Кыргызстанда биометрикалык паспортту кантип алууга болот?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабота системы изготовления биометрических электронных паспортов
Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы паспортту (ID-card) жаңысына алмаштыруунун жол-жобосу менен Sputnik Кыргызстандын материалынан таанышыңыз.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 1-майдан тарта Кыргызстанда биометрикалык паспорттор бериле баштады. Ушул жылдын 31-декабрына чейин жарандар жаңы үлгүдөгү паспортторду акысыз ала алышат. Бул үчүн кандай документтерди даярдоо зарыл, кандай учурда биометрикалык паспорт берилбейт, аны чукул убакытта алууга болобу? Ушул жана буга байланыштуу суроолорго Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берди.

Биометрикалык паспорт кадимки документтен эмнеси менен айырмаланат?

Жаңы идентификациялык картада электрондук (микросхема) чип орнотулган. Анда паспорт ээсинин персоналдык жана биометрикалык маалыматтары, өз кол тамгасына тең келген электрондук үлгүсү камтылган.

Мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эржигитов: биометрикалык паспортко жаран тууралуу 19 маалымат камтылды
Биометрикалык документтин артыкчылыгы эмнеде?

Жаңы паспортто 22 коргоочу элемент бар, анын жасалмалоо абдан кыйын. Андан сырткары, санариптик кол тамга мамлекеттик электрондук кызматтарды үйдөн чыкпастан эле пайдаланууга жол ачат.

31-декабрга дейре паспорт алууга үлгүрбөй калсам, мага айып салынабы?

Жок, бирок 2018-жылдан тарта документтин бекер берилиши токтотулат. Азырынча тарифтер такталууда, бирок биометрикалык паспорт да мурдагы үлгүдөгү документтин баасынан айырмаланбайт.

ID-card гана биометрикалык болобу же жалпы жарандык паспорттор дагы алмаштырылабы?

Быйыл ID-card гана алмаштырылат, кийинки жылдан баштап биометрикалык жалпы жарандык паспорттор да киргизилет.

Биометрикалык паспортту алуу үчүн кандай документтер керек?

Алмаштыруу үчүн мурдагы ID-card гана керек. Эгер алгач ирет паспорт алып жаткан болсоңуз, ата-энеңиздин паспортторун, катталган жериңизден маалымкат жана туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк көрсөтүүңүз зарыл.

Паспортту алмаштыруунун жол-жобосу кандай?

Паспорттук бөлүмгө баш багасыз, адистерден кеңеш алып, сүрөткө түшөсүз. Андан соң операторго электрондук кезек аласыз, ал алмаштырат, манжа изин тартып, паспорттун көчүрмөсүн жасайт. Булардын баары аткарылгандан кийин сизге маалымкат берилет, ушуну менен туура 12 иш күндөн кийин биометрикалык паспорт колуңузга тиет. Кийин аны активдештирип, төрт орундуу жашыруун ПИН-код ойлоп табасыз.

Катталган шаарымдан башка жерде жашасамчы?

Эч нерсе болбойт. Документ алмаштыруу катталган аймакта эмес, кайрылган жерде жүргүзүлөт.

ID-card жоготуп алгандар жаңы паспортту кантип алса болот?

Паспортун жоготуп алгандар калкты тейлөө борборуна туулгандыгы жана нике тууралуу күбөлүгүн (эгер никеде турса) алып келип жаңы паспорт алуу үчүн арыз жазышы керек. Анын негизинде беш күндүн ичинде корутунду чыгарылат. Мындай процесстерден кийин жарандын паспорту 12 иш күн ичинде даяр болот. Эң негизги талап паспорт ала турган адамдын каттоосу болуусу шарт.

Паспортту тез арада даярдатса болобу?

13-майдан тарта жарандарга 2-4-8 күндө ID-card даярдатып алууга шарт түзүлдү. Бирок аны буга чейин биометрикалык каттоодон өткөн адамдар гана ала алышат. Ага карата тарифтер төмөнкүчө: 8 иш күндүн ичинде — 1150 сом, 4 — 1500 сом, 2 — 1660 сом. Ал эми 12 иш күндө даяр боло турган паспорт бекер берилет. Ошондой эле калкты тейлөө борборунан паспорт үчүн сүрөткө түшүү бекер. Ал эми жалпы жарандык паспортторду тез арада даярдатуу тарифи төмөнкүчө: 8 иш күндүн ичинде — 2520 сом, 4 — 2830 сом, 2 — 3140 сом. Эгер 18 күн ичинде алсаңыз бекер берилет.

Мурда кошумча акыга жарандар паспортун үйдө туруп да алмаштыра алышчу. Биометрикалык паспорттор мындай жол менен берилеби?

Мамлекеттик каттоо кызматынын мобилдик топтору баса албаган жарандардын үйлөрүнө барып, акысыз кызмат көрсөтүшөт. Ал эми башка кыргызстандыктарга мындай кызмат көрсөтүү азырынча талкууланып жатат.

Эгер биометрикалык маалыматтарды мурда тапшырбасам, кандай болот?

Документ алмаштырып жатканыңызда тапшырасыз. Бирок биометрикалык маалыматтарды тапшыруудан баш тартсаңыз, документ да ала албайсыз.

Эгер паспортту алмаштыруу үчүн менден пара талап кылышса, эмне кылуу керек?

Тезинен Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборунун жетекчисине кайрылууга тийишсиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0