БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит дагы бир түстүү байпагынын сүрөтүн жарыялады.
Дипломат буга чейин Twitter баракчасына кош салыкты жоюу боюнча макулдашууга кол коюуга кийип бараткан түстүү байпагынын сүрөтүн койгон. Ал соцтакрмактын кызуу талкуусуна кабылган.
How about today's socks? pic.twitter.com/M7yXKdKLSM
— Robin Ord-Smith (@RobinOrdSmith) 14 июня 2017 г.
Эми элчи Sputnik Кыргызстан агенттигинин аккаунтунун алдына "бүгүнкү байпагым кандай экен?" деген собол менен экинчи байпагынын сүрөтүн жарыялаган.