Коңур-Жазым!
Коюнуңда жашабаймын эбактан,
Айылдаштар мени, балким, унуткан.
А бирок да, сен жашайсың канымда,
Көздөн учуп, тоо-таштарың сагынткан!
Сен даркерсиң, сүрө турган күнүмө,
Сен дабаасың акыныңдын үнүнө.
Эртели-кеч элестейсиң тынбаган,
Энекемдин эрбеңдеген түрүнө! — деп жазган элем айылыма арнаган ырларымдын биринде.
Жыландын шаштысын кетирген кичинекей тентек кыз
Мен төрт уулдун арасында жалгыз кыз элем. Беш жашыма чейин ыйлаак болуптурмун. Кежирлигимде, шоктугумда чен жок эле. Жыландын куйругунан кармап алып тегереткенде башы айланып, жалдырап жатып калчу. Аны кармап алып, мойнуңа салам деп далайлардын жүрөгүнүн үшүн алдым…
Биздин согуштан кийинки муун жалаң кат менен кабарлашчу муун эле. Анда телефон, телеграф деген түшкө кирчү эмес. Кат жазышуу мектеп партасынан башталган. Албетте алгачкы балалык сүйүү колубузга калем алдырып, ак барактарга роза гүлү менен булбулдун сүрөтү тартылып, "…айылдын жолу катыраң, алтыным сени эстесем, уктабай таңды атырам" деген бизден улуу ага-эжелерибизден көргөн ыр менен башталчу. Жообун жазбаган кыздарга кызыл сыя менен жүрөктүн сүрөтүн тартып, ага канжарды сайып, кыпкызыл тамчылар таамп турган каттар келчү.
Оргуган сагынычтар Озгурга багытталып
Согуштан кийинки мезгилде аскерге кеткен уулдарын зарыгып күткөн энелер. Алардан келген каттардын далайын окуп берип, далай каттарына жооп жазып бергем. Андагы "Оштун үстү, Аксуу бою Төлөйкөндүн атыр жыттуу абасынан дем алып, жашап жаткан ардагым атам жана апама…" деп башталчу армиядан келген каттар. "Мындагы Оштун үстү, Аксуу бою (Ак-Буура дарыясынын суусу дары дешип аздектеп, тергеп Аксуу деп аташчу) Төлөйкөндө жашап жаткан атаң менен апаңдын саламы деп бил…" деп башталчу жооп каттар. Андан бери далай мезгил акты. Оозунан ыр-жомогу куюлуп, көркөмдүккө көкүрөгүмдү ачкан атам Мамазаир менен эмгегине эч акы албай айылдын кийимин тиккен уз апам Тургун эбак чын дүйнөгө аттанып кетишкен. Бирок бир туугандарым, менин алыстан атымды угуп сүйүнүшкөн айылдаштарымдын бала-бакырасы бар. Өз эмгектери менен күн көргөн, мээнеткеч элим бар. Ар биринин короосунда мөмө-чөмө бышып, түркүн гүл жайнаган, кабаттап там салган, бакубат жашоо кечиргендерин көрүп маңдай жарыла кубанам. Аларды сагынам…
Ойлосом, атам бизге телевизор болуптур
Атамдын кыргыз эл жомокторуна окшобогон жомокторун, ырларын кийин чыгармаларыма колдондум. Балдарым да угуп калышты. Атам, эми ойлосом бизге телевизор да, театр да болгон экен. Жомок айтканда берилгени ушунчалык, дубалдын түбүндө отурган жеринен бөлмөнүн ортосуна жете келгенин эч кимибиз туйбай калчубуз. Атамдын ар бир сөзү жадымда калды. Ал эмес агам менен эжемдин китептен окуган "Жаныш-Байышын" жаттап алып, коңшуларга "окуп" берип, апамдан таяк жегеним эсимден кетпейт. "Куйма кулак" деген лакап атым, андан башка да көп аттарым бар эле… Менин эс-тутумума кийин өмүрлүк жарым Жолон Мамытов да тан берчү.
Мен туулуп өскөн айылымдын батыш тарабында Жолон акын экөөбүздүн салган үйүбүз… Экинчи айылым – кайын журтум. Ааламга Гапар Айтиевдей, акын Жолондой, генерал Расул Раимбердиевдей инсандарды берген Төлөйкөн айылым. Короосунда гүл жайнаган, кабаттап там салган бакубат айылым. Мени келин эмес кызындай көргөн айылым. Биздин чөлкөмдө согуш маалында да, кийин да ачкадан карышкан эч ким болгон эмес деп айтышчу карыялар. Анткени, мөмө-жемиш менен ынтымак баарынан алып калган дешчү. Мээнеткеч, өнөркеч айылдарым аман болгула. Ар бир ыр-поэмаларымда, аңгеме-повестеримде, драма-романдарымда силерден алган башталыш, рух-нур, жаркын бейнеңер калемине күч-кубат алган, силерди сагынган кызыңардын ысык саламын кабыл алгыла!
Урматым менен, кызыңар жана келиниңер Меңди Мамазаирова