Көчөдөн көргөндөрдү ата-энесине окшоштуруп... Дачадагы Жакшылык менен Султандын абалы

© AP Photo / Vladimir VoroninКрушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эки бала тең чоң ата, чоң энелеринин колунда чоңоюп жатышат

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Дача айылындагы авиакырсыктан тоголок жетим калган жети жаштагы Жакшылык Шералиев менен Султан Сыдыковдун азыркы абалын билүү максатында Sputnik Кыргызстан агенттиги балдардын чоң аталары менен байланышты.

Белгилей кетсек, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, ал 39 кишинин өмүрүн алган. Кырсыктын чоо-жайын КМШнын мамлекеттер аралык авиациялык комитети иликтеп жатат.

Жакшылыктын чоң атасы Шералы Сатыбалдиевдин айтымында, учурда небересинин абалы жакшы, реабилитациялык борбор, жайкы лагерлерге барууда.

"Кудайдын буйругуна көнбөгөндөн башка айла жок, акырындап өзүбүзгө келип, белди бекем бууп оокат кыла баштадык. Жакшылык болсо алаксып ийримдерге катышып, жайкы лагерлерге барып жатат. Жакында эле 10 күнгө Ысык-Көлгө барып келди. Ага карабай лагерлерге чакыруу сунуштары көп келүүдө. Бирок алардын көбүнөн "кечке эле Көлгө бара беремби" деп балам баш тартып койду. Азыр футболго барат, күнүнүн теңинен көбү ошол жакта өтөт. Ал эми мамлекеттен тийген акчага болсо балабызга үй алып бердик. Жардам берем дегендердин азыр деле аягы сууй элек. Баарына рахмат, бизде буюрса баары жакшы", — деди Жакшылыктын чоң атасы.

Ал эми Султан Сыдыковдун чоң атасы Рахат Сыдыков балага соттун чечими менен чоң энеси камкорчу болгонун айтты.

Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Дача айылында жабыркагандарга Түркия тарап августтун аягына чейин жөлөк пул берет
"Мамлекеттин жардамы тийгенде эле Султандын үйүн алып бергенбиз. Бөлүнгөн каражатка нааразы эмеспиз. Неберем жакында эле Түркияга реабилитациялык борборго барып келди. Ысык-Көлгө жайкы лагерде эс алып жатат. Аны кээ бир адамдар "багып алабыз" деп да чыкканынан соттун чечими менен чоң энесин камкорчу кылып койдук. Эми 18 жашка чейин анын кандай маселеси болбосун чоң апасы жооп берет. Бирок бала деген бала да, кээде отуруп алып ата-энесин, бир туугандарын эстейт. Көчөдөн ошолорго окшогон бирөөнү көрүп калса да ушундай адам көрдүм деп айтып бизди жашытат. Бирок баламдын абалы жакшы. Психологдорго көрсөтсөк алар да "жылыш бар, мурдагыга караганда абалы жакшы" деп айтышты"— деди Сыдыков.

Эске салсак, авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга ӨКМдин атайын эсебине чогулган акча апрель айында таратылган. Анда атайын эсепке жалпысынан 100 миллион 499 миң 300 сом чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0