Караанына зар болдук! Авиакырсыктан жакындарын жоготкондордун азыркы жашоосу

Жазылуу
2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача Су айылына учак кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылып, 15 киши жабыркаган. Бул күнү айрымдары ата-энесиз калса, кээ бири баласын жоготуп, ал тургай бүтүндөй бир үй-бүлө темир канаттын алдынан чыкпай калган.

Андан бери 11 ай өттү. Жай бүтүп, кыш да кирип келди. Кычыраган суукта кырсыктан жабыркагандардын абалын билүү максатында Sputnik Кыргызстан агенттиги Дача Су тургундарынан кабар алды.

Көмүскөдө эч ким калган жок

Кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенованын айтымында, жабыркаган, жакындарын жоготкондорго өкмөт тараптан колдоо көрсөтүлүп, баары үй-жайлуу болушкан.

Эскиз мемориального комплекса жертвам авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Дача Суда авиакырсыктан каза болгондорго эстелик тургузулат. Эскиз
"Эч ким көмүскөдө калган жок. Мен өкмөт менен жабыркаган тараптын ортосунда көпүрө болдум. Үйү жок калгандардын баарына өкмөт каалаган жеринен үй алып берди. Көбү Ош облусуна кетишти. Айрымдары шаар ичинен алышты, айтор, нааразы болуп эч ким калган жок. Элибизге, өкмөткө ыраазыбыз. Кырсыкта менин да үч балам каза болгон. Бул биз үчүн айыккыс дарт, бирок жашоо улана берет экен, эми каза болгондорго кырсык болгон жерге эстелик тургузалы деп жатабыз", — деди Шейшенова.

Жакшылык, Султан

Авиакырсыкта ата-эне, бир туугандарынан ажыраган Жакшылык менен Султан азыр чоң ата, чоң апаларынын колунда. Жакшылыктын чоң атасы Шералы Сатыбалдиевдин айтымында, небереси учурда Бишкек шаарындагы түрк лицейлердин биринде билим алып жатат. Бирок аны тасмага түшүрүүгө макулдугун берген жок. Буга чейин ал мамлекеттен, элден чогулган акчага баласына үй алып берилгенин айткан.

Ал эми Султан Манас айылындагы мектепте билим алып жатат. Султандын чоң апасы да небересин тасмага тарттыруудан баш тартып, азырынча жайына коюуну суранды. Буга чейин чоң атасы Рахат Сыдыков балага соттун чечими менен чоң энеси камкорчу болгонун айткан.

"Биздин небереге боору ооруп, колдоо көрсөткөн элибизге, өкмөткө ыраазыбыз. Жардам жакшы эле берилип жатат, Султандын абалы деле жакшы. Бирок анын жарасын чукуп, кайгыга салгыбыз келген жок. Ошондуктан азырынча тасмага тартып, бушайманга салбай эле коелучу", — деди Султандын чоң апасы.

Чүрпөсүн жоктогон ата-энелер

2016-жылдын 16-январында Шайырбек Калбековдун да үй-бүлөсүндө чоң жоготуу болгон. Ал бир күндө апасы, карындашы, инисинин баласы, таежеси жана жалгыз уулунан айрылган.

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу - Sputnik Кыргызстан
Көчөдөн көргөндөрдү ата-энесине окшоштуруп... Дачадагы Жакшылык менен Султандын абалы
"Суук кабарды биз Россияда иштеп жүргөндө уктук. Иним экөөбүз келинчектерибиз менен ошол жакта иштеп, балдарыбызды апам карап берчү. Шум ажал баарын бир күндө алып кетип, бизди буту-колу соо эле мунжу кылып койду. Кайра келчүдөй же бир жакта жүргөндөй сезилип азыркыга чейин ишене албай келебиз", — деди Калбеков.

Авиакырсыкта мерт болгон Айбол Шайырбек Калбеков менен Нурзина Зикированын жалгыз баласы болчу. Акырындан өздөрүнө келе баштаган жубайлар балалуу болсок деп дарыланып жаткан учуру.

"Тытынып акча табабыз деп чет жерде жүрүп балабыздан ажырап калдык. Үй-бүлөбүздүн теңи жок. Көрсө баары табылса да өмүр, бала табылбайт экен. Азыр балалуу болсок деп даярданып дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатам", — деп жашыды Зикирова.

Руслан Белеков менен Махбуба Сатыбалдиева да авиакырсыкта 7 жана 14 жаштагы эки кызын жоготкон. Ал күнү Руслан Белековго "атасы каза болду" деген кабар келип, кыздарын кошунасыныкына таштап, жубайы менен Нарынга жөнөп кетишкен. Бирок атасын жерге бере электе кайра кыздарынан суук кабар келген.

Автомобиль на фоне выставка Wellness Череп в Вене - Sputnik Кыргызстан
Мас айдоочунун колунан көз жумган небере менен таене. Канттагы кырсык кандайча болгон
"Операция жолу менен төрт кыз төрөдүм, төртөө тең бизге буюрбаптыр. Авиакырсыктан каза болгон эки кызыма чейин эки кызым бири чарчап калса, дагы бири 3 жашында жол кырсыгынан көз жумган. Кирейин десем жер катуу, айла жок экөөбүз бири-бирибизди тиктеп отуруп калдык. Эми төрөй албайм. Ошондуктан бала багып алсакпы деп жатабыз. Өкмөт бизге болгон жардамды көрсөттү, үйлүү кылды. Азыр алаксып мал карап, турмуш-тиричилик менен алекпиз. Болгону жанымда кыздарым жок", — деди Махбуба Сатыбалдиева.

Белгилей кетсек, авиакырсыктан жабыркагандар жана каза болгондордун жакындарына түрк компаниясы тарабынан компенсация төлөнүп бүткөн. Ошондой эле өкмөт буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат ачык-айкын жана адилеттүү бөлүштүрүлгөнүн билдирген.

Ошондой эле жай мезгилинде авиакырсыктан каза болгондордун жакындары Анталияга барып эс алып келишкен. Мындай аракеттер ошол кездеги биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүк комиссия түрк тарап менен болгон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында ишке ашкан. Түркиялык авиакомпания маркумдардын 39 жакынын эс алдырууга кеткен чыгымын өзүнө алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0