Айтматовдун калеминен жаралган шедевр чыгармалар бүткүл адамзатты тилектештикке, инсандык асыл сапаттарды сактап калууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен жуурулушуп өмүр сүрүүгө чакырат. Калемгердин чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, өз окурмандарын таба алган. Жүздөгөн тилдерге которулду, аалам тааныды, кыргызды, кыргыз жерин таанытты.
Жараткан берген талант менен дүйнөнү багындырган Айтматовдун акылмандыгын, маани-маңызы терең сөзүн эл эңсеп, анын чыгармаларын кайра-кайра окугандан тажабай келет. Ал эми чет элдик окурмандар улуу жазуучу өскөн жерди, элди көргөнгө куштар.

1/14
© Фото / из архива семьи Айтматовых
Быйыл Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо 89 жашка чыкмак

Чынгыз Айтматов кениялык коноктор менен Чүй облусундагы "Кегети" совхозунда

3/14
© Фото / из архива семьи Айтматовых
Залкардун тукуму болуу өзүнчө бир бакыт болсо керек. Гениалдуу жазуучу үй-бүлөсү менен

4/14
© Фото / из архива семьи Айтматовых
Чыңгыз Айтматовдун ысымы Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институтуна ыйгарылган

Айтматов түштүк африкалык адабиятчы Макиване менен. Гана Республикасындагы Азия жана Африка элдеринин IV тилектештик конференциясы, 1965-жыл

6/14
© Фото / из архива семьи Айтматовых
Айтматовдун чыгармаларынын негизинде кыргыз кино өнөрүндө да шедевр кинотасмалар жаралган

7/14
© Фото / из архива семьи Айтматовых
2000-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы негизделген

Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүнүн II эл аралык кинофестивалы. Жазуучу Айтматов менен синегалдык актриса Исса Ньянг

9/14
© Фото / из архива семьи Айтматовых
Эки залкар. Кандай сонун ирмемдер! Манасчы Саякбай Каралаев менен Айтматов

Жазуучу дачада балдары Санжар жана Аскар менен чөп чаап жаткан учуру

Москвадагы СССР жазуучуларынын IV съезди. Солдо биринчи турган Расул Гамзатов, оң жагында биринчи Айтматов. 1967-жыл

Айтматов Кыргызстанга мейманга келген жазуучулар менен

13/14
© Фото / из семейного архива Айтматовых
Чыңгыз Айтматов кызы Ширин жана уулу Элдар менен

Кыргыз ССРинин эл жазуучусу "Көк-Сай" совхозунун жашоочулары менен

