БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москвада эки кыргызстандык жаран канализациялык кудукта иштеп жаткан жеринен кырсыкка кабылып, каза тапты. Бул туурасында РИА Новости https://ria.ru/incidents/20170622/1497105365.html Россиянын борбордук ыкчам кызматына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, Москванын батыш жагында канализациялык кудуктарды оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан 5 жумушчу каза болгон. Алардын экөө Кыргызстандын, дагы экөө Украинанын жана бирөө Россия жараны болгон.
“Тереңдиги 10 метрдик канализациядан суу сордуруп жаткан алты жумушчу кырсыкка кабылган. Алардын бешөө набыт болуп, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн”, — деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтар боюнча жумушчулар метанга ууланып каза болгону айтылууда.
Ал эми Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги РИА Новости агенттигине кысыктын келип чыгуусуна жер алдындагы түтүктөрдү курууда техникалык коопсуздуктар сакталбаганы себеп бологонун билдирген.