Куудул Келдибек Ниязовдун айылга каты. Оозун аңырдай ачкан кемпир жана күлкү

© Фото / из семейного архива Келдибека НиязоваКыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРдин Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен. Архив
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРдин Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НовостиTelegram
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРдин Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов айылга кат жазып, адатынча окурмандарга жылмаюу тартуулады.

Калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Меңди Мамазаированын айылга каты. Пушкиндин кыргыз эмес экенин укканда кайгырып...
Салам кат! Мен ушул сагынычтуу салам катымды алыскы Теңир-Тоонун Нарын районунун Куланак айылында жашап, иштеп жаткан айылдаштарыма, туугандарыма, таякелериме, классташтарыма жолдоп отурам. Эр жигиттин үч журту болот дешет. Алар – Ата журт, тая журт жана кайын журт дешет, ал эми менин бардык журтум — Куланакта. Ушул айылда балалыгымдын эң бир сонун убактары өткөн. 5-класстан тарта колхоз ишине аралашып, чөпкө, кой кыркымга, апийим тилип коргонго, сакманга тартылдык. Ошондогу эң биринчи кылган ишибизге жараша маяна алып, өпкөбүз көөп, аны үйгө, апабызга алып келген күндөр эсимде.

1969-жылы мектепти аяктап, Фрунзе шаарына келген кез. Калаанын кооздугу, тазалыгы өзүнчө керемет. "Ала-Тоо" кинотеатрында киного кирип, маңдайындагы "Соң-Көл" ашканасынан тамактанчу элек. Ал кезде көргөнүбүз эки эле кинотасма: бири — согуш жөнүндө, экинчиси — индиялыктардыкы. Согуш киного киргенде "биздикилер жеңсе экен" деп жатып сеанс бүтөт. Ал эми Индия киносуна киргенде залдагылардын баары бышактап, ыйлап чыгар эле. Ал кезде азыркыдай чөнтөк телефон жок. Шаардан көргөндөрдү айылга кат менен тизмектеп жазчубуз. Үйдөн ата-энеден жооп кат келгенде айылга барып келгендей боло түшөр элек.

© из семейного архива Келдибека НиязоваКыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРдин Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРдин Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов

Соройгон бой менен танка айдап…

Анан I курсту бүткөндө армияга алып кетти. Болгондо да алыскы Германияда соройгон боюм менен танка айдап калсам болобу! Мына ошондо алыста жүрүп, салам каттын кадырын аябай билдик го. Сагынып көзгө жаш келип ашыгып жазган катың бир айда араң айылга, чогуу окугандарга жетет. Алар шашпай жооп жазып, ортодо бир ай өтөт. Ошентип үч айда баягы сагынган катың келет. Аны окугандан кийин 3-4 күн айылды, ата-энени, туугандарды, өзүң баскан тоо-ташты элестетип жүрүп, сагынычың азаят. Анан кайра эле кат жазмай. Германияда милдет өтөгөндөр билет, эки жыл үйдөн посылка албайсың, отпускеге келбейсиң. Көргөн-бакканың жалаң салам кат жазмай, анын жообун күтмөй.

Толтой Мураталиевдин айылга дүң болгон каты

Президент сообщества Кыргыз тили Раимжан Курбанов - Sputnik Кыргызстан
Раимжан Курбановдун айылга каты. "Добрый вечер, катасы болсо кечир"
Кеп нугу кат болгондуктан Толтой Мураталиевдин студент кезинде апасына жазган каты эске түштү. Талаа-түздө жүргөндө Толтой айтып берип, күлдүрүп калар эле.

Ал төмөнкүчө экен. "Мени Чоң-Кеминден ой-боюма койбой күчтөп алып келип, атам Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга окутуп коюшту. Эмнени окуп жатканымды деле билбейм, мектепте кыйратып деле окуган эмесмин. Жазганды, окуганды билбесем, элестетип көргүлө. Ошентип октябрь аяктап, күн сууктай баштады. Айылдагыларга кышкы кийимдеримди берип жибергиле дейин десем, кат жаза албайм. Айлам кетип жогорку курста окуган Текембай агамдан сурандым. "Чоң-Кеминдеги апама кат жазып бересизби, каттагандардан кийимдеримди берип жиберсин" десем макул болду. Бир топко чейин жазды, мени конвертке чуркатты. Баягы катты бүттү да, чаптады. Эми салып кел деп почтого чуркатты. Көрсө, оңбогон Такем катты мындайча жазган экен.

© из семейного архива Келдибека НиязоваКелдибек Ниязов кесиптеши Асанкул Шаршенов менен
Народный артист Кыргызстана, юморист Келдибек Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Келдибек Ниязов кесиптеши Асанкул Шаршенов менен

Этногородок в ущелье Кырчын Иссык-Кульской области в рамках II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбек Жанжигиттин айылга каты. Мен көмүлгөн боз дөңдөн абай салып жатармын...
"Алыскы Чоң-Кеминдин аркыраган абасын оозун аңырдай ачып, эчтемеден кабарысыз дем алып жаткан Мураталынын кемпирине. Ошонун атын алган окуу жайда жалаң бешке окуп, аз убакытта орусчаны семичкедей чаккан уулуң Толтойдон привет. Апа, мага тезинен шырмал жана шырмал, чокой жана чокой, эт жана эт, чучук жана чучук, май жана май, нан жана нан, тумак жана тумак жана дагы толгон-токойлорду кишиден бербей өзү алып кел" деп жазыптыр. Баягы катты алары менен "жетим жетилет деген ушу, Толтоюмдан кат келиптир" деп апам шолоктоп ыйлап, өзү окуганды билбегендиктен, башкармага окутат. Менин "катым" Чоң-Кеминге дүңк эле дей түшөт. Элдин кеп кылганы эле, күлгөнү эле менин катым. Өзүнчө эле анекдот….Бейкапар сабакта отурсам, көтөрүнүп эле апам кирип келсе болобу. Мураталынын кемпири болсо. Директор, завучтар артынан ээрчип алышкан. Көрсө, мен Күрөңкеевдин уулу болгондуктан мага тамакка деп эки эселеп талон берилет экен. Кышкы, жайкы кийимдер берилет экен, сабатсыз болсом, анысын кайдан билем" деп боорду эзген эле.

Куланакка барып келгендей болдум

Ушул сагынычтуу катты жазып жатып, киндик кан тамган Куланагыма барып келгендей, Кара-Тоонун чокусу "Эки балага" чыккандай болдум. Нарын дайрасына чөмүлүп, балык кармаган күндөрдү эске түшүрдүм. Тоонун шыбагын, кой кыркындагы жүндүн чыбашын жыттагандай болдум. Ушуну менен айылыма жазган сагынычтуу катыма точке коёюн. Эмне демекчимин, бар бол айылым, бар болгула айылдаштар, туугандар, таякелер, классташтар.

Сагынычтуу салам катым менен уулуңар, куудулуңар Ниязов Келдибек (Душка).

Жаңылыктар түрмөгү
0