БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Салттык ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы Москва шаарында өткөн эл аралык турнирде беш алтын медаль алганын спорттун аталган түрү боюнча федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Турнир 17-22-февралда өтүп, ага 20 мамлекеттен келген 800дөй спортчу катышкан.
Кыргызстандын беш спортчусун федерациянын вице-президенти Наталья Нещерет жетектеп барган. Алар ушу таолу боюнча күч сынашкан.
Алтынга Жанболот Козубеков, Абдулмажид Абдурахманов, Адил Мусаев ээ болсо, федерациянын вице-президенти Наталья Нещерет эки алтын медаль алган. Ал эми Азирет Мусаев күмүш байгеге татыган.