Билими:
— 1995-2006-жылдары Шаңкол орто мектебинде билим алган;
— 2006-2011 жылдары Ош мамлекеттик университенин педагогикалык факультетинде окуган;
— 2013-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алып келет.
Жетишкендиктери:
— Бокс боюнча КРдин эки жолку чемпиону;
— 2010-жылы бокс боюнча спорт чебери;
— 2008-жылы ММА боюнча Евразия мелдешинде чемпион;
— 2014-жылы Казакстанда өткөн "Alash Pride" турниринин эки жолку жеңүүчүсү (эки беттештин аралыгы төрт күндөн);
— 2015-жылы Молдовада өткөн ММАдин WMMAF версиясы боюнча дүйнө чемпиону;
— 2015-жылы Москва шаарында өткөн "Элдердин достугу" турниринде кубоктун жеңүүчүсү;
— 2015-жылы өткөн JFC ММА турниринин жеңүүчүсү;
— 2015-2016-жылдары WEF Global 3,4 турнирлеринин жеңүүчүсү;
— 2016-жылы Казакстанда өткөн "Alash Pride" турниринин эки жолку жеңүүчүсү;
— 2017-жылы Екатеринбургда өткөн AFC "Охотники за головами" эл аралык турниринин жеңүүчүсү.
Спорттогу каймана аты — Ак аюу.
Бою — 185 сантиметр.
Салмагы — 93 килограмм.
Дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү 10-2-0.
"Жаш күч" спорт клубунун мүчөсү, машыктыруучулары — Замир Сыргабаев, Дүйшөн Төрөкулов, Акжол Ажибеков.
Спорттон тышкары ишкерлик менен алектенет.