00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Биометрикалык паспорт жараткан ыңгайсыздыктар

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРеализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом”
Реализация проектов программы цифровой трансформации “Таза Коом” - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ID-картасы барлар нотариустун кызматын ээн-эркин пайдаланып, донор болуп кан борборуна барса көйгөйгө кабылбайт. Ал эми биометрикалык паспорту барлар кошумча документтерди чогултуп, ыңгайсыздыктарга туш болуп жатат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Атын атагысы келбеген Кыргызстандын жараны (аны шарттуу түрдө Айбек деп атадык — ред.) жаңы биометрикалык паспортту май айында эле алган.

Жашаган жеринен маалым кат алып келүүнү талап кылган жумушундагы бухгалтер жаңы паспорттун тышында жарандын дареги, үй-бүлөлүк абалы жана паспорттун жарамдуу мөөнөтү жок экенин айткан. Жеке маалыматтардын баары атайын чипке киргизилген.

"Мен бир айдан бери биздин аймакты караган кишини таап андан маалым кат ала албай жүрөм. Жолугуп калсам, бир нечесин алып коёюн деп жатам. Башкалар да сурап калса бере салганга", — деди Айбек.

"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник жаңы паспорттун мыйзамдуулугуна кызыккан жарандарды көп кезиктиргенин айтат.

Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биометрикалык паспортту кантип алууга болот?
"Жаңы паспорттун ээлери мамлекеттик кызматтарды пайдаланууда көйгөйгө кабылып жатат. Ушундай эле маселе нотариустарда, Кайгуул милициясында, кварталдык комитеттерде кездешет. Анткени аларда атайын чиптеги маалыматтарды окуй ала турчу жабдуу жок. Ошол эле учурда жаңы паспорттор мыйзам бузуу менен жасалган деген да туура эмес", — деди Плужник.

Мисалы, жаңы паспортто жеке маалыматтын жоктугунан дарыгерлер донорлордон кан ала албай келген. Бүгүн гана Республикалык кан борборуна жаңы документтеги жеке маалыматтарды окуй турган атайын программа коюлду

Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий катында жаңы паспортто жеке маалыматтар атайын жазылбаганын, буга чейин жарандын жашоосуна кандайдыр бир өзгөрүү киргизилсе бүтүндөй паспортту алмаштырууга туура келген тажрыйба бар экенин айтты.

"Эми үй-бүлөлүк абалы, улуту, жашаган дареги өзгөрсө, жаңы маалыматтар ID-картадагы чипке киргизилип, документти алмаштыруу зарылдыгы жаралбайт. Мындай чечим жарандын паспорт алуусун жеңилдетет", — деп айтылат катта.

Бүгүнкү күндө адам тууралуу кошумча маалыматты "KGZ eID NFC Reader" мобилдик тиркемеси, электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу алууга болот.

"Учурда мамлекеттик органдарга калкка салык төлөмдөрүн ишке ашыруу, медицина, пенсия менен камсыздоо жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн жеке маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында мамлекеттик органдар менен иш жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мында жарандар менен юридикалык жактар үчүн маалыматтар жеткиликтүү, бирок юридикалык документ алуу үчүн Каттоо кызматына кайрылуу зарыл. Каттагы маалымат боюнча мекеменин планында биометрикалык паспорттун көрүнүшүн өзгөртүү каралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0