissan Cefiro менен Honda Stepwgn кагышып, бир айдоочу каза тапты
"Ал бизде коомдук аймакты тазалагыч болуп 2016-жылдын аягынан бери эмгектенчү. Өтө жоопкерчиликтүү адам эле. Баягы катуу суукка карабай өз аймагында 6:30да болуп калчу. Аны менен кошо ишканабызда 30 жаштагы уулу да коомдук аймакты тазалоочу болуп иштечү. "Кызымдын кыздарын багам, тапкан акчам батирге кетип жатат" дегенинен 12-кичи райондон бир бөлмөлүү жатаканага жайгаштырганбыз. Сөөгүн соттук-медициналык экспертизага текшерүүгө алып кеткен. Эртең туулган жерине жөнөтүлөт го…", — деди Дөкөнов.

"Тазалык" ишканасы каза болгон маркумдун жакындарына материалдык жардам көрсөтө турганын кошумчалады.

Бишкек милициясынын маалыматы боюнча, 60га таяп калган аялды Honda Elysion автоунаасын айдап бараткан 44 жаштагы тургун Түштүк магистраль менен чыгышты көздөй кетип баратып коюп кеткен. Айдоочунун мас эместигин наркологиялык кароо тастыктаган. Учурда кырсык боюнча тергөө жүрүүдө.

Үч жылда Бишкекте жол кырсыгынан "Тазалыктын" 6 кызматкери каза болуптур.

Жаңылыктар түрмөгү
0