Михаил Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында аскер фельдшердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 19 жашында Верный шаарындагы гимназияны аяктап, кийин Санкт-Петербург шаарындагы политехникалык университетте билим алган.
Жаш кезинде эле революциялык ишмердүүлүгүн баштап, бир нече аймактын аскер комиссары болуп иштеп, Орто Азияда басмачыларга каршы күрөшкөн.
Белгилүү аскер кол башчысын эки жолу өлүм жазасына тартуу чечими кабыл алынып, бирок өкүм сүргүн менен алмаштырылган. Фрунзе 1925-жылы 31-октябрда Москва шаарында көз жумган. Анын ысымын азыркы Бишкек шаары 65 жыл бою алып жүргөн.

Ат араба айдап бара жаткан 31 жаштагы Михаил Фрунзе, 1916-жыл

2/11
© Фото / мемориальный дом-музей им. М.В. Фрунзе
Михаил Фрунзе жубайы менен

Михаил Фрунзе жана уулу Тимур менен кызы Татьяна, 1925-жыл

Аскердик академиянын начальниги Михаил Фрунзе жана дыйкандар, 1924-жыл

Михаил Фрунзе бир нече аймактын аскер комиссары болуп иштеген, 1918-жыл

6/11
© Фото / мемориальный дом-музей им. М.В. Фрунзе
Михаил Фрунзенин ата-энеси жана бир туугандары

Михаил Фрунзе Москва шаарындагы Кызыл аянттагы парадда, 1923-жыл

Семен Буденный, Климент Ворошилов жана Михаил Фрунзе, 1920-жыл

Михаил Фрунзе спартакиада катышуучуларынын алдында, 1925-жыл

Түркстан фронтунун командири Михаил Фрунзе Ташкент шаарындагы митингде, 1920-жыл

СССРдин аскердик иштер боюнча эл комиссары Михаил Фрунзе III Бүткүл союздук съезддин катышуучулары менен, 1925-жыл

