АЛА-БУКА, 28-дек. — Sputnik. Ала-Бука райондук соту баптист динин тутунган делген маркум 76 жаштагы кемпирдин мүрзөсүнүн казылышы боюнча алгачкы сот отурумун өткөргөнүн аймактык кабарчы билдирди.
Сот иши 27- декабрда өтүп, ага маркумдун кызы жана жоопкерчилиги каралып жаткан тараптар менен күбөлөр чакырылган. Жооптуу тараптар менен күбөлөр суралып, күбөлөрдүн толук келбей калганына байланыштуу сот отуруму 4-январга жылдырылды.
Белгилей кетсек, 2016-жылы октябрь айында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа аймагында жергиликтүү тургундар 76 жаштагы кемпирди баптист динин тутунган деп жергиликтүү мүрзөгө көмүүгө уруксат беришкен эмес. Ошентип маркумдун сөөгү үч жолу жерге берилген болчу.
Эске салсак, мүрзөнү казып салуу боюнча беш жаранга кылмыш иши козголгон. Алардын бири 26-декабрда качып жүргөн жеринен Бишкек шаарында кармалган. Мыйзамга ылайык мүрзөнү казгандардын күнөөсү далилденсе, үч жылга чейин камалуусу ыктымал.