Биз бала кезде катты көп жаздык. Аскердеги агаларыбызга жолдогон салам-дубайлар азыр да эсте.
"Арнайм ушу катымды, андагы жакын эмес алыс жерде, кыргыз эмес орус элде, аскердик кызматын өтөп жүргөн агама" деп башталар эле. Андан ары "Сагынычтуу салам кат, сагындырбай жетсин бат" деп улантчубуз.
Экинчи учур кыздарга жазган каттарыбыз. Бир эле айылдасың да, бирок ары-бери шуулдайт эле. "Арнаймын ушул катымды. Алыс эмес, жакын жерде жашап жаткан, орто бойлуу, терең ойлуу, басканы бат, күлгөнү шат" деп анан кыздардын аттарын жазып жолдойбуз. Андан сырткары, эстелик дептерлерди толтурар элек. Досторум менден суранышчу. Андагы чүргөгөн сөздөр али да эсимде. Маселен, "Беш жерде беш жыйырма беш, жүрөккө жүрөк тилектеш" же "жетсе да башың булутка, классташыңды унутпа". Мектепти аяктап кетсек да, бири-бирибизден кол үзбөйлү деп тилек кылар элек. Ал дептерди толтуруп бүтүп, ар ким өзүнө сактап алчу. Анын аягына, "добрый вечер, катасы болсо кечир" деген "шедеврлер" түшүрүлчү.
Өзгөчө миссия — кат жазгыч
Кат деген мен үчүн балалыктын доору, жылуу элестер, тентек кездер, айылым. Кыздарга кат дегенде азыр да жылуу эстеген бир учурду жаза кетпесем болбостур. Эрикпестен отуруп алып, сөздүн гүлүн тандачумун. Эсимде… алигиче. Шермамат досубуз Нартаажы аттуу айылдаш кызды жактырып калыптыр. Чымыным бар менден кат жазып бер деп суранды.
"Балбылдап күйгөн көздөрүң,
Бал тамган таттуу сөздөрүң,
Сүйөмүн сени ар дайым,
Сүйгөнүм менин Нартаажым" деп баягы буюртманы аткардым.
Оштун тегереги бүт өзбек туугандар, менин атым да Раимжан болуп жатпайбы. Марип деген да бир досум бар эле. Ал аймакта Мөнөк аталышындагы жалгыз кыргыз айыл боло турган, ал менин кичи мекеним. Анан баягы досум кошуна Кенжекул айылынан бизге келип окуп калган Калыс аттуу кызга ыр жазып бер деп суранды.
"Топ жигиттер ашыккан,
Кыз сулуусу Калыскан,
Топ жигитке кошулуп,
Ашык болгон Марипжан", — деген саптар жаралды. Ошентип бир топ кыздарга менин калемимден чиймеленген уйкаш саптар узатылган…
Сүйүү каттары. Бартер болгон талант
Менин талантым менин оорумду колдон, жеңилимди жерден алганга кадимкидей курал болгонун азыр жылмайып эстейм.
Аба майдандын тегерегинде пахта талаалар бар. Атам ошол жердин айланасы ченге коон-дарбыз экчү. Кичинекей экенибизге карабай, тыпылдап жардам берчүбүз. Андыктан, түйшүк жетиштүү болчу. Ал эми отун жаргандан тарта жер казганга чейинки жумуштарда балдар келип, жардам беришчү. Албетте, жөн келчү эмес, азыркынын тили менен айтканда мен бартер кылчумун. Алардын кылган иши үчүн отура калып каалаган сүйүү каттарын ыр менен жазып берчүмүн.
Тырмак жоголгондо…
Кат жазып жатып, мектептеги "кызыгың түшкүр, ай" дедирген учурлардын бири менен бөлүшкүм келди. Ал кезде класста "тазалык" деген "кызматты" тыкылдаган кыздар аткарар эле.
Ошол тазалыкчы кыз сабактын алдында жакабыздын таза-кирин, тырмактын алынган-алынбагандыгын, чачтарыбыздын үрпөйүп өсүп кеткен-кетпегендигин текшерип жатып, бир "курмандык" таап чыкты. Аны "туруп тур" деп доскага чыгарып койду. Канча убакыт өткөнүн ким билсин… Ошентип коңгуроо кагылып, эжей кирди да, баягы классташ балабызга суроолуу карады эле, тазалыкчы Батма тырмактары өсүп кеткендигин жар салды.
Тиги бала Батмага "кана тырмак, кана" деди камаарыбай. Көрсө, классташыбыз тырмактарын тиштеп, кемирип жок кылып салыптыр. Аны эстей калганда, азыр да көздөн жаш акканча күлөбүз.
Бизди чоң дүйнөгө жетелеген эже-агайлар
Анан сырттан келип иштеген Канат аттуу агайды эстей берем. Кыздар эле эмес, балдарга таасири өтө күчтүү болгон. Окутканынан сырткары кийингени бир сонун болгондуктан, балдардын баары аны туурап жатып калганбыз. Баарыбыз шымды бычактын мизиндей кылып үтүктөп, машакатка түшөбүз, десеңиз. Ийиктей чимирилип бийлеген вальс деген түшүнүктү киргизди. Кызыгып, далай ирет тердеп-кургап жатып өздөштүрдүк. Азыр баамдасам, алар бизге бардык жактан күзгү жана үлгү болуптур.
Пейилиңизден айланайын, бейтааныш аксакал
Көкүрөгүмө жакшылыктын үрөнүн сепкен дагы бир окуяны эстедим. Чамасы, алты жаштарда болсом керек. Апам менен базардан кайтып келе жатканбыз, колубузда сатып алган оокаттарыбыз бар. Бир киши дарбыз сатып отурган экен, кыязы ал тарапты жал-жал карап, көзүм өтүп баратса керек. Менин кебетемди көргөн бейтааныш абышка, балам, кел деп бизге бир дарбыз кучактатты.
Айылыма эки ооз кайрылуу
Айылдаш ини-карындаштарыма кулагына күмүш сырга катары жакшы окугула, билим алгыла, маданияттын булагына сугарылгыла деп айтар элем. Себеби, маданият — бардык өнүгүүнүн, жакшынын башаты. Анан пейилибиз кенен болсун!
Урматым менен уулуңар, Раимжан Курбанов.