"Ак аюу" Мамасалиев: максатым — UFC чемпиону болуу
"Ак аюу" каймана аты менен элге таанылган мушкер Мыктыбек Мамасалиев UFC чемпиону болуу максаты бар экендигин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, JFC турниринде Мыктыбек Мамасалиев украиналык атаандашы Юрий Проценкого жеңилип калган.
"Бүгүнкү күндө ММА Кыргызстанда абдан жакшы өнүгүп келе жатат. Мушкерлерибиз да күчтүү. Жакшы мүмкүнчүлүктөрүбүз да бар. Учурда Тилек Машрапов АКШда машыгып, UFC турнирлерине катышуу аракетин көрүп жатат. Башка спортчулар Олимпиада оюндарына барууну көздөшсө, биз UFC турнирлерине катышсак деп максат коебуз. Менин да максатым ошол", — деди Мамасалиев.
Ал чемпион болууну ар бир мушкер көздөй тургандыгын кошумчалады.